УБАДАГА ТАК «ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕССТИН» СЪЕЗДИ ЭЛГЕ ЧОӉ ҮМҮТ БЕРДИ

Кыргыз саясат айдыӊында бүгүнкү күндө 200гө чукул саясий партия бар. Чынында бардыгынын салмагын, сапатын, аталышын эстей албайсыӊ. Көрүнүктүүлөрү саналуу гана. «Өнүгүү-Прогресс» партиясын Кыргызстандагы ошол көрүнүктүү партиялардын бири десек аша чапкандык болбос. Адегенде саясий кыймыл катары түзүлүп, 2012-жылы гана каттоодон өткөн «Өнүгүү-Прогресс» кыска убакыттын аралыгында элдин ишенимине ээ боло алгандыгын танып болбойт. Бул факт. Аталган партиянын дароо эл оозуна алынып, ишеним жарата алгандыгынын жандырмагы жөнөкөй. «Өнүгүү-Прогресс» айткан убадасын аткарат.

АКСАКАЛДЫН СӨЗҮН ЭСКЕ АЛГАН ПАРТИЯ ЛИДЕРИ
2015-жылдын 12-майында Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын отчёттук съезди өттү. Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз саясий партиялары отчёттук съезд жыйындарын чанда өткөрүшөт. Бул жагынан алганда «Өнүгүү-Прогресс» өзгөчөлөнө алды. Партия лидери Бакыт Төрөбаев саясий кеӊештин мүчөлөрү менен биргеликте эл менен эсептешип, калайык калктын алдында 2 жыл аралыгында кандай иштер жасалгандыгы тууралуу кенен токтолуп отурду.
Жогорку Кеӊештин депутаты, аталган партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев: «Бир ирет Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылына эл менен жолугушууга бардык. Ошондо бир аксакал «бизге өкмөттүн кишилери, депутаттар келишет, баары убада беришет. Бирок кийин бири да өз сөзүнө жооп бербейт» деп айтканын угуп, эл алдында эмне иштерди жасагандыгыбыз тууралуу отчёт берип туруубуз керек экен деген ой келген. Мына ошол ойлорду ишке ашырып, отчёттук съезд өткөрүп жатабыз»,- деп иш-чаранын тарыхына токтолду.
Буга катар Бакыт Эргешевич Кыргызстанды өнүгүүгө жетелей турган бир катар факторлорго жана учурда жергебизде болуп жаткан айрым көйгөйлөрдү кантип чечүүгө боло тургандыгы боюнча бир катар ойлорун айтты. «Өнүгүү-Прогресс» бүгүнкү күндө агрардык багыттагы партия болуп калды. Биз элге үмүт бере баштадык. Дыйкандарды, фермерлерди колдоону уланта беребиз»,- деген партия лидери Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн колдонуп калуу зарылдыгына да токтолду. Бул үчүн төрага ирригация системин өнүктүрүүгө, жашылча-жемиш өстүрүүгө, мал чарбасын жана кайра иштетүү тармактарына багыт алууну сунуштады. «Эгерде инвестиция алынып келинсе, анда Кыргызстандын айыл-чарбасындагы «алтын доорду» күтсө болот. Биздин максат – «Кыргызстан өнүккөн агрардык республика» деген макамды кайтаруу»,- деди эл өкүлү.

СУУ ТОВАР БОЛУШУ КЕРЕК
Буга катар миграция маселесине токтолгон Бакыт Төрөбаев Орусияда жашап-иштеп жүргөн мекендештер тууралуу да кеп козгой өттү. «Орусиянын 15 шаарын кыдырып, кыргызстандыктар менен жолуктук. Бардык жолугушууларда мекендештерибиз «биз Кыргызстанга кайткыбыз келет» дешти. Кыргызстанда миграция маселеси туура эмес жүргүзүлгөндүктөн биз бүгүнкү күндө чет жерди эӊ арзан жумушчу күч менен камсыз кылган өлкө болуп калдык. Кара тизмеге кабылган миӊдеген жарандарыбыз жумушсуз калышты. Мекендештерибиз өз өлкөсүндө, жакындарынын жанында болуп татыктуу жашоо үчүн завод-фабрикаларды, кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, айыл жеринде логистикалык борборлорду ачуу менен жардам бере алабыз. Баш аламан миграцияны токтотобуз»,- деди. Сөз арасында айта кетүүчү жагдай, «Өнүгүү-Прогресс» учурда өлкө боюнча 15 МТС ачып, миӊден ашык жумушчу орундарын түзө алган бирден бир партия.
Андан ары сөз улаган Бакыт Эргешевич «суу – Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердигинде товар болушу керек» деп билдирди. «Кыргыз дыйканы кыргыз өкмөтүнө сууга акы төлөйт, а эмне үчүн өзбекстандык фермер төлөбөшү керек?»,-деп суроо салды Төрөбаев. Анын айтымында, Кыргызстандан бекер суу алган коӊшулар тийиштүү акысын төлөшү зарыл. «Азыр бул маселени айтуудан корксок, анда 10 жылдан кийин суубузду курал менен коргогонго аргасыз болобуз»,- деди партия лидери.

ЧЫНЧЫЛ ПАРТИЯ
Буга катар Бакыт Төрөбаев акыркы кезде көп кеп козголгон Баш мыйзамды өзгөртүү маселесине да токтолду. «Баш мыйзам 8 ирет өзгөрүптүр. Бирок андан элдин турмушу өзгөрдүбү?! Эл жөнүндө дагы эле сөз козголбой жатат. Эл дагы четте калган турат. Мыйзамдар эл үчүн иштөөсү керек. Бийлик элде болуусу кажет»,- деген Бакыт Эргешевич «Өнүгүү-Прогресс» бийликке мыйзамдуу жол менен бара тургандыгын баса белгиледи. «Ушул жерде отурган партиялаштарым, силер бардыгыӊар эл өкүлү болгонго, элге кызмат кылууга татыктуусуӊар! Биз бирге өнүгөбүз!»- деди Төрөбаев.
Мындан тышкары съезддин жүрүшүндө жер-жерлерден келген делегаттардын ойлору, каалоолору угулду. Кыргызстандын булуӊ-бурчунан келген карапайым адамдар, дыйкандар, фермерлер «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жасап жаткан иштерге тереӊ ыраазычылык айтышып, буга катар парламенттик шайлоодо талапкерлердин арасында айымдардын, жаштардын көп болушу керектигин сунушташты. Чын-чынына келгенде сахнада отурган партиянын саясий кеӊешинде да, катышып жаткан делегаттар арасында жаштардын, айымдардын ар түрдүү улуттагы карапайым адамдардын отургандыгы партия мүчөлөрүнүн ою бир жерден чыккандыгын кабарлап турду. Съездге катышып отурган делегаттардын дээрлик бардыгы «Өнүгүү-Прогресс партиясы калпычы боло элек, айтты аткарды» деп баса белгилешти. Партия жетекчилеринин жер-жерлерге барып дыйкандарды машина-трактордук станциялар менен камсыз кылганы, алыскы аймактарда таза суу көйгөйүн чечип бергени, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, спорт залдарын оӊдоого кошкон салымдарын, калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүп, улут саламаттыгына кайдигер карабаганы карапайым калктын жүрөгүн жылыткандыгы айдан ачык байкалып турду.

САНДАР СҮЙЛӨЙТ
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2012-жылы 17-февралда Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. 2013-жылы экинчи съездде партиянын аталышы «Өнүгүү-Прогресс» болуп өзгөртүлүп, Бакыт Төрөбаев партия лидери болуп шайланган.
2012-2013-жылдардагы жергиликтүү кеӊештерге болгон шайлоолордо «Өнүгүү-Прогресс» 10 шаарда шайлоого катышып, 1-3 орундарды ээлеген. Учурда жергиликтүү кеӊештерде партиянын 65 депутаты бар. Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы, Кара-Көл менен Көк-Жаӊгак шаарынын мэрлери аталган партиянын мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө партиянын өлкө боюнча 160 миӊден ашуун тарапташтары бар. 2015-жылдын 12-майында Бишкек шаарында болуп өткөн отчёттук съездге республиканын булуӊ-бурчунан 650 делегат катышты.

ЭМНЕ ҮЧҮН «ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС»?
Каныбек Осмоналиев, Олимпиада чемпиону:
– Кийинки муунга өнүккөн өлкөнү өткөрүп берүү идеясын колго алгандыктан «Өнүгүү-Прогресс» партиясына кошулдум. Саясатка аралашайын деген ниетим жок болчу. Эми ушул партияга үмүт артып отурам. Эл үчүн таза иштеп бере турган мезгил келди. Саясатка бир барсам, «Өнүгүү-Прогресс» менен барам, болбосо таптакыр барбайм.

Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти:
– Бул партиянын улуттук баалуулуктарды коргоо, маданиятты көтөрүү туурасындагы пикирлерин толугу менен бөлүшөм. Кыргыз деген кандай улуу эл болгондугун даӊазалап айтып отурса сөз түгөнбөйт. Улуттук баалуулугубуз, өткөн тарыхыбыз менен эле биз дүйнөгө таанымал боло алмакпыз. Партиянын катарынан орун алдым. Буюрса, биз эл ырыскысын коргогон, бюджетти жедирбеген партия болобуз.

Рабия Кулматова, Баткен облусу, Сүлүктү шаарынын тургуну:
– Кыргызстанда өз убадасына тура билген, катарына жалаӊ маӊдайы жарык адамдарды чогулта алган – бул «Өнүгүү-Прогресс» партиясы. Алардын платформасында Кыргызстандын өнүгүшүнө түрткү боло турган бардык факторлор бар. Биз бирге өнүгөбүз!

Бактыбек Жаркынбаев, Ош облусу, Алай районунун тургуну:
– Эмне үчүн? Убадасын так аткарып жаткан жападан жалгыз партия «Өнүгүү-Прогресс» болсо, анан биз кимди тандашыбыз керек? Мына тээ алыскы Алайга барып, акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Эми машина-трактордук станциялар менен камсыз кылат деп турабыз. Убаданы баары берет, аны аткара билген бул «Өнүгүү-Прогресс»!

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sesh_elya
2015-05-19 11:35:07
Чынында мен бул партияны билчу деле эмесмин. Ар кандай жарнамалык шиттерден коруп кезектеги шайлоодогу пиар деп ойлогом бирок айылга барып (Тору-Айгыр) элден уктум чынында эле жакшы иштеп жатыптыр тракторлорду алып беришиптир. Буюрса ушу партияга добуш берем.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан