1-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү. «Супер-Инфо» гезити ушул күнү гана жеткинчектерди эстеп, алар тууралуу макала даярдабастан, балдар маселесин дайым көтөрүп келет. Кыргызстандагы балдар кандай билим алышат, кантип ийгиликтерге жетишет, кандай күндөрдү башынан кечиришет, дегеле эмне менен алек болушат? Калктын ар түрдүү катмарынан жаш каармандарды таап, алардын жашоо-турмушу менен сиздерди тааныштырабыз.
«КҮНҮГӨ 200-300 СОМДОЙ ТАБАМ»
Күн шооласы эбак эле тоо артына жашынып, айлананы караӊгылык каптай баштаган маалда «Ош базарынын» жанынан өтүп баратып, жол боюнда коробка чогултуп жаткан балага көзүм токтоду. Маектешүүгө ашыгып жанына басып бардым. Өзүн Кылымбек Чыӊгыз уулу деп тааныштырган каарманым турмушу жана жумушу тууралуу буларды айтып берди:
-13 жаштамын. Ош облусунун Түз-Бел деген айылында төрөлгөм. Азыр Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаӊы конушунда жашайбыз. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусумун. 2-класска чейин айылда окугам, азыр Бишкектеги №81-мектепте 6-класста окуйм. Атам курулуш иштеринде иштейт, апам болсо базарда соода кылат жана базардын ичин шыпырат. Айлыгы 6 миӊ сом. Күнүгө сабактан чыккандан кийин апама жардам бергени агам жана иним болуп базарга келебиз. Күндүз таштанды көп болсо 1 сааттай, караӊгыда базар жабылган соӊ дагы 1-2 сааттай базардын ичин тазалаш керек. Апам шыпырат, а биз коробка чогултуп, аны кагаз алган жайларга 1 килограммын 3 сомдон өткөрөбүз. Эгер таштанды көп болсо, 200-300 сомдой таап апама берем. Ал болсо үйгө тамак-аш алат. Кээде бизге кийим алып берет.
Бул жакта сабактан кийин иштеп жүргөнүмө 4 жылдай болду. Апам кыйналбасын деп ага жардам берип, ак эмгек менен акча тапкандан классташтарымдан уялбайм, тескерисинче, сыймыктанам. 2-3 жолу бул жерде бир туугандарым менен коробка чогултуп жүрсөк, милиция кызматкерлери келип «Бул жакта эмне кылып жүрөсүӊөр, ата-энеӊер кайда?» деп участокко алып кетишкен. Анан атам келип бизди чыгарып кеткен.
«СҮЙГӨНҮМӨ ЭМГЕКЧИЛ БОЛСОМ ЖАГАМ»
-Келечекте Атай Өмүрзаковдой бийчи, анан сүрөтчү болгум келет. Атай Өмүрзаковдун бийлегенин телевизордон көрүп, өз алдымча туурап үйрөнүп алгам, роботтой болуп бийлеп берейинби? (ред. каарманым сөзүнүн ушул жерине келгенде мага «Атайчасынан» бийлеп да берди) Кээде үйдө отуруп зериккенде сүрөт тартам. Айылда окуп жүргөндө мектептен сүрөт тартуудан жана окуудан алган Ардак грамота, дипломдорум бар эле, алар айылда калды. Азыр деле кагазга, таш бетине сүрөт тартып мектепке алып барсам мугалимдерим мактап, кээ бирлерин «мектептин архивине коёбуз» деп алып калышат.
Мындан тышкары футболго кызыгам. Бир жолу акция жүрүп мен 2 топ, бөбөгүм 1 топ утуп алганбыз. Бош убактым болгондо ал топторду алып чыгып коӊшу балдар менен көчөдө футбол ойнойбуз. Бир классташ кызымды жакшы көрөм. Анын жакшы окуганы, тыкан жүргөнү жагат. Эгер эмгекчил болсом, ал да мени жактырат деп ойлойм.
«ЭГЕР МЕН ПРЕЗИДЕНТ БОЛСОМ...»
-Мурда президент болгум келчү. Эгер президент болсом көчөлөрдү оӊдоп, кедейлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып бермекмин. Шаардын тазалыгын сактоого кам көрүп, таштанды ташыган машиналарды көбөйтүп, көчөгө таштанды калтырбайт болчумун. Жаман жолго баргандарды, уурулук кылган балдарды кармап, тарбияламакмын. Мындан тышкары чоӊ кишилер кичинекей балдарды уурдаганын, ата-энелер балдарын көчөгө таштап кетишкенин азайтышса Кыргызстан оӊолмок. Мен өзүмдүн ата-энеме ыраазычылыгымды билдиргим келет. Көп бир тууган болсок да бизди таштабай багып-чоӊойтуп, окутуп жатышат. Мугалимдериме да ыраазымын. Айылдан келгенде анча окуй алчу эмес элем, азыр ударникке жетейин деп калдым. Көбүнчө музыка, сүрөт жана орус тили сабактарына кызыгам.
Коробка тапшыруудан кечигип калбасын дедиби же бул жакта «конкуренция» күчпү, айтор, каарманым мени менен маектешип көпкө туруп калганынан апасы ары жактан «тезирээк бул жактарды тазалай салалы» деп чакырып калды. Аз өтпөй базардын ар кайсы тарабынан коробка көтөргөн 20га чукул чоӊ кишилер, аялдар чыгышып, күн батыш тарапка жөнөштү. Арасында аларды ээрчиген жаш балдар жүрөт. Бешиктен бели чыкпай жатып мындай оор жумушка байланган балакайларды карап бир чети бооруӊ ооруса, бир чети ата-энесинин колуна кол, бутуна бут болуп жардам берип жүргөндөрүнө ичиӊ жылыйт.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg