КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУ: БАЛБАНДАРЫБЫЗ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТЫШТЫ

6-майдан 12-майга чейин Катардын борбору Доха шаары балбандар борборуна айланды. Анда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул мелдешке катышкан ата мекендик спортчуларыбыз беделдүү ийгилик жаратып кайтышты.

ЭРКИН КҮРӨШ
Азия чемпиондугунда алгач эркин күрөш боюнча мелдештер орун алды. Мында Кыргызстандын курамасынан жалпы 7 спортчу күч сынашмак. Чү дегенде эле өзүн жаӊыдан көрсөтүп келе жаткан Самат Надырбек уулу (57 кг) финалга дейре бардык өз салмагындагы атаандаштарын тизе бүктүрүп, финалда упай эсебинде жеӊилип калды. Азия чемпиондугу тууралуу өзү ой бөлүшөт:
– Былтыркы Азия чемпиондугунда коло медалга илинсем, быйыл күмүш медалга татыдым. Бул да болсо алдыга болгон кадам деп эсептейм. Эӊ башкысы, өзүмө болгон ишеним күчөгөндөн күчөөдө. Финалдык таймашта Монголиянын өкүлү Эрденебат Бехбаярга каршы туруп, упайлар эсебинде алдырып ийдим. Кийинки мелдештерге мындан да катуу даярдануу керектигин түшүндүм.
Адилет Маматаев (61 кг) жана Муслим Евлоев (74 кг) 5-орунду ээлеп калышса, ал эми «Инчхон-2014» Азия оюндарынын коло медалчысы Эламан Догдурбек уулу (70 кг) мында да коло медалга татыды. Ийгиликтүү башталган жосунду оор салмактагы балбандарыбыз улантты. Алсак, 97 килограмм салмакта тажрыйбалуу балбаныбыз Магомед Мусаев финалда ирандык Мохаммадхоссейн Аскариге жеӊилип, күмүшкө арзыды.
Эӊ оор делген салмакта дагы бир легионер балбаныбыз (125 кг) Айаал Лазарев бардык атаандаштарын ири эсепте утуп, финалда Азиянын учурдагы чемпиону, ирандык Камил Гасемиге каршы турду. Физикалык калыбы мыкты болгон Айаал фаворит делген балбанды да матага жыкты. Таза жеӊиш!
Азия чемпиондугу ийгиликтүү болушуна салым кошкон эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов:
– Мындай ийгилик биздики гана эмес, бүтүндөй элдики деп айтар элем. Бардык кармашуулар өтө татаал болду. Бул медалдардын артында опол тоодой эмгек турат. Машыгууларда төгүлгөн маӊдай тердин жыйынтыгы. Бирок мелдеш учурунда бизден да катачылык кетип жатты. Ансыз болбойт, андай мүчүлүштүктү оӊдоо биздин жумуш. Командалык эсепте 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло менен өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу байгелүү 3-орунга илиндик. Эркин күрөштүн келечеги кеӊ. Эми сентябрда өтүүчү Дүйнөлүк чемпиондукка мындан да катуу даярданабыз.

АЙСУЛУУ БИР КАДАМ АЛТЫНГА ЖЕТПЕЙ....
Кыргыз элинин сүйүктүү кызына айланган «2014-жылдын супер спортчусу» Айсулуу Тыныбекова да бул мелдеште атаандаштарынын чаӊын сапырды. Бирок финалда 3 жолку Олимпиада чемпиону Каори Ичо биздин кызга сабак көрсөттү. 3 мүнөттүк кармашуудагы упайлар эсеби 10:0. Жыйынтыгында мекендешибиз күмүш медалга ээ болду. Спортчу финалдык беттеш тууралуу:
– Колумдан алган жарааттан кийинки биринчи жолу мелдешке чыгышым. 3 айдан бери килем үстүнө чыга элек жаным бир аз башкача болду. Антсе да финалга чейин чыга алдым. Андагы атаандаш силер билгендей, 3 жолку Олимпиада чемпиону Каори Ичо болду. Андан корккон жокмун, өзүмдүн колумдан коркуп жаттым. Чындыгында, аны анчалык күчтүү экен деп деле айта албайм. Болгону абдан тажрыйбалуу спортчу экен. Менде да мүмкүнчүлүк болуп жатты, бирок колдоно алган жокмун. Ал эми атаандашым болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп кетти.



ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ
Эркин күрөш мелдештери жыйынтыкталган соӊ килем үстүнө грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгышты. Башкы машыктыруучу Канат Бегалиев баштаган Кыргызстандын курамасында жалпы 8 балбан катышты.
Өлкөбүздүн тажрыйбалуу балбандарынын бири Арсен Эралиев өз салмагында (59 кг) жарым финалда Түндүк Корея спортчусуна жеӊилип, коло байгеге татыды. Ошондой эле Кыргызстандын куржунуна Руслан Царев күмүш медаль алып келди. Ал 71 килограмм салмагында чечүүчү беттеште ирандык Тахеристартанга утулуп калды. Дагы бир жагымдуу кабарды көптү үмүттөндүргөн балбан Атабек Азизбеков (75 кг) угузду. Ал да бир гана корей Хен Кимге уттуруп, күмүшкө арзыды.
Жаӊыдан эл аралык мелдештерге катыша баштаган жаш балбан Атабек Азизбеков буларга токтолду:
– Мен алгачкы жолу эл аралык мелдешке чыгып жатам. Андыктан тушоо кесүү мелдеши ийгиликтүү болду десем болот. Бирок эч кандай толкундануу болгон жок. Себеби Олимпиада оюндарына катышкан тажрыйбалуу балбандар дайыма акыл-кептерин айтып, мага дем-күч берип жатты. Финалда кичине тажрыйба жетишпей калды. Атаандашым Дүйнөнүн чемпиону экен. Мындан ары да токтолуп калбай, дагы да иштеш керек.
Ал эми айтылуу балбандарыбыз Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев бул жолу медалга илинбей калышты. Ошондой эле Азат Бегалиев, Бексултан Махмудов жана Мурат Рамонов да ийгилик жарата алышкан жок.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучу Канат Бегалиев:
– Бардык беттештер жогорку деӊгээлде өттү. Эркин күрөштө командалык эсепте алгачкы жолу 3-орунга илинсек, грек-рим күрөштө 5-орун жана кыз-келиндер арасында 6-орунга илинип отурабыз. Ошондой эле жаш спортчуларды ушундай мелдештерге алып чыгуудабыз. Ал эми карт бөрү Данияр Көбөнов 2 жарым жылдык тыныгуудан кийин килем үстүнө чыкты. Ал дагы калыбына толук келе элек. Негизги максаттарыбыздын бири – АКШнын Лас-Вегасында өтө турган Дүйнөлүк чемпиондукта ийгилик жаратуу.

Грек-рим балбаны Арсен Эралиев чабуул аракетинде.

Былтыркы Азия чемпиону Руслан Царев быйыл күмүшкө гана татыды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Afina
2015-05-18 17:08:19
Лас-Вегасда качан болот экен?
Ким жетектеп, канча спортчу барат экен? Суранам Супер Инфо маалымат бериниздерчииииии
0
admin_superstan
2015-05-18 18:22:22
Afina, саламатсызбы!
Бул тууралуу маалымат берүүгө аракет кылабыз.
0
priora1982
2015-05-18 18:23:41
Afina, 7-12 сентябырда болот чемпионат мира 2015 Лас-Вегас США
0
Afina
2015-05-19 18:57:06
priora1982,
Чооон рахмат.))))
Руслан Тумонбаев жетектеп барат да ээээээ?
-1
dosym
2015-05-18 17:41:14
Балбандар азаматсынар. Ирандыктарды дуйно биринчилигинде утабыз эми
0
Zakash
2015-05-19 00:05:55
Irandyn balbandaryna ataandash ten kelgen bizdin balbandarga dank jana dynk ozynyzdor aitkandai dagy kop ishtesener alardy da jenishiner kymon emes bali !!!
0
akniet7baiken
2015-05-19 16:12:17
Биздин жаш спортчулардан копту умуттонобуз ийгилик!!!
0
Arstan1996
2015-05-20 06:37:57
Алга
0
amantur123
2015-05-20 11:18:01
алга кыргызстан! алга спорт!
0
gumi94
2015-05-20 14:37:41
Молодцы
0
arzibek85
2015-05-20 15:15:17
молодец
0
arzuu.kg
2015-05-21 22:27:08
Саламатсыздарбы супер инфо 20-майда Бангледешке валейбол боюнча кыргызстан курамасы кеткен болчу ошолор жонундо маалымат берип койунуздарчы сураныч. Аракет кылабыз деп жазбай коет экенсиздер
0
admin_superstan
2015-05-22 10:49:21
arzuu.kg, саламатсызбы!
Ал тууралуу кабар жазылды:
http://www.super.kg/kabar/news/113083/
0
beki.kg
2015-05-21 22:57:36
Аллах кыргыз спортчуларына куч кубат берсин!!!
0
dastanbik
2015-05-28 08:21:20
Катардагы Кыргыз диаспорасынын колдоосу аябай чон болду, кыйкырып колдоп тамактар ооруп калыптыр эртеси...
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан