ООРУЛУУГА ИЧИМДИК ИЧҮҮГӨ БОЛОБУ?

«Жаңы жылда ичип коюу күнөө эмес» дешет. Андай болсо канча өлчөмдө? Дасторкондо жайнаган түрдүү ичимдиктердин кайсынысын ичүү менен ден соолукка зыян келтирбөөгө болот? Маалымат ушул тууралуу.

  • Кант диабетинен жабыркагандарга (инсулинге көз карандылар) 1 рюмка арак (коньяк, виски) же кургак ак шарап ичүү залалын тийгизбейт. Бул кандагы канттын деңгээлин бир аз болсо да төмөндөтөт. Эгер оорулуу ошол кезде кантты түшүрүүчү каражатты пайдаланып жүргөн болсо, анда ага ичимдик ичүүгө тыюу салынат. Анткени кокус ичип алса, анда комага түшүп калат.
  • Эгер адам таманынан сыз өткөрүп алып чүчкүрүп калган болсо, анда ага глинтвейн сунушталат. Бул үчүн 1 стакан кызыл шарапка 30 грамм кант, 1-2 гвоздика (татымал), бир аз корица кошуу керектелет. Аралашма 2-3 мүнөт кайнатылып, ысык бойдон ичилет. Ошентип Жаңы жылды да тосуп, ошону менен бирге айыгууга да болот.
  • Жаңы жыл тосордо ичи ооруп, ичи өтүп жаткандар кызыл шараптан 60-70 грамм ичип койсо жакшы. Андай шараптын курамындагы заттар ичегинин иштөөсүн жакшырта алат.
  • Ашказанында жарасы барлардын көптөн бери оорусу козголбой өзүн жакшы сезип жүрүшкөн болсо, анда 15 грамм арак ичип койсо болот. Ал эми ооруп жүргөндөргө болбойт!
  • Ишемия оорусу барлар (жүрөк оору) кызыл шараптан 50 грамм ичишсе болот. Шарап кан тамырлардын капталдарында май түйүнчөлөрүнүн пайда болуусуна жол бербейт.
  • Уйку безинин панкреатит оорусу барлар ооздоруна 1 тамчы да ичкилик албоолору зарыл. Ширелерди да чектеп ичпесе, зарынаны пайда кылат. Жакшысы, минералдык сууларды ичкени туура.
  • Өнөкөт ич катуу оорусуна чалдыккандар жемиштен (алма, карагат ж.б.) жасалган шараптан 100 граммдай татып коюшса уруксат. Жемиш шараптары ичтеги ашыкча жүктөрдөн арылууга түрткү болот.
  • Ич көбүүгө чалдыккандар кызыл шараптан 50-70 грамм ичишсе, маселесинен кутулушат.
  • Гастрити барлар шампан жана лимонаддарды ичпөөлөрү керек. Анткени алардагы көмүр кычкыл газы гастритти курчутуп жиберет. Кызыл шараптан 70-80 граммдай ичкен эле оң.
  • Семиздиктен арыла албай жүргөндөргө да ичкилик ичүүгө болбойт. Эгер ушунчалык эле ичүү керек болсо, анда 1 бокал кургак шарап гана сунуш кылынат. Анткени мындай 100 грамм шарапта 65 килокалорий болсо, арактын 100 граммында 249 килокалорий бар.
  • Гипотониядан (артериалдык кан басымдын төмөндүгү) жабыркагандар бир нече жутум (50-60 грамм) коньяк ичишсе болот. Бирок ашык эмес.
  • Өнөкөт шакыйы барларга кызыл шарап ичүүгө болбойт. Анткени ал баш ооруну козгойт. Арактан 40-50 грамм ууртап койсо уруксат.


Силер билесиңерби?

МАЙДЫ ЭКИНЧИ ИРЕТ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ!

Тамак бышырылгандан кийинки майды кайра колдонууга болбойт. Анткени зыян. Ал эми кандайча зыян экендиги тууралуу маалымат төмөндө.

Тамак бышырылгандан кийинки майды кайра башка тамак даярдоого колдонууга болбойт. Ошондой эле андай майды жылытып, салаттын же дагы бир тамактын үстүнө кошуу да зыян.
Анткени май экинчи ирет ысыганда анда уулуу заттар пайда болуп, тамакка сиңет. Мындай тамактар ашказан-ичегилерди дүүлүктүрүп, организмди алсыздандырат. Акырында ашказан рагы келип чыгышы толук мүмкүн.
Эми көчөлөрдө бат даярдалуучу тамак-аштарды бышырып, саткандарды элестеткиле. Алар майдын үстүнө майды кошуп кечке түтөтүп, фри картошкасын, сосискаларды, пирожкилерди бышырышат. Акыркы калган майды куюп кетип эртеси да колдонушат. Муну жегендер организмине канча зыян алып келип жатканын биле беришпейт.
Кээ бирөөлөр зыян экенин билбей, боорсок бышкан майдын калганына картошка же дагы башка нерсе кууруша турганы жалпыга маалым.
Демек, мурун колдонулган майды экинчи ирет колдонбоо жана көчөдөн фаст-фуд азыктарын сатып албоо керек.


Элдик медицинадан

МАЙРАМДЫН ЭРТЕСИ…

“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, майрамда көп ичип-жеп, эртеси өзүңүздү жакшы сезбей калдыңыз дейли. Же суукта көп жүрүп эски дартыңыз козголду. Мындай учурда элдик медицинадан колдонуп, калыпка келсеңиз болот.

АШКАЗАН ООРУСА, ИЧ КӨПСӨ...
1 аш кашык жалбыздын упадай майдаланганын алып, анын үстүнө 200 грамм кайнаган суу куюлат. Эми муну 2-3 саат демдөө керектелет. Муну 1 жутумдан 1 күндө ичип түгөтүү керек. Бул рецептти ичи көөп же ичи өтүп жаткандар башка дары-дармектер менен кошо колдонсо болот. Эскертүү: Аллергиясы барларга колдонууга болбойт!

ӨТҮҢҮЗДҮН ООРУСУ КАРМАСА...
Өнөкөт холецистит (өттүн сезгениши) кармаса, дарыканадан жүгөрүнүн чачыгын сатып алуу кажет. Бир аш кашык жүгөрү чачыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 1 саат демдейбиз. Даяр дарыдан ар бир 3 саатта 1 аш кашыктан ичип туруу сунушталат.
Ашкабак ширеси да аталган ооруда жардамга келе алат. Ал үчүн ашкабакты эт тарткычтан же сүргүчтөн өткөрүп, ширесин куюп алуу керек. Анан күнүгө эки маал, тамактан 30 мүнөт мурун жарым стакандан ичүү кажет.

ҮН ЧЫКПАЙ КАЛСА...
Майрамда суукта көп жүрүп же муздак көп ичип үн чыкпай калса, анда төмөнкүдөй дарыны жасап колдонууга болот.
Идишке жумуртканын сарысын, 1чай кашык кумшекер, 1 чымчым сода, 1 чай кашык коньяк кошуп аралаштыруу керек. Аралашманы эзүү кезинде тамакты күйгүзбөгөндөй температурадагы сүттү аз-аздан куюп туруу кажет. Анан даяр дары-суюктукту түгөтө ичүү сунушталат.

КАН БАСЫМ ТӨМӨНДӨП, ЖҮРӨК ООРУ КОЗГОЛСО...
Албетте, көбүрөөк оорутса доктурга кайрылууңуз керек. Эгер өзүңүздү жакшы сезбесеңиз, анда уктаар алдында валериананын спирттеги тундурмасын жыттоо керек. Бул үчүн капкагын ачып, улам бир таноо менен бир нече жолу жыттоо кажет. Изилдөөлөрдө валериананы ичкенден көрө жыттоо жакшы экендиги тастыкталган. Анткени валериана денеге өпкө аркылуу киргенде, ичкенге караганда 20 эсе бат сиңирилет.
Валериананы терең эмес 3 ирет жыттоо (ар танооңуз менен) керек.

ЦИСТИТ КАРМАСА...
Уругу, жалбырагы менен кургатылган укроптон 1 аш кашык алып, 300 грамм кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырабыз. Дары-сууну 3 маал, тамактан 30 мүнөт мурда 70 граммдан ичебиз. Дарылануу оору билинбей калгыча созулат.

КАНТИП БАШ ЖАЗСА БОЛОТ?

  • Кара же көк чайды күчтүү демдеп алуу кажет. Анан чайга жарым лимондун ширесин, 2 чай кашык бал кошуп аралаштыруу кажет. Чайды эми кабыл ала берсе болот.
  • Кургатылган алманы же өрүктү сууга салып кайнатып алуу кажет. Даяр болгон компотту муздаганда ичсе жакшы.
  • Эт кошулуп даярдалган кадимки орус щиси да баш жазууда кадимкидей пайда берет.
  • Туздалган кадимки эле бадыраңдын суусун ичүү да ооруган башка “тез жардам” боло алат.
  • Аспириндин 1-2 таблеткасын ичсе да жакшы. Бирок ашказан-ичеги оорусу барларга муну ичүүгө болбойт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан