Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

 (Башталышы өткөн сандарда)

Он эки миӊ кишиси набыт болуп, Абдырахман абтабачы Иса оулияны, беш жүздөй гана аскери менен ээрчитип сепилден чыгып кетти. Ошол маалда генерал фон Кауфман өзү көп аскер баштап, Коконду көздөй келаткан. Насирдин хан тезинен Абдырахмандын жаатын ордодон кууп, дарбазаны жаптырып, Абдырахманды Коконго киргизбей койду да, Кауфманды дарбазадан жөө чыгып, урмат көрсөтүп тосуп алды. Экөө тез эле шартнамага кол коюшту. Ал шартнама боюнча өлкөнүн түндүк тарабы – Нарын суусунун оӊ жээги, стратегиялык мааниси бар Наманган шаары кошо Орусия империясына өттү. Ал аймактын калкына алтын баасы менен 600 миӊ сом көлөмүндө контрибуция салынды. Хан атынын сакталып калышы үчүн Насирдин хан баарына жан деп макул болду.
Генерал фон Кауфман империянын оторчулук кызыкчылыгын жүргүзүүдө кандай ык, кандай күч менен болсо да элдик көтөрүлүшкө каршылык уюштурууга киришти. Маргалаӊ бегинин сарайында Алим хандын тукуму Пулат бек, баягы Шер датка көндүрө албай койгон жүдөө дувана менен жолукту. Исхакты сатып кеткен Атакул баатыр башы алып кирди дувананы.
– Келиӊиз, ханзаада!- деп жылмайып тосуп алды.
Дувана беденин жыйрып, диртилдеп «О Алла, каапырдын жүзүн көрсөтпө, о Алла, тарт чымындай жанымды келмекөй пендем де­сеӊ...» деп кабагы чүрүшүп, өйдө карабай келме келтирип турду.
– Аллага шүгүр, атым Пулат бекдур... Атабыздын аты, бир Алла арбайын жаннати кылгай, Ибрагим бек...
Генералга ушул жооп керек эле. Ал ошол эле жерден Атакул баатыр башын Маргалаӊга бек дайындап, жүдөө дувананы эл алдына чыгарып, ким экендигин айттырууну буюрду.
– Мына! Мына, анык ханзаада Пулат бек! Өз оозунан уккула! Тиги «Пулат бекмин» деп жүргөн безери Пулат бек эмес, ал жүргөн бир селсаяк! Анын аты Исхак!
Эл ичи бушайман. «Ыя, ханзаадабы ушу байкуш?..» «Ай, ким билет? Көз боёп эле жүрөт го булар?..» Бу бечаранын ханзаада экенине ишене албай койду эл. Көбүнүн атайын эле ишенгиси келген жок.
Аракети акталбай калганын тү­шүнгөн жарымпаша эми «дили кат­тыктыгына» өтүп катуу буйрук чыгарды: «Жамы кыштактардын жер­ги­ликтүү билермандарына тегиз жария кылынсын. Эгер кол алдыларындагы эли тополоӊчуларга кошулса, жан тартып жашырса, жардам көрсөтсө – ошол кыштак, айыл таланат, билермандары катуу жазага тартылат!» Бирок тоо дайрасынын кирген кезиндегидей ташкындап алган элди жарымпашанын айбаты токтото албады. Ал согуш министрине минтип жазды: «Наср-еддин хан аскер да, акча да жыйнай албады. Анын Анжиянга, Балыкчыга, Шариханга койгон бектери же аскерден жок, же куралдан жок, куулуп ташталды. Көтөрүлүштүн башына дагы баягы молла Исхак Хасан оглы келди...»
Эл Ботокара кыштагында Исхакты байыркы салт боюнча ак кийизге салып хан көтөрүп жиберди. Булуттай ак боз аргымакчан Исхак Анжиян калаасына Бекназар менен Абдылла бектин коштоосунда, кылкылдаган көп аскерди баштап келди. Дарбазага жакын келгенде аттан түшүп, «бисм-илла рахман рахим...» деп күбүрөй дарбазадан жөө кирип, шаардын топурагын өөп тооп кылган соӊ гана жарданып турган эл менен учурашты.
Махрам сепилин коргоодо аскери кырылып, а Коконго келсе «өзү көтөргөн» жээни Насирдин хан киргизбей коюп, же күрөшкөн элдин ичинде жок, же ордонун ишинде жок кеӊгиреп талаада калып турган убагында жерден тилегени көктөн түшкөнсүп дагы баягы «эмчектеш тууганы» өзү келди. «Э, адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкан соӊ...» деди ал, деги эле эчтеме болбогондой кабагы жадырап. Мүӊкүрөп отуруп башын ийкеди Абдырахман. Ошо «адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкан соӊ» деген накыл кепти бетине кармап, ак байрак көтөрүп, өз жанын оозуна тиштеп, өкүл келди Исхактын алдына. Кеп жүйөсүн аттап өтө албай, баш ийкебей коё албады Исхак дагы. Ботокара кыштагында жүз көрүшмөй макулдашылды.
Коончу абышканын баягы эски короосу. Исхактын өтө жакын адамдары чогулган. Оӊ жагында Абдылла бек, сол жагында Бекназар баатыр, саал артта катчы наиби, белгилүү курама Абдымомун бек, ортодо оӊ бөйрөгүн таянып, эшик жакты карап кумсарып отурду Исхак. Эски коргондун кажыган эшиги кыр-рк ачылып, жөжөдөй ак күп болуп карыган Нарманбет датка, артынан дагы эле сөөлөтүнөн жанбаган, бүркүт кабак Абдырахман көрүндү. Тырмагын жашырган кара мышыктай тымпыйып Иса оулия кирди. Эӊ артта Абил бий. Иреӊинен не кубанч, не кооп көрүнбөйт. Саал ийиле Исхак жакка эл катары таазим кылган түр көрсөткөн соӊ өзүнүн Бекназар үкесине асте жүз багып, асте баш ийкеп, бир уруктун балдары эмеспи, анын да кабагы жазыла калганына көӊүлү жылып, анан боюн качырып, ошол арттагы бойдон токтолуп туруп калды. Биринин терс кебин бирине айтпай, кайра экөбүн теӊ оӊдоп сүйлөп, көӊүлдөрүн ийгерип, бу «эмчектеш» тууганы ара жолдо калганында дагы бир оӊ нукка тартып, тээ илгерки кыпчагын кырдырып алган көйкөйлүү күнүнөн бери өлөйүн деп өлө албай үйүндө чөгүп жатып калган кары датканы ителеп ордунан тургузуп, билги кишиге бул экөвүн өткөн тарыхтан бүгүнкүгө сабак болор бир кейиштүү риваят кылып алып келген ушу кымырылган аяр экени сезилген жок.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jetinur90
2015-05-18 15:53:43
Кыргыздан кеменгер эки Исхак келди эл башына,тилеке каршы экоо тен максатына жетпей кетти. Экоо тен Баткендин Исхагы. Чыныгы эркек,экоо тен орустун курмандыгы болду. Душманга жалгыз таштап койгонбуз.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан