Бишкек жана Ош шаарларында ЭКСТРЕМИСТТЕР акция даярдап жатат деп таратылган маалыматтан улам кармалган 3 адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Ар-намыс фракциясынын лидери ФЕЛИКС КУЛОВ: «Мен сөзсүз күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого талапкер катары катышам. Биздин партия шайлоонун алдында башка партиялар менен да бирикпейт»,- деди.
Өлкөдө 100гө жакын минералдык суу чыккан БУЛАК бар. Учурда аны ЕАЭСтин өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып окуучулар БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫН кийүүгө милдеттүү болот.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө ЫМЫРКАЙ эӊ аз Бишкек шаарында, эӊ көп Нарын, Талас жана Баткен облустарында төрөлөт. Бул көрсөткүч бир аялга туура келген наристелердин санына жараша эсептелген.
«КЫРГЫЗ ИЗИ» деген долбоор старт алганы турат, анда жаш активисттер жакынкы 5-6 жылдын ичинде 5 материкти жөө кыдырып чыгышмакчы.
Кыргызстанда КАЛКТЫН САНЫ 2015-жылдын 1-мартына карата 5 миллион 912 миӊ адамды түздү. Бул тууралуу 13-майда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, СИРИЯДА болуп жаткан жарандык согушка Кыргызстандан 352 жаран кетип, ичинен 31и каза болуп, бешөө мекенине кайтып келген.
20-майдан тарта АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТӨР 10 жылдык убакытка бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, айдоочу жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн күбөлүгүн алмаштыргысы келсе, тиешелүү арыз менен кайрылып, эч кандай сынаксыз ала алат.
Бишкекте 1-апрелден баштап жылытуу жана ысык сууга болгон ТАРИФ жогорулады. Калк үчүн жылытуу энергиясынын 1 гигакалориясы 917 сомдон 1134 сомго, 1 метр куб суу 48 сомдон 64 сомго көтөрүлдү.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө» жарлыкка кол койду. 1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги «Кутадгу билиг» («Куттуу билим») эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Борбор шаардагы КОРОО ШЫПЫРУУЧУЛАРДЫН маянасы совет доорунан бери өзгөрө элек. Алар 100 чарчы метр үчүн 2 сом 85 тыйын алышып, айына орточо 7 миӊ сом колдоруна берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.