Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда насыя берүүчү «Мол булак» ишканасына белгисиз адамдар кирип, иш кагаздарды өрттөп салышты. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 6-май күнү саат 10:00 чамасында болгон. Көбүнчө аялдардан турган жоон топ ишкананын кеӊсесине мыйзамсыз киришип, насыя алгандарга тиешелүү документтерди өрттөп салышкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын-ала маалыматтарга караганда, иш кагаздарды өрттөгөндөр насыяларын төлөй албай калган жарандар болушу мүмкүн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg