12-майда кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, экинчисин Өзбекстан тарапка алып кетишкени кабарланды. Окуя Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Согмент айылынын жанындагы Какырдын тегерегинде катталган.
Маалыматка ылайык, үч кыргыз жараны Өзбекстандын карамагындагы Сох району аркылуу кыргыз мамлекетине мөмө-жемиш алып өтүп жатканда өзбек чек арачылары аларга ок чыгарышкан. Окуя болгон күндүн эртеси өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан 1993-жылкы Мансур Махмуджан уулунун сөөгү жана кармалган 1991-жылкы Шумкар Махмуджан уулу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин айтымында, өлтүрүлгөн кыргыз жараны өзбек-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өткөн. «Мыйзамдуу түрдө өткөрүү пункттары аркылуу чек арадан өтүүнүн ордуна алар уруксат берилбеген жолдон өтүүгө аракет кылышкан. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жарандарын токтотууга аракет кылганда алар угушкан эмес, ошол үчүн өзбек тарап ок чыгарган. Азыркы тапта эки мамлекеттин чек ара кызматкерлери тарабынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деди Маматалиев.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg