«Центерра Голддун» директорлор кеӊеши өзгөрүүсүз калды. Жаӊы курамга 2014-жылы шайланган курамдын бардык 11 кишиси кирди. Бул тууралуу 8-май күнү «Центерра Голддун» акционерлеринин жылдык жыйынында белгилүү болду. Кыргыз өкмөтүн убайымга салган аталган компаниянын жетекчилигин алмаштыруу идеясын экс-премьер Жоомарт Оторбаев көтөрүп чыккан эле. Бирок андай сунуш ишке ашпастан Оторбаев отставкага кеткен.
«Кыргызалтын» ишканасы Эмил Орозбаев, Кылычбек Шакиров, Калыйнур Садыровду директорлор кеӊешине сунуштап, алар акционерлердин 97 пайыз добушун алышты. Айрым саясатчылар Кыргызстан «Центерра Голдго» дагы бир ирет утулгандыгын жана жаӊы куралган өкмөт да, азыркы Жогорку Кеӊеш да «Кумтөр» маселесин чече албайт деген көз караштарын айтып чыгышты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg