КЫРГЫЗСТАН ЕАЭСтин КУРАМЫНДА: ЧЕК АРАДАГЫ ТЕКШЕРҮҮ КАЧАН ЖОЮЛАТ?

8-май күнү Евразиялык экономикалык союздун мүчөлөрү Кыргызстандын аталган бирикмеге кошулушу тууралуу документке кол коюшту. Эми союзга кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын парламенти тарабынан план боюнча жайкы каникулга чейин жазгы сессиянын алкагында келишимди бекитүү процесси калды. Ратификациядан кийин келишим күчүнө кирип, Кыргызстан ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсүнө айланат.

СҮЙЛӨШҮҮЛӨР АКЫРКЫ МҮНӨТКӨ ЧЕЙИН СОЗУЛДУ
Кыргызстан Бажы союзуна кирүүдө эки позиция боюнча бир чечимге келе албай жаткан болчу. Бири Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жеӊилдиктерине тиешелүү болсо, экинчиси ветеринардык текшерүү системине аудит иштерин өткөрүү боюнча эле. Кыргыз-кытай ортосундагы гранттык жана кредиттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынып келинүүчү товарларды ташуу боюнча маселе кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечилди. Тагыраагы, Кытайдан Кыргызстанга коммерциялык ишмердүүлүк үчүн эмес, инфраструктуралык жана социалдык объекттерди курууга товар алып келүүдө жеӊилдиктер каралат.
Кыргызстанга сунушталган ветеринардык лабораториялардын концепциясына келсек, аудитти эки ирет өткөрүү талабы коюлган эле. Кыргызстандын айыл чарба
продукциясы Бажы союзунун рыногуна өтпөй калмак да, алардын продукциялары Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтө бермек. Тараптар эки ирет аудит жүргүзүү керек эмес деп тил табышышты. Кыргыз Республикасы тарабынан ветеринардык текшерүү системи жактырылгандан кийин гана кыргыз-казак чек арасында текшерүү жоюлат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кол коюуга бир саат калганда эксперттер союзга кирген бардык өлкөлөр жана, албетте, Кыргызстан дагы жактырган бир жыйынтыкка келишти. Экономика министри Олег Панкратов эки позиция боюнча жүргөн сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деди: «Акыркы мүнөткө чейин сүйлөшүүлөр уланды, тараптар мунасага келүү үчүн өтө тыгыз иш алып барды».

КАРИМОВ АТАМБАЕВГЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗАӉДАДЫ?
Талкуу жараткан иштер Кыргызстандын ЕАЭСке расмий кабыл алынышы менен эле аягына чыккан жок. Көӊүл борборун дагы бир окуя ээледи. Ушул эле күнү КМШ өлкө башчыларынын бейтариз жолугушуусунда Өзбекстандын алмашкыс лидери Ислам Каримов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө кызаӊдап, кескин сындады.
Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун жеӊишине салым кошкон Кыргызстан тууралуу мындай пикирин айткан: «Бул саммитке бардыгы
(ред. КМШнын курамына кирген өлкөлөр тууралуу)келүүгө мүмкүнчүлүк таппаганы өкүнүчтүү, анткени кандайдыр бир деӊгээлде бул фронтто иштеген ата-бабаларыбызга, апа-энелерибизге сый көрсөтүү эмеспи. Өткөндү эстен чыгарбоо керек, тарыхты унуткан адамды келечек жазалайт. Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү киши согушка аттанган, алардын үчтөн бири согуш майданында кайтыш болгон. Ал мезгилде эч ким жеӊишти бөлүшкөн эмес, баары өз жанын курман кылган»
. Жашы 80ге таяп калган, Өзбекстанды 25 жылдан бери башкарып келе жаткан Каримов бул кепке теригип: «Алмазбек Атамбаевдин кайсы мамлекет улуу жеӊишке кандай көлөмдө кошкон салымы тууралуу сөзүн мен чекилик деп эсептейм. Ошондой эле унутууга аракет кылуу жөнүндө жемеси да орунсуз»,- деди. 9-майга чейин Каримов Москвада өтчү жеӊиш парадына катышпайт делип жаткан. Акыркы күнгө чейин анын барып-барбашы белгисиз болчу. Ошентсе да Каримов 8-май күнү Москвага барып, бирок Өзбекстанга ошол эле күнү учуп кетип, эртеси өтчү парадга катышкан жок. Айта кетүү керек, 9-май Өзбекстанда 1998-жылдан бери Жеӊиш күнү эмес, Аза күтүү күнү катары белгиленип келет. Атамбаевдин Кыргызстандын салымы тууралуу сөзүнө чычалаганы менен, өзбек башчысы өлкөсүнүн жеӊишке кошкон салымын айтып өтүүнү унуткан жок. Алмазбек Атамбаев Ислам Каримов сүйлөп жатканда сөзүн бөлүп «ал менин пикирим болчу» деп айтты. Антсе Каримов Атамбаевди «биз сиздин пикириӊизди илгертен эле билебиз» деди.
Эки башчынын сөз ыргытышканы жөн жеринен эмес. Ал эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин оордугунан кабар берет. Кыргызстан көп жылдар бою Өзбекстанга жаратылыш газынын айынан көз каранды болуп келип, бул кырдаал былтыркы жылы кыргыз жергесинин түштүк аймагы көгүлтүр отсуз калганда өзгөчө курчуган. Бирок кыргыз бийлиги маселенин чечилиш жолун таап, 2015-жылдан тартып Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын газ менен камсыз кылды. «Мен мурунку президенттерге окшоп Өзбекстан менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган жашыруун келишимдерге кол койбойм. Мен башын кашык менен урдурган Акаев эмесмин, жашыруун келишимдерге кол коюуну буюрган Бакиев эмесмин. 2015-жылы энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болобуз» деп көп ирет айтат Атамбаев өз сөзүндө.
Каримовдун кыжырдануусун ушундай жагдайлар менен түшүндүрүүгө болот. Ташкент мындан ары Бишкек менен мамилени таптакыр башка шартта куруп баштоо керектигин кабыл алгысы келбей тургандай.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
baku24
2015-05-18 12:58:34
охоооо,каттуу кетишиптир, чын айтат Атамбаев тарыхты унутсан - келечек сени жазалайт
0
jetinur90
2015-05-18 15:09:25
Отконун унуткан эл келечегин коро албайт. Каримов кантсе да картан карышкыр да,карачы:биз сиздин пикиринизди илгертен билебиз. Бакиев татыктуу противник эле ага. Бир чети Каримов да туура чечим кабыл алган. Эгер согуш кезинде Озбекстанды башкарса согушка катышмак эмес алар. Ошондой кылуу керек болчу жалпы Орто Азия. Бугун балким кыргыздар 10млн болот белек ошондо...
0
aligator93
2015-05-18 17:18:43
коркпой еле озбекстанга бекер агып жаткан сууну токтотпойсунарбы .ошондо тушунот ХХХ ХХХ. жаап салгылачы гестерди дарыяларды .суусуз еч жерде жашоо жок а газсыз жашаса болот!
0
admin_superstan
2015-05-18 18:18:45
aligator93, башка улутту кемсинтүүгө жол жок. 3 күн БАН!
0
albina2010
2015-05-19 12:54:55
aligator93, каримов айткан эгер сууну жапсан 1тамчы суу отсода штраф толойсун деп азырынча биз анчалык денгеелде онуго элекпиз секинден болот баарын жабыш керек
0
Kara-kulzha
2015-05-19 11:16:19
Атамбаевдин ушул сөздөрүн бааладым. Аны жактырбасамда.
0
Zakash
2015-05-19 12:38:42
Атамбаев качандыр бир кездерде ушинтип Кыргызстандын аброюн которуп да суйлоп турушу шарт дайыма эле айланайындар деген сыяктуу создорду суйлой бербей.
0
boston___
2015-05-21 01:27:25
Кудайым колдоп элибиз пейлибиз онолсо мамлекетибизда онолот
0
Sezim.A
2015-05-22 11:05:37
Бирок журт башкаруучу деген ар тараптан болушу керек.И.Каримов,Н.Назарбаев,Путинбуларды мен сыйлайм,себеби бул кишилер кай жерде,кандай иш алпарышты билгендер.25жыл журт башкарды Каримов,а биздечи кетип жатышпайбы качып чекеден,айтайын дегеним Каримовдун созун карагылачы кутуусуздон берилген суроого да аябай таамай жооп кайтарганын жообун ар окуганында ар турдуу ойго келтирет,бул кишилер ишинде да ар кырдаалдуу окуяларга даяр турушат.
0
Kg.lady
2015-05-22 14:11:51
Ошон учун тактан тушпой келе жататда. 80жашта олко башкаруу деген не деген? Азыр 80жаштагы айрым карыялар неберелеринин аттарын толук билбей унтуп калышат, эл башкармак турсун. Акаев, Бакиевдер деле улуттун кызыкчылыгы учун иштеп берсе, 25 жыл эмес, кырк жыл ажоо болсо деле каршымес элек.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан