ЖЕӉИШ КҮНҮНӨ КАРАТА БИШКЕК ШААРЫНДА «МЕНИН ЭСИМДЕ, МЕН СЫЙМЫКТАНАМ» АТТУУ АКЦИЯ ӨТТҮ

Жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери азайып бара жатат. Бирок жаш муун алардын эрдиктерин унутпайт. Адатка айлангандай, Бишкек шаарынын тургундары 10-жолу 9-Май күнүнө чейин каражат топтоп, согуш ардагерлерине жана орук эмгекчилерине гүл жана белектерди беришти.

Жыл сайын «Дизель» интернет форумунда Жеӊиш күнүнүн алкагында ардагерлерге көӊүл буруу максатында каражат топтоо иштери өткөрүлөт. Бул акция 2005-жылдан бери өткөрүлүп, жыл сайын масштабдуу болуп барат. Быйыл 9-Май күнү Жеӊиштин 70 жылдыгында Бишкек шаарынын тургундары кайрымдуулук максатында акция өткөрүп, 250 ардагерге белектерди беришти. Ага бардык каалоочулар катышып, 350 миӊ сом чогултулду. «Шин-Лайн» компаниясы да четте калбай ардагерлер үчүн 100 миӊ сом бөлүп берди.
Эртеӊ мененки саат 10:00дөн баштап нөшөрлөп жааган жаанга карабай жүзгө жакын шаар тургундары тамак-аш сала турган баштыктарды даярдаш үчүн борбор шаардагы кафелердин бирине келишти. 250 майрамдык баштык даярдалды: анын ичинде гүлдөр жана белектер бар. Акциянын катышуучулары топ-топко бөлүнүп, ар бир ардагердин үйүнө белектерди берип кайтышты.
Акциянын уюштуруучусу Мария Орлованын айтымында, акция биринчи жолу 2005-жылы өтүп, иш-чарага болгону бир нече адам катышкан:
– Биз жөн эле акча чогултуп, 10 ардагерди майрамы менен куттуктаганбыз. Ошондогу карыялардын көзүндөгү кубанычты, ыраазычылык сөздөрдү жана алардын бактылуу көз жаштарын сөз менен жеткире албайсыӊ. Ушундан улам биз интернет аркылуу акча чогултууну баштадык. Ардагерлерге өзүнүн ыраазычылыгын билдиргени келген адамдардын саны аз эмес экен. Биздин акция кулачын кенен жая баштады. Быйыл 250 ардагерди куттуктадык. Ардагерлердин тизмеси «ким кимди билет?» деген система менен түзүлдү. Уюштуруучулар белектер жеткирилүүчү даректерди чогултушту,- деп белгилей кетти.
Акцияга дайыма катышкан Назгүл айымдын айтымына караганда, ардагерлер үчүн эӊ негизгиси – бул көӊүл болуп эсептелет:
– Ушундай акциялар аркылуу чоӊ эне, чоӊ аталар биз аларды эстен чыгарбаганыбызды сезишет. Бул эӊ эле кичине кадам, үстүбүздө тынч асман болгондугу үчүн аларга ыраазычылык билдирүү иш-аракеттери. Мындай акцияга фронтто жеӊишке жеткирген ардагерлерге кайдигер карабаган адамдар чогулат. Мен бул акцияга башынан эле катышам. Өзүмдүн иштерим бар, бирок бул күнү ардагерлерге ыраазычылык билдирүүнү парзым деп эсептейм. Себеби алар биздин келечек үчүн күрөшкөн,-деп кошумчалады.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Абрамов азыр 91 жашта. Анын айтымында, согуш башталгандан төрт айдан кийин атасын фронтко алып кетишкен. Андан соӊ бир жылдан кийин улуу агасы да согушка аттанган. Ошондо ал эжеси менен калган. Кийин 17 жашка толгондо өз ыктыяры менен согушка аттанган. Абрамов Орусиянын аскердик-десант бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Мекен үчүн күрөшүп Берлинге чейин жеткен. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «Кайрат», «Баатырдык» жана «Эрдик» төш белгилери менен сыйланган:
Согуш – бул дүйнөдөгү эӊ коркунучтуу нерсе. Азыр Киевде болуп жаткан окуяларды көрүп, жүрөгүм ооруп жатат. Бул эӊ жаман көрүнүш. Биз бардыгыбыз мындай кандуу окуяларды болтурбашыбыз керек,- деп гвардиячы-десантчы ой бөлүштү.
Мындан тышкары уюштуруучулар материалдык жактан жардамга муктаж болгон ардагерлерге акча каражаттарын даярдашты. «70 жыл мурун биздин тынчтык келечегибиз үчүн согушкан кээ бир ардагерлер тамак-аш азыктарынан сырткары материалдык жардамга да муктаж жана биз аларга жардам беребиз»,- деп кошумчалады Мария Орлова.
Уюштуруучулар «Менин эсимде, мен сыймыктанам» акциясы салтка айланганын, ар бир жаӊы жана мурдагы катышуучусуна ыраазы экендиктерин белгилеп кетишти. Бирдиктүү күч-аракет менен гана бир маанилүү нерсе жасаса болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан