Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарында чечүүчү беттештер орун алды. Анда 13-майга караган түнү Мюнхен шаарында жергиликтүү «Бавария» командасы «Барселонаны» кабыл алды. Эске салсак, бул эки команданын биринчи беттеши 3:0 эсебинде каталондуктардын жеӊиши менен аяктаган.
Бул оюнда «Бавария» алда канча мыкты ойноп, 7-мүнөттө эле Мехди Бенатия гол киргизе алды. Бирок Лионель Месси баштаган «Барселона» 15 мүнөт ичинде Неймардын 2 голу менен жооп кайтарды. «Бавария» экинчи бөлүктө болгон күчүн жумшап, жыйынтыгында Роберт Левандовский жана Томас Мюллер өз командасына жеӊиш алып келди. «Бавария» утту, бирок «Барселона» финалда!
Ал эми экинчи жарым финалдык оюнда 14-майга караган түнү мадриддик «Реал» өз үйүндө «Ювентусту» кабыл алып, 1:1 эсебинде теӊ чыкты. Криштиану Роналдунун голуна Альваро Моратанын голу жооп болду. Жыйынтыгында биринчи беттеште 2:1 эсебинде жеӊишке жеткен «Ювентус» финалга карай бет алды. Финалдык оюн 6-июнда Берлин шаарында өтмөкчү.