БИР БҮРКҮМ

  • ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН КЫЗЫ «Түгөйүм», ИЛЬЯЗ АНДАШ «Сагыныч», ТААЛАЙБЕК ТОЙЧУЕВ «Сени гана издедим», МИРЛАН БАЕКОВ «Жаӊылай» аттуу ырларына клип тартып жатышат.
  • ГҮЛНУР АСАНОВА, «АКАК» комузчулар ансамбли, Кыргыз Эл сүрөтчүсү ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ, Кыргыз Эл артисти МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВ Германияда эл аралык «Лионс» уюмунун 50 жылдыгына карата уюшулган эл аралык конгрессте кыргыздын салттуу музыкасын жана улуттук сүрөт көргөзмөсүн тартуулап жүрүшөт.
  • АЙПЕРИ КУЛБАЕВА «Атакем» деген ырын жаздырып, «Боз торгой» аттуу ырына клип тарттырууда.
  • ДАНИЯР ЭРМАТОВ «Ча-ча» аттуу боордош кытайлык кыргыздардын популярдуу ырын ырдап чыгат.
  • НУРМАТ САДЫРОВ «Айылым», «Эстен кетпей койду» деген ырларын жаздырууда. 
  • ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ 14-17-май күндөрү Нарын жергесин гастролдук туру менен кыдырат.
  • КУБАНЫЧ АЖЫБАЕВ 7-июнда «Сулууларга суктанууга акым бар» аттуу жеке концертин берет.

 

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан