«Ак шоола» балдар хору Түркиянын Анталия шаарында өткөн «Алтын үн» аталышындагы эл аралык ыр-бий сынагына катышып, намыска жарап баш байгени өӊөрүп кайтышты. Анда 5 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 40 бала өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында 5 жаштан 7 жашка чейинки жана 7-10 жаш курактагы кыргызстандык өнөрпоздор 1-орундарды камсыздашты. Ал эми 10 жаштан жогору жаш таланттар болсо «Мен кыргыздын уулумун» деген аталыштагы чыгарманы аткарып, баш байгени багынтышкан.
Аталган хордун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Гүлмира Эсенгулова: «Бул сынак коммерциялык сынактардын катарында болгондуктан, жол кирени жана тамак-ашты балдардын ата-энелери төлөштү. Бирок «Ак шоола» балдар хоруна баш байге буюргандыктан эми Түркияда өтө турган кийинки сынактарга жана фестивалдарга бекер катышат. Ошондой эле биздин балдар түрк дүйнөсүнүн 3-эл аралык фестивалына чакыруу алышты»,- деп билдирди.