Боордош казак туугандардын «Рэкетир» аттуу тасмасын көрбөгөндөр болбосо керек. Бул тасмада 90-жылдардын аягындагы крим дүйнөнү жана мыйзамдан тышкары иш алып барган адамдардын ишмердүүлүгү чагылдырылган. Орусиянын «Бригада» аттуу сериалына окшоштугу бар бул фильмдин 2-бөлүгү жарык көрүп, 25-майда Бишкекте жабык эшик артында көрсөтүлөт. Иш-чарага бул тасманын жаратуучулары, баш каармандардын ролун жаратышкан актёрлор Саят Исембаев, Асел Сагатова, Жан Байжанбаев, Фархад Абдраимов, Дастен Шакиров, Аян Отепберген жана Максим Акбаровдордун келери күтүлүүдө. Тасмага биринчилерден болуп кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү жана режиссёрлор күбө болушат. Алар тажрыйбалары менен бөлүшүп, киноиндустриясын өнүктүрүү жаатында пикир алышканы турат.