БИЗДИН ЫРЧЫЛАР ФУТБОЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУКТА

Футбол боюнча артисттердин арасында өтчү Дүйнөлүк чемпиондукта Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Ырыскелди Осмонкулов, ырчы Тынай Алыбаев, музыкант Адил Чекилов, бийчи Атай Өмүрзаков, ар кыл талант ээси Турат Касымбеков жана башкалар катышканы турат. Иш-чарага Англия, Бразилия, Германия, Израиль, Италия, Нидерланды, Орусия, Словакия, Словения, Түркия, Беларусь, Эстония, Япония мамлекеттеринин эстрада жана кино айдыӊындагы белгилүү жылдыздардан куралган 16 команда катышат.
5-14-июнь күндөрү орун алчу бул футболдук-музыкалык фестиваль Орусиянын Москва шаарында «Жакшылык желегинин алдында!» аттуу бүткүл орусиялык кайрымдуулук акциясынын алкагында өтүп, чогултулган каражат оор дартка кабылган балдардын дарылоосуна жумшалат.
Артисттердин арасында Дүйнөлүк чемпиондукту уюштуруу идеясын колдошкон ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер жана УЕФАнын президенти Мишель Платини бул салтанатка катышаары күтүлүүдө.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Zakash
2015-05-19 00:44:02
Abdan sonyngo ktrkdan korsok boloby fudboldyk betteshterdi kaidan koryp tursak bolot jakshy idea eken syper info sizder kabardar kulup tyrasyzdarby je?
0
admin_media
2015-05-19 11:39:16
Zakash, саламатсызбы! Акыркы маалыматтарды Соңку кабар бөлүмүнөн окуп турсаңыз болот, шилтеме: http://www.super.kg/kabar/
0
Kara-kulzha
2015-05-19 11:04:25
Алга кыргыздар
0
gulsin
2015-05-19 20:00:36
Жалан гана кыргыздын намысын коргошту биле турган жылдыздар экен.Алардын ичине Мирбек Атабековду да кошо чакырышканда сонун болмок.Ийгилик!!!
0
akus
2015-05-19 22:13:49
Атай барбай эле кой барып келсен дагын чондон налог сурайт бербесен парламентте соз кылат сени парламентте башка эч нерсе чечпейт сени соз кылат кантип акча алыш керек боюнча .Захарин!!
0
suiuktuujar
2015-05-21 16:22:02
Азаматсыздар ийгилик сиздерге.
+1
NASIKA96
2015-05-22 17:16:36
Ийгилик.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан