«ТЕЗ ЖАРДАМБЫ» ЖЕ «КЕЧ ЖАРДАМБЫ?»

Бишкек шаарындагы көчөлөрдөн бир нече ирет «Тез жардам» кызматкерлери унааларын жол боюна токтотуп коюп, өздөрү дүкөндөн пирожки, шире көтөрүп чыгып келаткандарын көзүм чалып, «булар өз чөнтөктөрүнөн тамактанышабы?» деп таӊданып койгом. Интернет булактарында айдоочулар жол бошотпой «Тез жардам» кызматкерлерин сөгүп-сагып, кай бир учурда сабап жаткан тасмаларды көрүп аталган кызматтын күнгөй-тескейи менен таанышкыбыз келди.

«ТЕЗ ЖАРДАМ» УНААЛАРЫ ТАРТЫШ»

Калк арасында «кыйналганымдан «Тез жардам» кызматын чакырсам аябай кечигип келди же орой мамиле жасады, телефондон эзилип оорулуунун аты-жөнүн сурап туруп алышат, келишсе да унааларында шарт жок» деген сыяктуу кептерди кулагыбыз чалып калат. Айрым учурларда так ушул кызматтагылар да коррупциялык иштерге катышкандыгын гезит бетине жарыялап келгенбиз. Мунун себептери эмнеде? Бул сурообузга жооп алуу үчүн «Тез жардам» борборунун жетекчиси Жаркынбек Касымбековго кайрылып, бир нече суроолорубузга жооп алдык:
– «Тез жардам» кызматына карата калк арасында нааразычылыктын бар экендиги факт. Ага жүйөлүү себептер бар. Эӊ негизги себеп – унааларыбыздын жетишсиздиги. «Тез жардам» кызматын унаасыз элестетүүгө мүмкүн эмес да. Чемоданыбызды көтөрүп алып чуркамак белек? Тээ мурун жаӊы конуштары, тыгыны жок, кичи райондордун бардыгы иреттелген Фрунзе шаарынын 500-600 миӊдей калкын 65 унаа тейлечү. Азыр Бишкекте келип-кеткен конокторубузду кошкондо болжол менен 1 жарым миллионго жакын калкты 30-35 унаа тейлейт. Шаар кеӊейип, элдин саны 2 эсе өссө, унаалардын саны 2 эсеге азайды. Анан кантип биз «Тез жардам» болобуз.
Унааларыбыз жылдан жылга эскирип улам четинен бузулат, кайра оӊдойбуз. Шашылыш чыгып жатканда унаа бузулуп калган учур көп болот. Көргөндөр «айдоочу рулда, айым фельдшерлер артынан түртүп алышыптыр» деп күлүп калышат. Кээ бир унааларыбыз 1 жарым миллион чакырым «чуркап» койгон. Жакында Япониядан коноктор келип өздөрү «Тойота унаасы ушунча чыдайт бекен?» деп таӊданып, бир чети сыймыктанып кетишти.
Медициналык шаймандарыбыз тартыш. Негизи шаймандар бири иштеп жатканда бири зарядда турушу керек. А бизде кошумча түгүл жетишпейт, себеби каражат өкмөттөн аз бөлүнөт. Аны да «салгылашып» жатып араӊ алабыз.

«КӨЧӨЛӨРДҮ ТАППАЙ УБАРА БОЛОБУЗ»
– Дагы бир чоӊ көйгөй – айдоочулар «Тез жардам» кызматына жол бошотушпайт. Бошотоюн десе да орун жок, жалпы эле тыгында туруп калабыз. 50гө чамалаган жаӊы конуштарыбыз бар. Көпчүлүгүндө үйдүн номери эмес, көчөнүн аты жазылган эмес. Дагы жакшы уюлдук телефон бар, чалышып жатып араӊ дарегин табабыз.
Кээ бирлери өзү жашап жаткан көчөнүн атын билбейт же «бул дүкөндүн жанында турам, бул бактын түбүндөмүн» дешет. Ошентип кечигебиз. Чакыруу алып жатканда бейтаптын дарегин, оорусу тууралуу канчалык тактап билсек, кайсы бригаданы жиберүү билинет да, оорулууга да ошончолук жеӊил болот.
Жаӊы конуштарды тим эле коёлу, калыптанып калган кичи райондордо да кабаттуу үйлөрдүн ортолоруна бетон коюп, темирлерди сайып салышкан. Үйлөрүнүн алдына келип кодун сурайбыз. Анан биз үйлөрүнүн алдында күзөттө тургансып «Эмне эле ар кайсыны сурап жатасыӊ? Келе калбайсыӊбы!» деп урушушат.
Акыркы учурда кызматкерлерибизге кол көтөргөндөр да көбөйүүдө. Өткөн жылы жаӊы эле окуусун бүтүп, «Тез жардамда» иштейм деп кубанып келген айымыбыз ага чейин 3-4 күн ичип, кусуп жаткан жараныбызга жардамга чакырылган. Ал даректи эптеп таап баргыча 50 мүнөттөй өтүптүр. Барса аялы «эмне кеч келесиӊер?» деп, күйөөсү кусуп койгон дагараны алып врачтын башына куюп салыптыр. Ал дарыгер кызыбыз келер замат «агай мен иштебейм, кечирип коюӊуз» деп арыз жазды. Сабыр кыл деп жатып араӊ алып калдык. Себеби кадр табыш да кыйын. Татыктуу айлык акы төлөй албай көп адистерибизди жоготуп алуудабыз. Чет өлкөгө же жеке менчик «Тез жардам» кызматына иштеп кетишет.
Күнү-түнү иштеген кызматкерлерибизге тамакка каражат бөлүнбөйт, өздөрү тамак сатып алып ичишет. Бизде орточо эсеп менен айлык 8-9 миӊ сом. 1 жарым ставка менен иштеп, тажрыйбасы эсептелип жатып алды 17-18 миӊ сом алышат. Биздин кызматкерлерибиз тууралуу кээде «бензинге, дары-дармекке акча алышат»  деп даттанышкандар бар. Мен ушундай көрүнүштү кыскартууга аракет кылып жатам. Дары-дармекке, бензинге толугу менен өкмөттөн каражат бөлүнөт. Ошондуктан элибизге кайрыларым, эгерде "Тез жардамдын" дарыгерлери дарыга, бензинге деп акча сурашкан болсо, 0312 61-51-22 же 0312 61-51-62 номерлерине чалып, бизге билдирип коюшуңуздарды суранам.

«ОЙНОП ЧАКЫРГАНДАР КӨП»
– Кээде дайыны жок чакыруулар болот. Мисалы, күйөөсү менен аялы уруша кетип, аялы калп эле эси ооп кулап калат. Анан бизди чакырышат. Барсаӊ экөө жакшынакай эле чай ичип отурушкан болот. Барып «эмне болду?» десеӊ, аялы «эсим ооп калды, кайра жакшы болдум» дейт.
Жалгыз жашап зериккен апаларыбыз бар. Алар чакырганынан барып текшерип, «жакшы эле экенсиз го» десеӊ, «балам мени менен сүйлөшүп отура турчу» дейт. Ойноп чалгандарга мыйзам чегинде 4 миӊ сомго чейин айып пул төлөө каралган. Бирок анын артынан сая түшүп, аны далилдеп, анан соттун чечимине чейин күтүү үчүн атайын жактоочу сыяктуу бир кызматкер болуш керек. Аны алууга мүмкүнчүлүк жок. Ойноп чакыргандарга барган убакта, балким, медицина кызматы абадай керек болгон башка жарандарыбызга бара албай калып жаткандырбыз. Кээде жеке менчик ооруканада жаткандар чалышат. Албетте, чалып чакырып жаткан соӊ биздин кызматкерлер барып аларга жардам көрсөтүп келишет. Ал эми тигилер акча алып жатышкан соӊ бейтаптарды жакшы карабайбы. Ушулардын үстүнөн көзөмөлдөй турган регламент жок.

«ТЕЗ ЖАРДАМ» КЫЗМАТЫ ТУУРАЛУУ

• 1924-жылы Пишпек шаардык бейтапканасында «Пишпек шаардык тез жардам бюросу» деген аталышта медициналык бекет уюштурулган. Бюродо 1 дарыгер, 2 фельдшер иштеген. Алар ат араба менен жардамга барып турушкан. Жанында таӊуучу материалдар, замбилдер, кээ бир медициналык шаймандар жана дары-дармектер болгон.
• 1941-жылы Фрунзе шаарында толук кандуу медициналык «Тез жардам» бекети уюштурулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталары менен бекеттин кызматкерлери мекенди фашисттерден коргоо үчүн тажрыйбалуу адис катары алгачкылардан болуп фронтко кетишкен.
• 1963-жылы терминалдык абалдар менен күрөшүү боюнча адистештирилген бригада түзүлүшү менен өнүгүүнүн жаӊы этабы башталган.
• Азыркы учурда Бишкектеги»Тез жардам» кызматында жалпы жонунан 624 киши эмгектенет. Анын 120га чукулу дарыгер, 300дөйү орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтагылар. Алар жылына болжолдуу түрдө 120 миӊден ашуун бейтапка жардам көрсөтүшөт.
• 2014-жылы Бишкектеги «Тез жардам» кызматына 158 миӊ чакыруу түшкөн. Анын 146 миӊине «Тез жардам» кызматы барган. Анын ичинен 13 миӊге чукулу дайыны жок чакыруулар болгон (ойноп чалгандар, дарегин адашып айткандар, «Тез жардам» кызматын күтпөй өз алдынча кетип калгандар). Мындан тышкары 12 миӊге жакын кайрылууга кеӊеш берилген.
• Борбордо болжол менен 12 жеке менчик «Тез жардам» кызматы иш алып барат. Аларда жалпы жонунан 20га чукул унаа бар. Мамлекеттик «Тез жардам» кызматынын унааларын кошкондо Бишкек шаарында жалпысынан 55 унаа бар (эгерде унаалар бузулбаса). Муну 901 700 адамга (2014-жылга карата) бөлсөк анда 16 миӊден ашуун адамга 1 «Тез жардам» унаасы туура келет. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча учурда 1 жарым миллион адамга жакын калк жашайт.

1960-жыл. "Тез жардам" кызматкерлери иш үстүндө.

«Супердин» сурак бурчу
«Тез жардам» кызматын колдоносузбу? Сизди канааттандырабы?

Азамат Өзүбеков, Талас району:
– Биздин Талды-Булак айылында «Тез жардам» кызматы жакшы тейлөө көрсөтөт. Ар бир дүкөн, мекемелерде мобилдик жана кызматтык телефондору илинген. Айылыбыз чакан болгондуктан чакырууну 5-10 мүнөттүн ичинде аткарышат.

Кызжибек Ажиматова, Ош шаары:
– 2-3 жолу балам сыркоолоп калганынан «Тез жардам» кызматына кайрылгам. Тыгын болуп жатат деп бир аз кечигип келишкени менен, кызматкерлер өз иштерин так аткарышып, баламды жакшы карашкан. Орой мамиле жасашпайт.

Алмаз Насирдинов, Бишкек шаары:
– 2 ай мурун түн ортосунда өтүм приступ берип, «Тез жардам» чакырсам, дарыгерлери жаш кыздар экен, кеч келишти. Ооруканага алып бармакчы болушту, бирок бутум сынып, гипстелип жаткандыгымдан «замбил жок, сизди көтөрө албайбыз» деп таштап кетишти. Айла жок, таӊ атканча чыдап, эртеси такси менен ооруканага жеттим.

Саламат Кубанычбеков, Түп району:
– Өзүм «Тез жардам» кызматын колдонгон эмесмин. Биздин айылда аталган кызматтын унаасы жок болгондуктан ооруган кишилер телефон чалып райондон чакыртышат. Алар келип бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүшүп, абалы оорлорун райондук ооруканага алып кетишет.

Эркин Баяманов, Бишкек шаары:
– Бул тармакта маселе көп. «Тез жардам» кареталары көптөн бери жаӊыртыла элек. Мыкты адистер пенсияга кеткен, алардын ордуна келген жаштардын көпчүлүгүнүн билими начар. Жаӊы конуштар көп болуп, инфраструктура жок. Жолдору начар, элдин көпчүлүгү каттоого турушпайт. «Тез жардамдын» штаты көбөйбөй, жаӊы унаалар алынбай жатат.

Белек Токтосун уулу, Базар-Коргон району:
– «Тез жардам» кызматына былтыр кайрылганбыз. Кызматкерлер оорулуу атамды көрүп, аны ооруканага алып барып жаткызгандын ордуна «үйдөн эле карасаӊар болот же...» деп эки анжы ойдо болгону ачууну келтирди. Биз ишенген ак халатчандар эки башка ойдо болсо, биз кимге ишенебиз?

Гульнара Садыбакасова, Нарын району:
– Биздин айылда оорукана бар. Ооругандар күндүз болобу, түндө болобу барып көрүнө берет. Операция болгондорду гана башка жакка жиберишпесе, калгандарын өздөрү дарылашат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тез жардам" кызматынын күнгөй-тескейи
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Jamalym
2015-05-18 14:43:01
Тиги 1960-жылкы эски суроттогу тез жардамдын кызматкерлеринин тазалыгына суктандым.Азыр мындай эмес.Ошентсе да азыркылар аз айлыкка чыдап,оз чонтокторунон тамактанып иштегендерине рахмат.
0
Anjelina86
2015-05-18 17:20:32
Тез жардам деген менен ажал келсе алып кала албайт экенбизда.Айылда беш минутуда жетчу жерге жарым саат убакытта келген экен.Ал ас келгенсип нашатрный спирти жок агам кайтыш болду. Бул шалаакылык да. Ажал деген созго моюн сунуп кала бердик курандан болок пайда жок деп!
0
Bonia9189
2015-05-18 17:46:20
Ушинтип иштеп жаткандарыныздаргада чоон рахмат,ал эми жанагинтип алдап чалып аткан адамдар ойлошпойбу мункун чын эле башка бироого аябай жардам керек болуп олум менен курошуп жаткандыр деп....
0
naera
2015-05-18 19:34:10
Антип эле ак халатчандарга асыла бербесенер.Менда ошол тармакта иштейм.Кунгой-тескейин билбей туруп айтканынарга тан каламда.Кичине айлыкка чыдап иштеп жургонуно рахмат айтыш керек.Куну-туну жардамга даяр турганына,анан ар бир адамдын кемчилиги болгондой эле ак халатчандар да адам.Ошону унутпастан кайра жардам берсек жакшы болот эле.
-1
boze
2015-05-19 02:50:43
Мен бишкектен колдонгом. Кээде бат келишет кээде кеч келет. Кобунчо частныйларга кайрылам. Бирок айырмасы жок экен. Экоо тен акча сурайт. Анан халаттары таза эмес. Которуп жургон чемоданы да кир. Коркосун оору жугузуп албайбызбы деп. Болбосо опой мамуле кылышкан эмес Эч качан.
0
AFRODITA-89
2015-05-19 12:53:14
тез жардам кызматында да коп проблеммалар бар экен туура тушунсо болот айлык аз авто жетишпейт чынында жолдо тыгында ото албай да калышат
0
janila76
2015-05-19 18:41:00
менин жолдошум кусуп башы катуу ооруп тез жардам чакырсам "болгонго да болбогонго да чакырат бересинерби башы ооруп жатса дары бер"деп жооп берип келбей койгон бир жумадан кийин жолдошум каза болуп калган. Корсо байкуш жолдошумун башына кан куйулуп кетиптир.
0
KUMTOR1
2015-05-20 00:42:41
Менин мурдагы кесибим ага фельдшер. Бул кесип ото жоопкерчиликтуу кесип десем жанылышпайм. Иштеп ж.до далай жолу азап тарткам. Кышында машина бузулуп, аны туртуп аран барсан калтырап- титиреп, тушунбой эле кыйкырышат. Кесиптештер силерге ийгилик!
0
nurkajan
2015-05-25 12:26:43
ушу элдерге тан калам да,бир нерсе болсо эле окмот каражат болбойт деп эле турушат алар каяктан болот?оздору тойбой журсо!
0
alirun
2015-06-02 11:11:07
Тез жардам кызматкерлерине терен ыраазычылык билдирем. Откондо биз да анын кызматынан пайдаландык, жакшы жардам корсотушту. Иштерине ийгилик каалайм, эл саламаттыгы учун жасаган эмгектеринин акыбети кайтсын.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан