Тамаша тор
Жүзүн жашырып жүргөн Тата Уланды Жаңы жылдын алдында “Тамаша торубузга” түшүрдүк. Максатыбыз анын карындаштарына болгон мамилесин билүү эле.
Сиз менен Жаңы жыл тоскум келет деп аны сүйгөн күйөрман болуп телефон чалып, назик үн менен ырчы жигиттин башын бир топ эле айланттык. Улан чындап табиятынан кыздарга жумшак мамиле кылабы же биздин жылуу-жумшак сөздөрүбүзгө арбалдыбы, айтор, биздин сунушка макул болду.
– Алло, Улан байке, кандайсыз?
– Жакшы, а ким бул?
– Менин атым – Сауле. Улан байке, мен сизди жакшы көрөм.
– Рахмат, Сауле.
– Мага рахмат эмес, сиз керексиз. Улан байке, “Жаңы жылды жакшы көргөн адамың менен тоссоң, кирип келген жылда аны менен бирге болосуң” деген ырымды уктуңуз беле? Ошол үчүн мен сиз менен тосоюн дегем...
– Мен сизди тааныбай туруп кантип Жаңы жылды чогуу тосом, чоң кыз?
– Ай, Улан байке, таанышабыз да. Эч кам санабаңыз, мени көргөндө жигиттер жипсиз байланат. Башкача айтканда, татынакаймын. Сиз да сүйүп калышыңыз мүмкүн.
– Жок, мен Жаңы жылды ким менен тосорумду пландап койгом. Эртерээк айтпайт белең...
– Макул анда, планыңыздагы адам менен тосо бериңиз да, он экиден кийин мага келиңиз.
– Мен айылдан тосоюн деп жатпадым беле? Кел, ага чейин эле жолугуп көрөлү.
– Анда бүгүн үйдө эч ким жок, кечинде келе калбайсызбы?
– Кой, үйдөн уят го, “Эркиндик” сейил багына кел, жолугуп сүйлөшөлү, анан калганын көрө жатарбыз.
– Улан байке, айтыңызчы, кандай тамакты жактырасыз? Мен жасап турайын.
– Мен тамак тандабайм.
– Анда кандай өңдү жактырасыз, ошол өңдөгү ич кийимчен тосуп алайын.
– Мага ак анан кара өңдөр жагат. Биринчи сейил бактан жолугалы, анан үйгө барбайлыбы, макулбу?
– Улан байке-ее, болуңузчу, мен чыдабай баратам.
– Сауле, мен барбаймын деген жокмун го, алгач сени көргүм келип жатпайбы.
– Сиз кыз эмес жигитсиз го, коркпой эле келе бериңизчи, мен тиштеп албаймын.
– Мен сен айткан дарекке жакын эле жердемин. Студияда ыр жаздырып жатам. Келип мени алып кетпейсиңби?
– Макул, анан бир түн мени менен болосузбу? Түнүңүздү мага арнайсызбы? Сөз бериңиз.
– Сөз берем, бүгүн түндү сени менен өткөрөм.
– Бет кабыңызды чечип келесизби?
– Сен каалагандай Тата Улан болуп берсем болдубу?
– Вау, анда карагаттай көзүңүзгө сүзүлө карап, бети-башыңызды калтырбай тиштегилеп, өпкүлөп жыргаймын, ээ?..
– Ооба, бол эми, канча мүнөттө келип каласың?
– 15 мүнөттө келип калам.
15 мүнөттөн кийин
– Улан байке, мен келип калдым...
– “Кент” деген кафенин жанында туруп турсаң, азыр барам.
– Улан байке, кечиресиз, сиз “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” түштүңүз...
– Ой, кайфты бузасыңар да. Мен дискти берейин деп көтөрүп бара жатпадым беле, муну эми эмне кылам, карындаш?..
– Редакцияга келгенде таштап кетерсиз. Бирок мага бир түнүңүздү арнап койдуңуз, ээ?
– Ха-ха-ха... Негизи, суперчилер, силер суперсиңер!
Астра Айдарова
tamasha@super.kg