ЭСТЕН ЧЫККАН ГОЛЛИВУДДУН ЭСКИ ТҮГӨЙЛӨРҮ

Кайсы бир учурда дүйнөнү дүӊгүрөтүп папараццичилерди артынан чуркаткан, сүрөттөрү миллиондорго бааланган жылдыз түгөйлөр эсиӊиздеби? Эмесе, дүйнөлүк жылдыздардын «эски сүйүүлөрүн» эстеп алыӊыз.

«БЕННИФЕРЛЕР»
Азыр Бен Аффлек менен Женнифер Лопести чогуу элестете албасак керек. Эки таланттуу инсан бир кезде журналисттердин «кароолундагы» эӊ башкы адамдар болгон. Алар «Жильи» тасмасына тартылуу учурунда таанышып, сүйүү романы башталган экен. Түгөйлөр өзүлөрүнө «Беннифер» деген лакап ат коюп алышканы да бекеринен эмес, анткени Женнифердин атагынын алдында Бен көлөкөдө калганын айтышат.
Ошентсе да Бен сүйүктүүсүнө баасы миллионду чапчыган шакек салып, эки жаш 2003-жылы Санта-Моникада жашыруун никеге турмакчы болушкан. Тилекке каршы, никелешүү убагына үч саат калганда той болбой калган. Кийинки жылы эле Бен Женниферден кол үзгөн. Женнифер Лопес өз мемуарында Бен Аффлек менен болгон махабатын: «Ажырашууну Бен биринчи болуп сунуштаганда оор абалда калгам. Эӊ оор күндөрүм ошол күндөр болсо керек. Мен ага бала төрөп берип, жар болууну аябай каалагам»,- деп эскерет. Ал эми актёр: «Мен Женнифер менен болгон жаӊылыштыгымды эми өмүрүмдө кайталабайм»,- деген.

Учурда...
Женнифер Лопес
– 2004-жылы актёр Марк Энтониге турмушка чыгып, Макс жана Эмми аттуу эгиз балалуу болушкан. Түгөйлөр 2014-жылы расмий түрдө ажырашышкан.
Бен Аффлек – 2005-жылы актриса Женнифер Гарнерге үйлөнүп, эки кыз, бир уулдуу болушуп, учурда бактылуу жашап жатышат.

ЛЕО: «ЖИЗЕЛЬ МОДЕЛЬ, АЛ ЭЧ КАЧАН АКТРИСА БОЛО АЛБАЙТ»
О-о, Леонардо Ди Каприо мырзанын сүйүү тизмесинде кимдер гана жок? Бирок анын «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген эӊ бай модель Жизель Бюндхен менен болгон махабаты көп талкууга алынган. Алардын ортосунда көп окшоштуктар болгон: амбиция, талант, өз ишине курмандык кылуу жана кумар... Жылдыздардын сүйүү баяны 5 жылга созулган. Алар мамиле никеге жете турган учурда кол үзүшкөн. Ажырашуунун себеби – Жизелдин актриса болгусу келгени деп айтылат. Бирок Лео сүйүктүүсүнүн бул аракетине каршы чыккан.
«Мен андан эч кандай актрисалык учкунду байкабадым, андыктан жок дедим. Ал менин сынымды туура кабыл албай, жашоомдон чыгып кетүүнү туура көрдү»,- дейт актёр. Ошентип экөө 2005-жылы элге мындан ары чогуу болбосун жар салышкан.

Учурда...
Леонардо Ди Каприо
– Кыска сүйүү окуялары менен коштолгон актёрдун жашоосуна расмий түрдө эч бир аял кире элек.
Жизель Бюндхен – 2009-жылы футболчу Том Брэдиге турмушка чыгып, бир кыз, бир уулдуу болушкан.

КАМЕРОН+ЖАСТИН=ДОСТУК
Популярдуу романдардын ичинен Камерон Диас менен Жастин Тимберлейкти атасак болот. Камерон актёрдон 8 жашка улуу болгон. Экөөнүн ортосундагы сүйүү романы 5 жылга созулган. Элиталык азем кечелерди көркүнө чыгарган жылдыздар 2007-жылы кол үзүшкөн. Демилгени актёр баштап, Камерон ага аргасыз көнгөнүн айтат.
«Жастинден айрылгандан кийин 1 жыл эсиме келе албай жүрдүм. Бирок жашоо улана берет экен, эми биз аябай жакын достордонбуз. Андан кийин деле чогуу фильмдерге тартылдык. Мен дагы деле Жастиндин менсиз жашоосуна баам салып, ага кеӊешимди айтып келем»,- дейт актриса.

Учурда...
Камерон Диас
– Жастинден кийин бир топ сүйүү романын башынан өткөрүп, акыры 2015-жылдын 5-январында ырчы Бенжи Мэдденге турмушка чыккан. Актриса азыркы тапта эгиз балалуу болуу алдында турат.
Жастин Тимберлейк – 2012-жылы актриса Жессика Билге үйлөнүп, 2015-жылы уулдуу болуп, атын Сайлас Рэндалл Тимберлейк деп аташты.

ШЕР: «ТОМ ЭӉ МЫКТЫ ОЙНОШ БОЛЧУ»
«Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге» деген ыр саптарында айтылгандай, мачо Том Круздун өзүнөн 16 жаш улуу ырчы Шер менен ысык мамиле курганы элдин бүйүрүн кызыткан. Бул учурда Том Круздун карьерасы жаӊы башталып келе жатканда, Шердин атактуулуктан башы айланып турган учуру эле. Жылдыздардын сүйүүсү көпкө созулбаса да, элдин эсинде калган окуялардын бири.
Дагы бир жагдай – Шер Том экөөнүн ортосундагы ысык мамилени ачык айтып бергенде сенсация жаралган. Ырчы: «Том өтө уялчаак жигит болчу, бирок жашоомдогу эӊ мыкты ойноштордун бири. Мен башымды жоготуп сүйүп калгам. Эгерде жаш өзгөчөлүгүбүз жана Томдун карьерасы болбосо, биздин роман бир топко уланмак»,- деген. Алардын сүйүүсү Томдун биринчи аялы Мими Рожерс менен болгон үйлөнүү тоюна чейин созулган.

Учурда...
Том Круз
– Николь Кидман менен ажырашкандан кийин актриса Кэти Холмс менен никеге туруп, кыздуу болушат. 2012-жылы Кети экөө ажырашып кетишкен.
Шер – Эки жолу турмушка чыгып, ажырашып кеткен. Роб аттуу мырза менен кол үзүшкөндөн бери жашоосунда эч кандай мырза жок экенин айтат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
xperia_kg
2015-05-18 10:51:53
Эмнегедир копчулугу эгиз торошкондой го Голливуддун атактуу айымдары же искусственныйбы анысы да?
0
Pantherka
2015-05-19 10:03:29
xperia_kg,Ооба да, бизде эгиз торойм десен эки мин дол болуп кетет экен, ал эми буларда кеп эмес да, торогондору да укмушда булардын.
+1
MoXiTo
2015-05-19 10:06:47
Жириновский Пугачевага айткандай ырчылардын закону ар бир 5 минутада жаңы эр тапмай
+2
sarishka
2015-05-24 08:00:19
negizi zapadda egizder kop torolot eken,men Amerikada 3 juldan beri jashaim bul jakta dagi egizder kop
0
admin_superstan
2015-05-25 11:17:40
jypar.i, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-1
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан