ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-майдан 24-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сизди бул аптада активдүү эмгектенүү күтүп турат. Эмгегиӊиздин арты менен ийгиликтерге жетишесиз, бирок талыкпай эмгектенем деп жатып катуу чарчайсыз. Андыктан жумуш менен эс алууну бирдей айкалыштырып кетүүгө аракет кылыӊыз. Окуу жаатында сизди ийгиликтер күтүп турат. Китеп окуунун зыяны жок демекчи, билим кампаӊызды кеӊейте берсеӊиз, келечекте сөзсүз пайдасы тиет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күндөрү жаралган идеяӊызды ишке ашырсаӊыз, сизге жемиштүү жыйынтык алып келмекчи. Туугандар арасында сиздин ийгилигиӊизди көрө албай бут тоскондор чыгышы мүмкүн. Чырдын алдын алып, көрүнгөнгө сырыӊызды айта берүүдөн алыс болуӊуз. Алыска сапарга чыкчулардын жолу шыдыр болот. Дем алыш күндөрүн үйдөн алыс жайда өткөрүшүӊүз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени бекемдөө, максаттарга жетүү үчүн кандай иш-аракеттерди көрүү зарыл сыяктуу суроолорду чечүүгө ылайыктуу апта. Шаршембиде каржылык жактан ийгиликке жетишип, карыздарыӊызды төлөөгө мүмкүнчүлүк болот. Жумушта талапты катуу коё билүү менен кесиптештериӊиздин кадыр-баркына ээ боло аларыӊызды түшүнөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбү сизден сак болууну талап кылат. Анткени айрымдар сизге каршы пикирлерди таратышат. Эгер өзүӊүзгө ишенимдүү болсоӊуз жана ак экениӊизди далилдей алсаӊыз, бардыгы жайында болот. Аптанын ортосунда материалдык чыгымга дуушар болосуз. Энергия топтоо үчүн табият коюнуна чыгып эс алып келсеӊиз ашыкча болбойт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында материалдык маселелерди чечүү менен алек болосуз. Аласа-бересе иштерин тактайм деп жүрүп чарчайсыз. Сабырдуулукту сактабасаӊыз, жиниӊиз менен катуу айтып, жакындарыӊыздын бирин таарынтып алышыӊыз ыктымал. Бойдоктор көптөн күттүргөн махабат сезимине кабылышы күтүлөт. Сүйүүнү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылыӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эч ким менен сүйлөшкүӊүз келбей, жалгыздыкты жакын курбуӊузга айлантасыз. Буга кабатыр болбой эле коюӊуз. Жалгыз калуу менен оюӊузду иреттеп аласыз. Чыгармачыл адамдарга ийгилик аптанын ортосунда жылмаят. Бардык энергияӊызды жумушка коротуп салбай, үй-бүлөӊүз бар экенин, алар да сиздин көӊүл бурууӊузга муктаж экенин эсиӊизге сактай жүрүӊүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада романтика жаатында алга жылуу байкалат. Сүйүктүүӊүз бир нече жолу «романтик эмессиӊ» деген пикириӊизди эске алып, сизге сюрприз даярдайт. Жумушта келечегиӊизге таасир этүүчү чечим кабыл алууга туура келет, жети өлчөп, бир кескенге аракет кылыӊыз. Дем алыш күндөрү досторуӊуз менен көӊүл ачуунун аягы кумар оюндарын алып келиши мүмкүн, сак болуӊуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Түрдүү маселелерди чечүү менен алек болосуз. Чыгарган чечимиӊиз туура болбой кыжалат кылат. Оор жагдайларда жакындарыӊыздын кеӊешине кулак салыӊыз. «Карысы бардын – ырысы бар» демекчи, улуулардын накыл кеби оор кырдаалда жардам берет. Дем алыш күндөрүн эс алууга гана арнаӊыз, кандайдыр бир иш баштайм десеӊиз да баары бир жыйынтык чыкпайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында кызуу кандуулукка алдырып туура эмес иштерди жасап салышыӊыз мүмкүн. Бейшемби, жума күндөрү кесиптештериӊиз сизге жардамга кол сунушат. Маанайыӊыз көтөрүлүп, жакын санаалаштарыӊызды конокко чакырууӊуз ыктымал. Аптанын аягында үмүтүӊүз үзүлбөй жаткан кыялыӊыз орундалып, махабат көлүндө чабак урасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумуш жаатында стабилдүүлүк өкүм сүрөт. Эмгек өргүүсүн алып, көптөн бери пландап жүргөн жерлерге барыӊыз, тууган-урукту кыдырыӊыз, моралдык да, физикалык да жактан эс алып, ден соолукту чыӊдап, жумушка жаӊы дем-күч менен келиӊиз. Аптанын аягында оӊой акчанын булагы сизге кылтак жайышы күтүлөт, азгырыкка алданбаганга аракет кылыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада бир катар маселелер менен жогору жакта иштегендердин эшигин кагууга туура келет. Айрымдардын текебердиги сизди теӊ салмактан чыгарат. Шаршембиде айрым көйгөйлөр чечилип, көӊүлүӊүз жай алат. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-чарба жумуштарын бүткөрүп, үй-бүлө мүчөлөрү менен бир дасторкондо чер жаза маектешип эс алууга шарт түзүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Атаандаштардын бут тосууларына көӊүл бурбай эле коюӊуз. Анткени сизди бул күндөрү ийгилик гана коштойт. Аптанын экинчи жарымында жеке жашоодо өзгөрүүлөр күтүлөт, жаӊы таанышуу же болбосо көптөн бери дос катары жүргөн адам сизге болгон сезимин ачыкташы ыктымал. Дем алыш күндөрү китеп окуп же сыналгынын алдында отуруп кызыктуу тасма көрүп эс аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан