СУЛУУ ЧАЧКА ЭЭ БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?

Адамдын чачынын сулуулугу жеген тамагынан көз каранды. Айрыкча айымдар кундуздай кулпурган, бекем чачка ээ болууну самашат эмеспи. Төмөндөгү багыттардын арасынан чачыӊыздын түзүлүшүнө жараша ылайыктуу вариантты тандап алып, чачыӊыздын «ден соолугун» чыӊдасаӊыз болот.

МАЙЛУУ ЧАЧ
Организмдеги В витамининин жетишсиздиги баш терисиндеги май алмашуу процессин бузат. В витамини жаӊгактын бардык түрлөрүндө, дан өсүмдүктөрү, сүт азыктары, жумуртка, жаӊы өнгөн буудай угутунда, буурчактын түрлөрү, көк чөптөрдө, сыра ачыткысында (пивные дрожжи) көп.

КУРГАК ЖАНА АЧАКЕЙ ЧАЧТАР
Майлуу балыктын тунец, сардина, макрель, сёмга, сельдь сыяктуу түрлөрүн жеӊиз. Дан өсүмдүктөрү, жаӊгактын түрлөрү, зайтун жана өсүмдүк майы маселе чечүүгө жардам берет. Ошондой эле күнүнө 6-8 стакан суу ичүүнү унутпаӊыз.

ЭГЕР ЧАЧЫӉЫЗ АГАРСА...
Трихологдор чачтын агарышы тамак-аштан көз каранды экенине орчундуу деле далилдерди келтиришкен эмес. Ошентсе да малдын боору, буурчактын бардык түрлөрү, кешью, жаӊгак, көк чай, темир камтыган витаминдүү азыктарды күнүмдүк тамак-аш менюӊузга кошуӊуз. ө

ЧАЧЫӉЫЗ КӨП ТҮШСӨ...
Организмде темирдин жетишсиз болушу – чачтын жукарышына жана түшүшүнө алып келет. Малдын боорун, жумуртка, дан өсүмдүктөрүн, өрүк, алма жана сабизди көп жеӊиз. Чачтын сапаттуулугун протеин заты арттырат. Аны балык, кургатылган жемиштерден ала аласыз.

БОЗОРГОН ЧАЧТАР
Бул организмдеги цинктин жетишсиздигинен улам. Ал үчүн деӊиз азыктарын, үй канаттууларынын эти, сулу акшагы, жумуртка жана сүт азыктары, буурчактын түрлөрүн, бадам данегин, банан, күнжүт жана ашкабактын уругун жеӊиз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
suiuktuujar
2015-05-25 09:53:36
Жакшы кенеш учун рахмат супер инфо.
0
aydarken
2015-05-25 11:12:26
Менин чачым коп тушот жана тутамы аз жакында калбай калабы деп корком,жакшы кенеш экен рахмат
+1
Venera7777
2015-05-28 15:04:47
aydarken,туура айтасын менинда чачым коп тушуп анан перхоть болуп жатат кантсем болот
0
jypar.i
2015-05-31 20:37:04
Venera7777,перхоть дегендин кыргызчасын билбесең какач деген сөз, өз эле тилибизде жазалычы
0
Kanymgul
2015-05-25 14:22:50
Чачка кандай маскаларды жазаса болот айтып гетиниздерчи.?
0
admin_superstan
2015-05-25 14:47:30
Kanymgul, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтемелерден таба аласыз:
http://www.super.kg/article/?article=14145
http://www.super.kg/article/?article=31213
0
Venera7777
2015-05-28 15:08:27
admin_superstan,бул сайтка менден кирбей жататкоо эмне кылсам болот
0
admin_superstan
2015-05-28 16:03:04
Venera7777, сурооңуз түшүнүксүз. Сиз биздин порталга кирип жатасыз. Ал эми жогорудагы шилтемелерди бассаңыз ушул эле порталдагы башка макалаларга өтөсүз.
0
airada
2015-05-25 18:53:52
Жакшы кенештер.
0
kama_future_millioner
2015-05-27 22:33:20
Кайра чач чыгарса болобу мен чачым көп түшчү болду
+1
KG_Beka_KG
2015-05-31 12:48:14
kama_future_millionер
акаев болтаткенсинда е
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан