Кийинки кездерде кыздардын актуалдуу маселесине айланган кыздык тиктирүү (гименопластика) жөнүндө кенен изилдөө үчүн атайын адиске жол тарттым. Коридордо өз кезегин күтүп турган кыз-келиндер көп. Бирок, мен адиске жолуга электе эле бардык суроомо жооп берген адам менен маек кураарымды билген жок элем...
КЕЛИН ЖАНА КЫЗ
Отургучка отураарым менен жанымда турган келин менен жаш кыз көзүмө урунду. Кызды жоошутуп келин бир нерселерди кобурап коёт. Бирок, жаш кыздын жүзүндөгү санааркоону алып сала албады. Кезеги келип, кирээрге жакындап калганда кыз элеңдеп келинге «жеңе» деп жалооруп жиберди.
– Кир, коркпо, Жазгүл, кире бер...
Кыз тарткынчыктап турду да, шарт кирип кетти.
– Бул кимиңиз болот?- дедим мен келинге.
– Кайынсиңдим.
Келин оор үшкүрүп алды. Сөзүбүз андан ары уланып маектешип кеттик.
– Өх, байкушум, жалгыз кайынсиңдим. Жаштыгынан байкушум сүйөм деген бирөөгө алданып калыптыр. Эми жакында тою түшөт дегенде айласы кетип мага айтып отурбайбы.
– Бул жөнүндө дагы ким билет?
– Эч ким. Мен гана.
Мен келинге журналист экенимди, бул маселе тууралуу жазайын деп жүргөнүмдү сөз кыла кеттим. Келин ойлуу
турду да, мага сырдуу тигилди.
– Сиңдим, журналист экенсиң. Ошондуктан, менин тагдырым да бир адамга сабак болоор. Сага эч кимге айтпаган сырымды айтып берейин. Бир кезде мен да дал ушундай болуп айламды таппай...- деп баратып токтоп калды.
– Сиз дагыбы?- дедим мен таңкала.
– Ооба, мен дагы...
Экөөбүз эл жок жакты көздөй басып сырдашканы отурдук. Келин азга тынып турду да, баянын баштады...
Урматтуу окурман, келиндин ыймандай сырын эч өзгөрүүсүз сиздерге баян кылууну чечтим.
АТЫН ДА БИЛБЕЙ КАЛДЫМ
Атам убагында жакшы орундарда иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Апам да өз ишине тың, анча-мынча аялдарды алдына салбаган аял. Мен ата-энемдин жалгыз кызымын. Районубуздун кадыр-барктуу адамдарынан болгондуктан, экөө тең намыс десе жанын берээри айтпаса да түшүнүктүү эмеспи...
Мектепте окуп жүргөнүмдө мени көчөгө бастырбай аябай катуу кармашты. Айрыкча атам «Кыз дегенди катуу кармаш керек. Кийин куда күтсөк, сөзгө калабыз. Апасы, кызыңдын көчөдө бейчеки басканын көрбөйүн» деп зекип калаар эле. Классташтарымдын туулган күнүнө да жиберчү эмес. Эчен жолу апама билгизбей качып кеткен күндөрүм болгон. Кээде билинип калган учурларда апам мени балдардын көзүнчө чыбык менен сабап, айдап келээр эле. Намысыма чыдабай ыйлап-ыйлап кала берчүмүн.
Ошентип жүрүп орто мектепти бүттүм. «Эми шаарга кетсем, ээн-эркин жашаармын» деп үмүтүмдү туу кылып сүйүнүп жүрдүм. Атам өзү борборго ээрчитип келип, университеттердин бирине өткөрдү. Менден бир ооз кайсы окууга өткүң келет деп сурап коюшкан жок. Ошентип, жогорку окуу жайында окуп калдым. Бир жылга жетпей шаардан бир бөлмөлүү үй алып беришти. Өзүм каалап тапшырбагандан уламбы, сабакка көңүлүм жок эле. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, мендей атасынын чөнтөгү калың эрке кыздар тез эле табылды.
Күндө майрам, күндө той. Сабакка келсем да экинчи парасына чыдап отура албай, курбуларым менен качып кетем. «Шаар деген ушул экен, эркиндик деген ушул экен» дедимби, өзүмдү-өзүм таштап жибергенимди кыздыгымдан айрылгандан кийин сездим.
Кыз намысымдан ажыраткан адамды мен жакшы деле таанычу эмесмин. Кыздар менен кезектеги отурушка барып калдым. Ичимдик ичилип, бийлеп, ырдап отурдук. Ал кечедеги бою узун, албеттүү жигит мени шынаарлап калганын байкагам. Бир маалда кече аяктап калган маалда мени белден имере тартып төркү караңгы бөлмөнү көздөй жөнөдү.
Анан... Ал менин боздоп ыйлаганыма, «кызмын» деп карганганыма караган жок. «Анда мындай жерге неге келесиң?» деди күрсүлдөп. Менин жандалбастап жардам сураганымды эч ким укпады. Эртең менен тиги жигит эч нерсе болбогондой ордунан туруп бара жатып: «Догурунуп артыман келем деп ойлобо. Мен сенин кыз экениңди билген эмесмин» деп эшикти тарс жаап алып чыгып кетти. Ошентип, атын дагы жакшы билбеген бир адамга тебеленип кала бердим.
КУДАЛАШУУ
Жашырганда эмне, андан кийин деле көп адамдар менен болдум. Жаштыгыманбы же эрке өскөнүмдөнбү, ошондо деле эмне кылып жатканымды байкаган эмес экем.
4-курста окуп жатканда апам демейдегидей шаарга келип калды. Апамдын кебетесинен эле жөн келбегенин түшүндүм. Көрсө, бир кадыр-барктуу адамдын баласына мага куда түшүп келген экен. Оозумдан сөзүм түшүп отуруп калдым. «Кызым, аябай жакшы жер экен. Атаң да жактырып жатат. Эми бизге жаккан жер сага деле жагат да. Ошондуктан, макулдугуңсуз эле келген адамдарга жооп берип койдук» деди апам куду малына жакшы кардар чыккандай кубанып. Эмне демекчимин?.. Атам менен апама кантип каяша айтмакчымын? Каршылык кылганда деле өз билгендерин кылаары белгилүү. Андан көрө өз камымды жешим керек.
Албетте, эгерде мен кыз болбой барсам, бир район болгондуктан, апамдарга баары бир билинет. Ошондуктан, айла табуум керек эле. Курбуларымдан кыздык тиктирсе боло турганын уккан элем. Дароо оюма ошол келди.
– Апа, качанкыга деп сүйлөшүп жатасыңар?- дедим.
– Эки жумадан кийин...
Эрксизден календарга көз чаптырып алдым.
НАРКЫ 500ДӨН 2000 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Эртеси эле гинекологдун кабинетинде отурдум. Жашы 30дарга келип калган эже мени сырдуу карады.
– Кана, эмне дейсиң?
– Эже, мен...
Эптеп мукактанып жатып келген жөнүмдү түшүндүрдүм.
– Төрөгөн жок белең?
– Жок,- дедим чочуп.
– Анда эч кандай коркунучу жок. Эгерде төрөсөң мындай операция жасоо алда канча оор болмок. Мындай маселе менен көптөгөн кыздар келет. Айрыкча азыр аябай көбөйүп кетти. Мынабу жерде отурган бир гинеколог күнүнө мындай операциядан 4-5ти жасайт.
Эже менин чочуп турганымды байкап, жоошутмакка ушинтип айтты:
– Мындай операциялардын түрлөрү болот. Ошого жараша акысы да бааланат. Негизи, биз 1500-2000 миң сомго жасайбыз. Ал эми жапайы гинекологдор деп коёбуз, алар үй шартында деле тиге беришет. Акысына 500 сом алышат. Бирок, аларга жасаткандан көрө акчасын жакшы төлөп гинекологдорго жасатып, күйөөңдүн алдында бетиң жарык болгону жакшы эмеспи...- деди эже мага кыскача түшүндүрүп.
Зарыгып турганда акчага деле карабайт элем. Ошентип, эртең саат 12де кабинетинде күтөөрүн айтып коштоштук.
ххх
Эртеси белгиленген убакытта кабинетине баш бактым. Калтыраган боюмду токтото албай турган мени карап, эже күлүп жиберди:
– Тиш жулдуруп көрдүң беле?
– Ии,- дедим мен коркконумду жашырмакка араң күлүмсүрөп.
– Анда коркпо, бул операция тиш жулгандан да оңоюраак. Сеникин өткөндө көрдүм го. Аз эле жери тигилет. А кээсинин тигиле берип тиге турган жери калбай калат. «Сен өткөндө эле келдиң эле го?» десең, «Эжекебай, бул акыркы жолу. Ал жигитим алам деп коюп албай кетти. Мунусу чындап ала турганы» деп жалынып башташат. Айлаңды кетиришет. Бирок, менин колумдан чыккандар «жалоб» кылып келе элек. Бардыгы эле бактысын таап кетишет. Анан үйлөнгөндөн кийин рахматын айтып анча-мынча таттуусун көтөрүп келип калышат. Сени дагы буюрса, уят кылбайм,- деди эже өзүнчө сүйлөнүп.
Эженин сөзүнүн бири кулагыма кирсе, экинчиси кирбей калтырай бердим. Канчалык өзүмдү токтотоюн десем да болбой тизелерим калчылдап жатып араң креслого чыктым. Көзүмдү жумуп алдым. Оюм онго бөлүнүп, мындан ары эмне болоорун көз алдыма элестете албай жаттым. Кантип тигет болду экен? Мындан бир жыл мурун айрылган кыздык белгим эми кантип калыбына келет? Эгерде кыз чыкпай калсам, апам менен атам элдин бетин кантип карашат?
Эженин колдору шыпылдайт. Мени кыйнаган ойлор менен анын кандай жумушу болмокчу. Колу-бутумду кыймылдаткандан коркуп көзүмдү бек жумуп алып жата бердим.
15 МИНУТАДАН КИЙИН...
Бул операция үчүн наркоз берилбейт экен. Оорунун сездирбөөчү дары суюктук ийне менен жан жериме сайылаары менен эч нерсе сезбей калды. Бирок, врачтын ийкемдүү колдорунун кыймылы сезилип жатты. Оюмда «Тезирээк эле бүтсө экен... Айланайын Кудай, ата-энемдин бетин жер каратпасам экен» деп жалынып жаттым.
– Ай, чоң кыз, көзүңдү ач...- деп сүйлөп жаткан эженин үнүнөн улам көзүмдү ачып суроолуу карадым.
– Бүттүбү?
– Ооба.
Таңкала түштүм. Негедир мен элестеткендей оору да, кыйналуу да жок. Ушинтип эле бүтүп калабы деп дагы деле ишене албай турдум.
– Болду, колукту, даярсың. Эми бактың өз колуңда,- деди эже чоң иш бүтүргөндөй кубана.
Мен 15 минутанын ичинде кайрадан кыз болуп калганыма бир ишенип, бир ишенбей дендароо болуп жаттым. «Чынбы? Кайра чын эле кыз болуп калдымбы» деп жаттым. Бир аздан кийин мени эже өзүнчө бөлүнгөн палатага жаткырып койду. Уктатуучу дарынын таасириненби, көзүм илине түшүптүр. Эки сааттан кийин кайрадан креслого жаткырып карап көрүп, бардыгы жайында деп билдирди.
Кетээримде үч күндөн кийин гана жуунууга болоорун, ал эми эки жумадан кийин тигилген жиптер билинбей калаарын, ошондон кийин турмуш жолуна бет алууга болоорун айтып, мени узатышты.
– Эгерде ооруп же болбосо бир нерсе тынчсыздандырса мага телефон чал,- деди эже коштошуп жатып. Ошентип, эки сааттан кийин жолго түштүм.
ОКУЯНЫН СОҢУ
Биринчи күндөрү буттарым өзүнөн өзү чалыштап баса албай жүрдүм. Экинчи күндөн кийин көнүп кеттим. Аз күндөн кийин менин тоюм болмок. Ата-энемдин кубанып тойго камданып жүргөнүн көргөн сайын жүрөгүм тыз дейт түшөт. Эгерде баары мен ойлогондой болбой калса, өзүмдү-өзүм өлтүрүп коюуну да ойлоп жаттым. Апакай көйнөк кийген менин бүт денем калтылдап, жүрөгүм болочок күйөөмдөн сүрдөгөндөн эмес, айыбым ачылгандан коркуп, титиреп жатканымды эч ким байкаган жок. Шаан-шөкөт менен менин үйүмдөн узап, күйөөмдүн үйүнө бет алдык.
Түндүн бир оокумунда көшөгөнүн ичинде мени бооруна кыскан күйөөм рахматын айтып өпкүлөп жатты. Менин да көзүмдөн жаш атып кетти. Бул сүйүнүчтүн да, коркуунун да көз жашы эмес, уялуунун, абийиримдин алдында коркуунун көз жашы эле.
ххх
Азыр күйөөм менен бактылуу жашап жатам. Бирок, да көңүлүмдүн түпкүрүндө абийирим тынч ала албай келет. Ал эми кайынсиңдим дагы бирөөгө алданып калганын уккан соң, аялдык жүрөгүм менен аяп, эч кимге айтпастан ушул жерге алып келдим. Эч бир жанга айта албаган сырымды сиздерге гана ишенип айттым,- деди да келин сөзүн бүтүрдү.
Кызыктуу баян куруп берген келинге рахмат айтып, жолума түштүм.
Даярдаган Асия Алиева