КИРПИКТИ ҮЙ ШАРТЫНДА ӨСТҮРҮӉҮЗ!

Узун кирпиктүү болууну ким каалабасын?! Айымдар кирпик үчүн көп курмандыкка барышат, айрымдар жасалма кирпик да чаптап ашыкча чыгым болушат. Бирок табигый кирпикти өстүрүү алда канча пайдалуу жана чөнтөккө да зыяны тийбейт. Үй шартында кирпикти кантип өстүрүү керек экенин билип алыӊыз.

  1. Уктаар алдында макияжды жакшылап тазалап, анан кирпикти майлап турууну адат кылсаӊыз, узун кирпиктүү боло аласыз. Бул үчүн зайтун, кастор, уйгак майлары жардамга келет. Майды бир аз жылытып, пайдаланбай калган кирпик боёгучтун кутусуна куюп алыӊыз да, кирпигиӊизге тушь койгон сыяктуу эле сүйкөӊүз.
  2. Кирпикти өстүрүүдө вазелин дагы жакшы жыйынтык берет. Ал үчүн дарыканадан химиялык каражаттар кошулбаган вазелин сатып алуу керек. Вазелинди жатарда сүйкөп жатсаӊыз, кирпик коюу жана түбү бекем болуп өсөт.
  3. Кирпик эс алууга жана камкордукка муктаж. Буга кадимки эле көк чай керектелет. Көк чайды жаӊы демдеп, ага кебез тампонду малып анан көздүн үстүнө коюп 20 мүнөт жатыӊыз. Бул кирпикти пайдалуу витаминдерге сугарып эле тим болбостон көздүн эс алуусун да шарттайт.
  4. Кирпикке май сүйкөөрдүн алдында көздүн айланасына колдун манжалары менен акырындап жеӊил массаж жасаӊыз. Бул көздүн айланасындагы кан айланууну жакшыртып, кирпиктин өсүүсүнө жардам берет.
  5. Кирпикти өстүрүү үчүн тамактануу дагы роль ойнойт. Курамында витаминдер көп азыктарды колдонуӊуз. Алар: мөмө-жемиштер, жашылчалар, жаӊгак, балык жана башкалар.
  6. Дарылап жатканда кирпик ийгичти колдонбоӊуз. Ал кирпикти сындырып же башка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
  7. Орточо көлөмдөгү 1 лимондун кабыгын майдалап туурап, ага 1 аш кашык зайтун майын кошуп чылап коюӊуз. Бир жума муздаткычта кармап, кийин кирпикке сүйкөп турсаӊыз да эӊ сонун натыйжа бермекчи.
  8. Кирпикти өстүрүп алып аны кайра сапатсыз кирпик боёгуч менен жабыркатып албаӊыз. Кирпик боёгучту 4-5 айда бир алмаштырып туруу талапка ылайык. Курамында эфир майы жана витаминдер бар тушь сатып алууга аракет кылыӊыз.



Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
lady.girl7997
2015-05-25 10:07:59
рахмат рахмат чооон рахмат
0
kyrgyz_girl
2015-05-25 10:24:19
кастор майын койсон эртен м.н шишип калганы жаман экенда
+1
AFRODITA-89
2015-05-25 11:58:59
кок чай эн жакшысы экенда оной и арзан пайдалуу рахмат
+1
ailam14
2015-05-25 13:15:27
Сонун кенеш экен рахмат супер инфо.
0
Abikova93
2015-05-25 20:03:17
Эн пайдалуу кенеш экен коптон бери кирпигим менен алышып кыйналып журдум эле.
+3
s9zen098
2015-05-25 20:45:35
Жакшы кенештер экен. Рахмат!
-1
Asel-91
2015-05-26 11:40:46
Мен кастор майын колдонуп көргөм, мурункуга караганда кирпигимдин узарганы билинет. Кирпигиме эле эмес, кашыма да сүртүп койчумун. кашым коюланып калды. Башка да майларды колдонсо болорун билбептирмин)))
+1
batma200294
2015-05-26 12:33:08
Салам суперчилер!кастор майын кайдан алса болот
+1
admin_superstan
2015-05-26 12:44:14
batma200294, саламатсызбы!
Кадимки дарыканадан алсаңыз болот )
0
batma200294
2015-05-26 22:57:22
Рахмат
0
Qnet
2015-05-27 02:01:05
Канча убакыттын ичинде жардам берет мындай ыкмалар ким билет?Анан лимондун устуно зайтун майды куйсам ошол эле бойдон калды аны козго кантип сыйпайт?Же лимон сыртынын майдаланганын эле койуп койомбу?
0
roza.90
2015-05-27 02:26:35
Qnet,лимон сыртынын майдаланганын койсон козуно кирип ачыштырат да,лимон сыртына зайтун майын куюп 1 жума холодильникке коюп коет экенсин,анан 1 жума откон сон ошол майды эле козунду жумуп туруп суйкоп кой да эртен менен жууп сал.
+1
Qnet
2015-05-28 02:16:34
roza.90,Зайтун майдан мен бир эмес эки кашык куйдум суюгураак болсун деп бирок коюу боюнча эле калып калды,тем более холодильникке салганда тонуп калды...
0
Aiaium
2015-05-28 08:37:32
сонун кенеш экен рахмат
0
Kanybek.G
2015-05-28 13:31:32
кастор майы козго зыяны жок бекен ким билет кастор майын .
0
pomposha_88
2015-11-08 21:22:32
Kanybek.G,Касторовое масло зырян эмес коркпой колдоно бериниз.Кирпигимди наращивать этип озум уй шартында начар клей экен кирпиктеримдин кобу тушуп калды эле бир айда касторка менен остуруп алдым
0
pomposha_88
2015-11-09 07:18:51
Kanybek.G,Зыяны жок,бир ай колдонсонуз результат на лицо :)
0
Gulzat86
2015-05-28 22:37:59
Эн пайдалуусу эле кара зире майы.Мен кундо кечинде жатаардан 20-30мунот мурда коем.кирпике гана эмес жузду да тазалоочу эн зыянсыз май.Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.айткандай"Олумдон башканын баарына пайдалуу"
0
aidai88
2015-05-29 18:53:56
Gulzat86,кара зиренин майын кайдан алса болот,орусчасы кандай
0
Gulzat86
2015-05-29 22:25:00
аidai88,Кадимки эле черный тмин.Китеп саткан жерлерде бар.Туштукто болсонуз баасы.90с.140с.турат.
0
gul-bibi9109
2015-06-01 03:41:38
Gulzat86,кара зиренин майын коюп кордум козумду ача албай аран душка жеттим,кантип журосунор аябай ачыштырып козду кысартып салат экенго
0
gul-bibi9109
2015-05-29 23:54:12
Зайтун деген май ал кандай болот каерден алса болот,биринчи жолу угуп жатам???.
-1
Angel92
2015-05-30 14:52:30
Зайтун майы оливканын майы да
+1
gul-bibi9109
2015-06-01 03:42:26
Angel92,рахмат
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан