«БАКАЙ БАНК» КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА ФИЛИАЛЫН АЧТЫ

Кызыл-Кыя шаарында «Бакай банкынын» филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Чакырылган коноктор жана шаардын тургундары үчүн атайын тааныштыруу презентациясы, акциялар жана банктын белгиси түшүрүлгөн сувенирлер даярдалды.
Бүгүнтөн баштап жеке адамдар, ошондой эле шаардын уюмдары менен ишканалары финансылык кызмат көрсөтүүнүн толук тармагынан пайдалана алышат.
Кызыл-Кыя шаарынын тургундары ишкерлик үчүн насыя (15 пайыздан баштап), автонасыя, ипотека алуу, аманат салымын сактоо, тез жана оӊой акча каражатын алмаштыруу, акча которууну жөнөтүү же алуу, Visa же Элкарт пластик карталарын бекер чыгартуу, ошондой эле «Бакай банктын» башка ыӊгайлуу жана кирешелүү финансылык тейлөөсүн колдонууга болот.
Баткен облусунда филиал ачуу бул – филиалдык тармакты кеӊейтүү жана кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча системдик жумушта алга ташталган дагы бир
кадам.
Азыркы тапта Кыргызстандын бардык облустарында 50дөн ашуун банктын сактык кассалары менен филиалдары иш алып барып, өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарын финансылык тейлөө менен камсыздап жатат. Кызмат көрсөткөн жайлардын көпчүлүгү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт жана кеӊири финансылык тейлөө кызмат көрсөтөт.
«Бакай банк» филиалдык тармагынын кийинки кеӊейишин да пландап жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан