КАНТ ДИАБЕТИНИН СЕБЕПКЕРИ – СТРЕСС ЖАНА ТАТТУУЛАР

Кант диабети күчөп кетсе, инфаркт, инсульт, бөйрөк ооруларына жана сокурлукка, жадакалса кол-буттун кесилип салынышына чейин жеткирет. Мына ушундай оору эмнеден улам келип чыгат? Айыгууга болобу? Түшүндүрмөнү Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөмбү Сыргаев бермекчи.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

АЛДЫН АЛУУ
Туура тамактануу. Жашылча-жемиштер (коон жана жүзүмдөн башкасы), ирик тартылган ундан жасалган нан, күрүч, сулу, таруу, гречканы колдонуу абзел. Ал эми кантты жана таттууларды жебеш керек же өтө аз колдонуп, тузду азайтуу, майлуу тамак-аштардан баш тартуу зарыл.
Көнүгүүлөрдү жасоо. Күнүгө 30 мүнөт физикалык көнүгүүлөрдү жасоо же 30 мүнөт басуу кант диабетинен сактайт. Дегеле спортко жакын болуӊуз.
Текшерилүү. 1 жылда 2 ирет эндокринологго (ички бездер оорусу боюнча врач) көрүнүп, анализ тапшыруу зарыл. Эгер анализден канттын өлчөмү жогору экени билинсе, дароо дарыланып, кант диабетинин жаралышына жеткирбей алдын алуу керек.

СТАТИСТИКА
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө жүзү боюнча 387 миллион адам кант диабети менен жабыркайт. Ал эми Кыргызстанда бул дартка чалдыккандардын саны 47 миӊ 700 адамга жетет (2014-жылга карата). Расмий эмес маалыматтарда 169 миӊ 590 деп көрсөтүлөт.

ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Кант диабети уйку безинин (поджелудочная железа) жабыркоосунан келип чыгат. Аталган без тамак-ашты сиӊирүүчү маӊызды жана инсулин, глюкагон гормондорун бөлүп чыгарат. Бул 2 гормон кандагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармап турушат. Эгер уйку бези сезгенсе, анда аталган гормондордун иштелип чыгуусу азаят же таптакыр иштелип чыкпай, иштелип чыкса да клеткаларга сиӊбейт да, кант диабети жаралат. Ал эми уйку безинин сезгенүүсүнө алкоголдук ичимдиктер, майлуу, таттуу жана камыр тамактарды көп жегендик таасир этет. Семирип кетүү, аз кыймылдуулук, стресстерге көп кабылуу, вирустук-инфекциялык оорулар (өзгөчө сасык тумоо, сарык) да дарттын жаралышына кошумча. Кант диабети менен жабыркагандардын денесине жара чыкса оӊой менен айыкпай, ырбап кетет. Жаранын ордун операция жасатып кестиришет. Диабет оорусу айыкпай турган оору жана буга чалдыккандар өмүр бою диета кармоого аргасыз.
Негизи эле диабетиктер эндокринологдорго каттоого туруп, дайыма канындагы канттын өлчөмүн текшертип туруулары зарыл.

БӨЛҮНҮШҮ
Инсулинге көз каранды тиби (1-типтеги кант диабети)
Бул түрү менен ооругандар өмүр бою инсулин дарысын кабыл алууга аргасыз. Алар: тубаса ушул тиби менен төрөлгөндөр, уйку безинин дартына кийин чалдыккандар, вирустук оорулар менен ооругандар (сарык, сасык тумоо ж.б.)
Инсулинге көз каранды эмес тиби (2-типтеги кант диабети)
Өтө толуп кеткен адамдарда жана жашы 40-50дөн ашып калгандарда жолугат. Алгачкы стадиясында инсулиндин кереги жок. Башка дары-дармектер колдонулат.

ДАРТ ӨТҮШҮП КЕТСЕ...
Кандын курамындагы канттын өлчөмү узак убакыт бою литрине 5,5 миллимолдон ашса жана аны төмөндөтпөсө, кант кан тамырларды ичкертип жиберет. Андыктан миокарддын инфарктына, инсультка чейин жеткириши мүмкүн.
Диабетикалык ангионейропатия. Кол-буттун кан тамырлары ичкерет. Алгачкы стадиясында адамдын бутунда (же колунда) кумурскалар кыбырагандай сезилип, муздап, чымырап, ысык-суукту жакшы сезбей калат. Булчуӊдар кичирейет. Кан жетпегендиктен убакыттын өтүшү менен бут манжалары чирий баштап, акырында бутун кестирип салууга аргасыз болушат.
Диабеттик нефропатия. Бөйрөктүн заара бөлүп чыгара турган каналдарындагы кан тамырлар ичкерет. Мындан улам бөйрөктө дагы башка жаӊы оорулар жаралып, адамдын абалы оорлойт.
Диабеттик ретинопатия. Көздүн торчосунун кан тамырлары (сетчатка) ичкерет да, убакыттын өтүшү менен сокурлук келип чыгат.

КАНТ ДИАБЕТИНДЕ КОЛДОНУЛУУЧУ ДАРЫ ЧӨПТӨР
(Элдик медицина боюнча)
Эрмен, беде жана шыбактан дары. Буларды алгач кургатып, майдалап алуу кажет. Анан беде менен шыбактын ар биринен 1 аш кашыктан, ал эми эрменден 1 чай кашык алып, термоско салуу зарыл. Үстүнө 1 литр кайнаган суу куюп, 5-6 саат демдеп коюп, анан 4 маал 50 граммдан ичүү керек.
Жаӊгактын жалбырагынан дары. Кургатылган жалбырагын майдалап, андан 1 аш кашык алып, термоско салып, үстүнө 1 литр кайнак суу куюп, 7-8 саат демдеп коюу кажет. Анан күнүгө 4 маал 50 граммдан ичүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
suiuktuujar
2015-05-25 10:05:14
Эрмен шыбак бедени жангактын жалбырагын кандай шартта кургатуу керек кайсы маалда узуп алып кун чыкканга чеинби же боло беретпи ушу тууралуу да маалымат бере кетсениздер жакшы болмок.
0
admin_superstan
2015-05-25 11:07:00
suiuktuujar, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирдик.
0
Bat
2015-05-25 11:14:08
Урматтуу Супер лавровый листи дагы жакшы деп уктук эле ушуга дагы жооп алып берип коесуздарбы. менин эжем диабет менен оорут дайыма лавровый ичип журот да.
0
j.julduz
2015-05-25 23:19:16
салам супер инфо силерден суранаарым адамдын жашы откон сайын моюнуна этчелер соол сымал осуп жатат бул эмнеден экенин билип бересиздерби?улгайып калган адамда дейин десем жаштарда деле ошондой этчелер пайда болуп жатат алдынала ыракмат ийгилик силерге
0
admin_superstan
2015-05-26 11:06:36
j.julduz, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
jypar.i
2015-05-28 22:24:51
j.julduz,бул папиллома болушу керек, интернеттен тапса болот бул жөнүндө
0
aruuke3
2015-05-30 11:12:32
Эрмен деген эмне?айтып койгулачы.
0
aruuke3
2015-05-30 11:14:33
салам супер инфо,Эрмен деген эмне?
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан