БОСОГОДО ЖАҢЫ ЖЫЛ!

Жаңырган жылда дасторкон үстүн дүйүм тамактарга толтуруу ар бир кожойкенин милдети эмеспи. Эгер «кандай тамак даярдасам?» деп баш катырып жатсаңыз, анда төмөнкү рецепттерге көз жүгүртүңүз.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН
Колуңуздан келсе тасмалдын ак же күлгүн түстөгүсүн салганыңыз оң. Ал эми кашык, вилка, бычактар алтын түс жалатылган болсо эң сонун болот. Себеби жолборс дал ушул түстөрдү өзгөчө баалайт.
Дасторкон үстү майрамдык маанайда жана экзотикалык түрдө жасалышы шарт. Жолборс эттен жасалган тамактарды, закускелерди, ар кандай жашылчалардан жасалган салаттарды жактырат. Андыктан бул тамактарды коюуну унутпаңыздар. Сары түстөгү экзотикалык мөмө-жемиштердин түрүн көбүрөөк коюуну сунуштайбыз. Ичимдиктерге келсек, жолборс коньяк, кызыл шарапты жана шампанды өзгөчө баалайт.

“1-январь” салаты
Керектелүүчү азыктар:
100 граммдан сууга бышырылган эт жана сыр. Сууга бышкан жумуртка – 3 даана. 200 грамм майонез, татымына жараша туз.
Салатты кооздоо үчүн:
Сууга бышырылган сабизден, кызыл калемпирден 1 даана, 1 боо укроп, анардын 5-6 даны.
Даярдоо жолу:
Бул салатты календарь формасында жасоо керек.
1-катар: Чарчы тууралган сабиз.
2-катар: Майонез.
3- катар: Чарчы тууралган эт.
4-катар: Майонез.
5-катар: Сыр, жумуртканын агы.
6-катар: Майонез.
7-катар: Жумуртканын сарысы.
8-катар: Салаттын капталдарына, үстүнө майонез сүйкөп 1-январь деп кооздоп коёбуз. Тамагыңыз таттуу болсун!

“Баян” тамагы
Керектелүүчү азыктар:
1,5 -2 килограмм уй же кой эти, 300 грамм сыр, 2 -3 даана помидор, 3-4 сарымсактын тиши, туз, кара мурч, лавр жалбырагы, туздалган бадыраң, козу карын, петрушка.
Даярдоо жолу:
Чоң тилим этти этегине 1 сантиметр жеткизбей бир нече тилимдерге бөлүп туз, мурч кошуп 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Андан соң сырды узун-туурасы 5-6 сантиметр, калыңдыгы 3-4 миллиметр, ал эми помидорду тегерек формада кесебиз. Сарымсакты майда туурайбыз. Баарын туурап алгандан кийин эттин ар бир кесиминин ортосуна бир тилимден сыр, помидор, сарымсактан салабыз. Анан этти фольга (духовкада тамак-аш бышыруу үчүн колдонулуучу жалтырак кагаз) кагазына ороп, 180 градустагы ысып жаткан духовкага салып, 60 мүнөт бышырабыз. Эгер фольга кагазы жок болсо, анда табакты майлап салсаңыз болот. Бирок бат-баттан карап, өзүнөн чыккан маңыздан эттин үстүнө куюп турууну унутпаңыз. Бышкандан соң туздалган козу карын, бадыраң жана көк чөптөр менен кооздоп дасторконго койсоңуз болот.

“Кар киши” закускеси
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган 1 стакан күрүч, консерваланган 1 банка жүгөрү, 100 грамм колбаса, 3 даана жумуртка, 100 грамм сыр, 200 грамм майонез (майлуу), 1 даана сабиз, 1 баш пияз, татымына жараша туз.
Даярдоо жолу:
1. Күрүч менен жумуртканы өз-өзүнчө сууга бышырып алабыз.
2. Андан соң күрүч, жумуртка, жүгөрү, пиязды эт өткөргүчтөн өткөрүп, майонезди кошуп жакшылап аралаштырабыз.
3. Даяр болгон туурамжыны тоголоктоп, туурагычтан өткөрүлгөн сырга оонатып алабыз.
4. Андан соң тарелкага кар кишинин формасындай кылып тизип, сабизден баш кийим жасайбыз. Ал эми колун, мурдун петрушканын сөңгөгүнөн, көзүн тоголок кара мурчтан жасап, дасторконго коё берсек болот.

Дамира Арстанова
koom@super.kg


ҮЙДҮ ЖАСАЛГАЛОО

Мына, кайрадан босогобузда Жаңы жыл. Бул жылда кимге кандай белек берүүнү билбей жатсаңыз же кечеге кандай түстөгү кийим кийүүгө болоруна кызыксаңыз, анда бул макала сизге жардамга келет.

Жаңы жылды тосуп жатканда өткөн жылдын символу болгон сувенирлерди алып салуу кажет. Анткени өзүмчүл жолборс жылы өзүн татыктуу тосуп албагандарга жини келет. Ошондой эле өткөн жылды мактоодон алыс болуңуз. Ал эми үйдү жасалгалоодо быйыл өзгөчөлүк киргизгениңиз оң. Анткени жолборс жырткыч жаныбар болгондуктан, табияттын элементтери менен, мисалы, тобурчактарды, арчаны дубалга илип койсоңуз, кирип келген жыл ийгиликтүү болоруна ишениңиз. Балатыны да көрүнүктүү жерге даярдашыңыз керек. Быйыл кичинекей, алтын түстүү коңгуроолор менен балатынын кооздоп койсоңуз, ийгиликтин жарчысы болот. Ошондой эле балаты оюнчуктарынын жыгачтан жасалганын тандаганыңыз талапка ылайык.

Кандай түстөргө басым жасалат?
Падышалык кылууну сүйгөн жолборс жылында алтын жана күмүш түстөр басымдуулук кылат. Андан тышкары 2010-жылы ак, сары кызгылт сары, кара жана темгил ала түстөр модада. Бул түстөр эмне үчүн жолборс жылына тиешелүү дебейсизби? Анткени бул түстөрдүн бардыгы жолборстун мүнөзүнө айкалышат. Маселен, ак түс – жолборстун кең пейилдигинин белгиси болсо, кара түс –жолборстун катаалдыгын, күчтүүлүгүн далилдейт. Сары түс – энергияны, кызгылт сары – жолборстукундай күчтүү ишенимдин белгиси. Ал эми темгил ала түс – жолборстун жонундагы темгилдерди символдоштурат. Жаңы жылдык кечеге ушул түстөрдөгү кийим кийип барсаңыз жаңылбайсыз.
Ал эми жаңы жылдык аксессуар­ыңызды шуру, билерик, сөйкөлөр менен толуктаңыз.

Жаңы жылдык белек
Айымыңызга белек берүүнү кааласаңыз, алтын же күмүштөн жасалган зер буюмдарын берсеңиз ылайыктуу. Бул белек аны кубандырып эле тим болбостон, бир жыл бою ийгилик алып келет.
Мырзаңызга камкордугуңузду көрсөтүп, темгили бар галстук же булгаары капчык белек берсеңиз болот.
Ата-энеңизди эстен чыгарбай куттуктап барганыңыздын өзү чоң белек. Эгер белек тандайм десеңиз, атаңызга жолборстун сүрөтү тартылган сүлгү, апаңызга жакшынакай дасторкон белек кылыңыз деп кеңеш беребиз.
Наристелерге кичинекей жолборс оюнчук берсе ылайыктуу. Жолборстун күчүн билдирүү үчүн эркек балдарга мушкердин мээлейин, кыздарга жолборстун сүрөтү бар фотоальбом ыйгарсаңыз ылайыктуу.
Кесиптешиңизге ар кандай жолборс сувенирлерди берүүгө болот. Андан тышкары саркеч калем сап же жолборстун түсүндөгүдөй өңдөгү китепче берсеңиз жаңылбайсыз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

Ырым-жырымдарга ишенбейбиз дегенибиз менен, майрамдарда сөзсүз салт-санаабызга, ырым-жырымдарга такалабыз. Анда жаңы жылдык ырым-жырымдар сиздер үчүн.

Жыл жаңырар алдында карыз сурагандарга акча бербеңиз. Берсеңиз жыл бою карыз болуп жүрүп өтүшүңүз мүмкүн. Муну эске албай жолборс жылында бармагыңызды тиштеп калбаңыз.

Жаңы жыл түнү жаңы кийим кийиңиз, анткени жаңырган жыл көптөгөн ийгиликтери менен сизди кучагына алат.

Дасторконуңуз тамак-ашка толуп турса, кирип келген жылда сизде эч кандай жетишпестик болбойт.

Жашоодо түгөйүн издеп жүр­гөндөр бул ырымды жүрөккө бекем түйүү керек. Саат жебеси 12ни какканда жактырган адамыңыз менен бир болууну тилеп, жаңы сатып алган шакегиңизди бокалдагы шампанга салып ичиңиз.

Ар ким өз бактысы үчүн күрөшөт. Эгер бойдок болсоңуз, өзүңүз жактырган адам менен түнкү 12ни бирге тосууга аракет кылыңыз. Аракетиңизден жыйынтык чыгып, сүйүктүүңүз менен бир болушуңуз мүмкүн.

Жыл алмашар түнү кимдир бирөө менен урушуп кетүүгө, ыйлоого, анан да эрте жатууга болбойт. Эгер жогоруда айтылгандарга жол берсеңиз кирип келген жылды ар ким менен урушуп, ызаланып ыйлап, уйкудан башыңыз чыкпай жүрүп өткөрүшүңүз ыктымал.

Жыл жаңырар күнү кир кийимдери­ңизди жуубаңыз да, таштандыны сыртка төкпөңүз. Болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине кыйынчылык жаралып калышы ыктымал.

Саат он экиге аз убакыт калганда кичинекей баракчага каалоо-тилегиңизди жазганга жана аны өрттөп жибергенге жетишиңиз. Өрттөп жиберип бокалдагы шампанга кошуп аралаштырып ичсеңиз каалоо-тилегиңиз аткарылат деген ишеним бар.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан