Май айы босогону аттады дегиче мектеп бүтүрүүчүлөрү толкундана башташат. Бир четинен 11 жыл чогуу окуган классташтар менен коштошуу керек болсо, экинчиден жаӊы жашоого бет алуунун алдында турушат.
Ал эми эбак эле мектепти бүтүп кеткендер кайрадан балалыкка сапар алып, классташтарга болгон сагынычты жазууга 10 жылдык, 20 жылдык кечеге аттанышат. Биз атактуулардын арасындагы 10 жана 20 жылдыкка барчулардын айрымдарын кепке тарттык.Нурбек Аканов, спортчу: «МЕКТЕПТИ СПОРТ ЗАЛДАН АЯКТАДЫМ ОКШОЙТ»
– Мен 11-классты Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылындагы Чамгыр-Таш орто мектебинен аяктагам. Быйыл, буюрса, мектебиме футбол талаасын жасатып берүүдөмүн. Бул менин учурдагы окуучулардын бактылуу балалыгына кошкон салымым.
Өзүмдүн окуучулук күндөрүмдү эстесем, дароо эсиме спорт зал түшөт. 10-11-классты спорт залдан аяктадым окшойт. Кызыгы, мектептен эч калчу эмесмин, ошол эле убакта сабактарга да көп кирчү эмесмин (күлүп). Өзүмө окшогон Улан, Тимур деген досторум бар болчу. Үчөөбүз башкалардан айырмаланып директордун кабинетине тез-тез кирчүбүз. Ал 10 күндө бир бизди кабинетине чакырып, «шоктонбогула, сабактан качпагыла!» деп эскертип турчу. Азыр дагы эже-агайлар «өтө шок болчусуӊ, сенден мындай спортчу чыгат деп эч ойлогон эмеспиз» деп калышат.
Быйыл биздин 10 жылдык. Мектепте 10 жылдыкты көп деле майрамдашпайт, бирок классташ балдар жолугушуп турабыз. Буюрса, 20 жылдыкта баарыбыз көрүшөбүз деп ойлойм. Азыр да классташ балдар менен жүргөм, алар менен тыгыз катышкандыктан дайыма эле биргебиз.
Кундуз Канатбек кызы, ырчы: «МЕКТЕПТИ ЭСТЕГЕН САЙЫН КУСА БОЛУП ЫЙЛАЙМ»
– Борбордогу №51-гимназияны аяктагам. Окуучулук кезимди эстегенде дайыма көзүмө жаш тегеренип кетет. Ал кезди абдан сагынам. Мектепти кечээ эле бүткөндөй сезилет. Бирок билинбей эле 10 жыл өтүп кетиптир. Класс жетекчибиз Талант Асанкулович деген агай болчу. Аны өз атабыздай жакшы көрчүбүз.
Жакында эле классташтарым чалып, 10 жылдыкка болгон пландарын айтышты. Мугалимдерибиз, мектептин директору жана сүйүктүү класс жетекчибиз Талант агай бизди абдан күтүп жатышыптыр. Эмнегедир көзүмө жаш алдым. Классташтар менен бүтүрүү кечесинен кийин таӊ тосконбуз. Эсимде, бүтүрүү кечесинен кийин көпкө чейин куса болуп жүргөм. Биз 11 жыл ичинде бир туугандай эле болуп калган элек. Эми, буюрса, 29-майда акыркы коӊгуроого катышат экенбиз, анан мугалимдерибиз менен майрамдайбыз.Элиза Кененбаева, журналист: «10 ЖЫЛДЫК ЭКЕНИН УНУТУП КОЮПТУРМУН»
– И-и, мектепти аяктаганыма 10 жыл болгонун унутуп калган турбаймынбы?! Мен Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы №2-мектепти 2005-жылы бүткөм. Класста 20 чакты бала, 5 же 6 эле кыз окучубуз.
Тилекке каршы, азыр чет жерде болгондуктан бир жылдан бери бир дагы классташым менен байланыша элекмин. Мага жолугушуу болот деп деле айтыша элек. Себеби биздин класста орус улутундагылар көп болчу. Алардын баары эле Орусияга кетти окшойт. 5 жылдыкта жолукканбыз. Менин апам класс жетекчибиз эле, балдар биздин үйгө чакан белегин көтөрүп алып келишкен. Балким, биздикилер деле чогулушар, бирок биздин мектепте мындай нерсе көп деле боло берчү эмес.Гүлзинат Суранчиева, ырчы: «МЕКТЕПТИ 6 ЭЛЕ ОКУУЧУ БҮТКӨНБҮЗ»
– Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүткөм. Эсимде, апам мени 6 жарым жашымда Ысык-Көлдөн Бишкекке окутам деп алып келген. Ал учурда тандоо аябай катуу болчу, мен экзамен тапшырып, «5» деген баа алып өтүп кеткем. 11-классты 6 эле окуучу бүткөнбүз. Тилекке каршы, мени менен «Шантелл» тобунда чогуу эмгектенген классташым Эмил Жакыпбеков былтыр каза болуп калды. Ырчы Жаныш Момунов экөөбүз дагы классташпыз.
Биз 20 жылдыкты 20-майда белгиледик. Биздин юбилей мектебибиздин 50 жылдыгына жана Мукаш Абдраевдин 95 жылдыгына туура келиптир. Бүтүрүүчүлөр чогулуп, аябай чоӊ кече өткөрдүк. «Зарылчылыгыӊарга керектегиле» деп мектепке акча чогултуп бердик.
Мындан сырткары ырчы Назми, актёр Камчы Сарыбаев 20 жылдыкка, ырчылар Азат Болотбек, Каныкей, Назгүл Токтакунова, ди-джей Нурзада Жолдошева жана продюсер Канат Кадыржандар 10 жылдыкка барышат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg