ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН, КАДЫРМАН КАРЫЛАР

Карылардан ак бата

Кирип келе жаткан жолборс жылын утурлай баш калаабыздагы карыларды куттуктаганы жөнөп калдык. Биздин бул демилгебизди ырчыларыбыз да колдоого алышты.

ЫРЧЫЛАР ЫР СУНУШАТ

Айтылган убакытта тез эле Абай көчөсү менен Скрябин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан карылар үйүнө кирип бардык. Эшик алдында отурган карыларыбыздын айрымдары “ырчылар го. Концерт болот дешпеди беле” деп шыбырашып калышты. Чоң залда Ынак Осмоналиев музыкалык аппаратурасын даярдап бизди күтүп жаткан эле. Бир аз убакыт болсо да карылардын көңүлдөрүнө шаң ыроолош үчүн ырчылар Ынак Осмоналиев, Бегимай Эсенгулова, Алекс, Ильяз Андаш, Кумар Асанов, Нурайым­ Азыкбаева биз менен кошо барышкан. Ырчылар отургандарга ден соолук, узун өмүр, көңүлдүү маанай каалоо менен бирге жагымдуу ырларын созуп жатышты. Ал ансайын чоң эне-чоң аталарыбыздын жүздөрүнө жылмаюу уялап, ырчыларды кол чаап кубаттап, айрымдары кошулуп ырдап да жатышты.


Концерт учурунда карылар кеңешинин төрайымы
Галина Айнанкулованы кепке тарттык.

– Карылар үйүндөгү турмуш жөнүндө айтып кетсеңиз...
– Учурда карылар үйүндө жалпысынан 247 адам бар. Күнүгө үч маал ысык тамак берилет. Андан сырткары жумасына бир жолу мончого түшүрүп, шейшептерин алмаштырып турабыз.
Менин бул жердеги жумушум кайсы жерде талаш-тартыш болсо, кимдир бирөөлөрдүн ортосунда түшүнбөстүк жаралса дароо өз убагында чечүү, жадакалса андай маселелердин жаралышына жол бербөө. Ошондой эле ооруканага жатып калгандардын дары-дармекке кеткен акчасына, тамак-ашына көз салып туруу.
– Карылар үйүн өкмөт каржылайбы?
– Өкмөткө рахмат. Көрөр-багары жоктор, жакындары бар туруп каралбай калгандар, оорукчандар үчүн ушундай заңгыраган үй берди. Тамак-аш жагын, ооруканага жатып калса дары-дармек жагын бүтүн өкмөт каржылайт. Бул жердеги жашоо жаман эмес. Бардык шарты бар десем болот. Кааласа телевизор көрүшөт, сыртка чыгып сейилдешет.
– Жардам берген патриот уул-кыздарыбыз да болсо керек...
– Керектөөлөрүбүзгө жардам берген уул-кыздарыбыз көп эле. Мисалы, жакында эле бир жеке ишкер жигит карылардын бардыгына үйгө кийүүчү бут кийим алып келип берди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып «Супер-Инфо» гезитинин жамаатына чоң ыраазычылык билдиребиз. Атайын келип бизге ушундай жагымдуу убакытты тартуулап кеткениңерге рахмат. Дайыма бар болгула. Ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Ырчыларыбыз да жаңы-жаңы ырларды элибизге суна беришсин.


Карылар үйүнүн китепканачысы
Гүлжакан Байзакова төмөнкүлөргө токтолду.

– Бул жерде иштегениңизге канча болду?
– Менин бул жерде китепканачы болуп иштегениме бир жарым жыл болду. Өзүм Ысык-Көлдөн болом. Төрөлгөндөн эле жакшы баса албайм. 2-топтогу майыпмын. Турмушка чыккан эмесмин. Кыргыздарда үй эркек балдарга калат эмеспи. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин инилериме жүк болбоюнчу, үй алардыкы эмеспи деп бул жакка келе бердим.
– Пенсия аласызбы?
– Айылдан жети жүз кырк сом алчумун. Бул жерге келгенден кийин жүз токсон сом алып калдым. Жашаганыбызга кармайт экен. Бирок китепканада иштегеним үчүн беш жүз сом алам.


Коридордо телевизор карап отургандардын арасынан
Алымбүбү Жумагазиева да өз тагдыры менен бөлүшө кетти.

– Мен өзү Кочкор районунан болом. Ошко турмушка чыккам. Улуу балам төрөлөрү менен эле чарчап калды. Андан кийин төрөй албадым. Жолдошум оорудан каза болуп калды. Өмүр бою Кара-Суу районундагы ооруканада мээрман айым болуп иштедим. Акырындан колу-бутум ооруп, жакшы баса албай калдым. Бул кебетем менен үйдө жалгыз калсам эмне болот деп, Кочкордогу инимдикине бардым. Анын балдарынын баары үйлүү-жайлуу болгон эле. Үйдө кемпири экөө эле жашашчу. Ал кет деген деле жок. Өзүм эле батпагандай жаман боло бердим. Карылар үйүнө барып жашайм десем, иним «уят эмеспи, эл эмне дейт?» деп кетиргиси келген жок. Жок, барам эле барам деп отуруп алдым. Документ даярдап жатканда бир балдак менен басчумун, даяр болгондо эки балдак менен жүрө турган болдум. Кыязы, көп басканга күч келди окшойт. Бишкекке келгенимде карылар үйүндө орун жок он күн ар кайсы жерде жүрдүм. Бул жерде азыр жашоо жакшы. Кааласак уктайбыз, сыртта сейилдейбиз, телевизор көрөбүз, китеп окуйбуз.
– Пенсияңыз өзүңүзгө жетеби?
– Колума 1200 сом алам, жашаганыбызга 250 сом кармашат окшойт.
– Иниңиз келип турабы?
– Инимдин балдары Бишкекте да, алар бир айда бир келип турушат. Иним болсо атайын мага Кочкордон келбейт деле. Балдарына келгенде мага жолуга кетет.

Cүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан