АЛТЫН КУЙМАЛАРЫ – КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ

Алтын дайым бааланып келген. Убакыт өткөн сайын ал өзүнүн баалуулугун жоготпой сактап келе жаткандыгы таӊ калтырат. Согуш болобу, революциябы, жадакалса экономикалык кризис дагы адамдардын баалуу металлдарга болгон ишенимин жоготкон жок. Эгер адам баласына акчаны же алтын куймасын сунуштаса, ал сөзсүз түрдө алтынды тандайт. Кайра куруу башталгандан бери эл долларга, андан соӊ еврого салым кылса, эми кыргызстандыктар алтынга инвестиция кыла алышат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 7-майдан тарта салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 грамм өлчөмүндөгү өзгөчө коргоого алынып, таӊгакка бекитилген алтын куймасын сатыкка чыгарды. Бул таӊгак сертификат да болуп саналат. Бул типтеги куймалар казак алтынынан даярдалган. Мындан сырткары кыргыз алтынынан даярдалган 100 граммдык алтын куймасы бекитилген сертификаты менен кошо чыгарылды.
Алтын куймасынын биринчи партиясын даярдоого 45 килограмм алтын чыгымдалган. Улуттук банк бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, алды-сатты иши жолго коюлса, анын көлөмүн жыл сайын көбөйтүп турмакчы.
Алтын куймаларынын бардыгы 999,9 пробасындагы жогорку сапат болуп саналат. Сатып алууда чектөөлөр жок. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып
чыгууга укугу бар.
Алтын куймаларын сатыкка чыгарууга арналган маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жергиликтүү экономикадагы долларлашуунун деӊгээлин төмөндөтүүгө, атуулдардын аманаттарды тандоосунда бир гана валюта менен эмес, алтын менен да сактоого мүмкүндүк түзүүгө багытталгандыгын билдирди. Мындан сырткары бул долбоор республиканын зергерлик тармагынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Алтындын өлчөнгөн куймалары – бул келечекке ишенимдүү финансылык салым катары инвестициялануучу банктык жаӊы продукт болуп саналат.
Улуттук банк алтын куймасын сатыкка чыгаруу валюта рыногунун туруктуулугун камсыздайт деп ишендирет. Башкы банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акчаны алтын менен сактоонун өзгөчөлүгүнө мындайча токтолду:
– Алтын куймасын инвестициялык ыкма катары колдонуу үчүн аны кайра сатып алуу жагын да киргиздик. Ошондой эле доллар же башка чет элдик валюта менен сакталган депозиттердин көлөмүн азайтуу үчүн жарандарга алтын куймасы менен акчаны сактоо ыӊгайлуу экенин сунуштап жатабыз. Валютанын куну өйдө-ылдый болуп, түшүп кетиши мүмкүн. Бирок алтындын баасы дайыма жогору болуп, туруктуу абалда турарын изилдеп чыктык. Ошондуктан кардарлар акчасын алтын куймасы менен сактаса уттурушпайт. Биз ыӊгайлуу болсун үчүн президенттин жана парламенттин колдоосу менен атайын мыйзам менен алтын куймасын сатып алуудагы салыктарды дагы жокко чыгардык. Эми алтын куймасын аманатта сактоого боло турган экинчи баскычка дагы өтөбүз.
Төрага белгилегендей, 1 граммдан 31,1035 граммга чейинки салмактагы куймалардын партиясы Казакстанда казак алтынынан жасалган, ал эми 100 граммдык куймалар ААК «Кыргызалтын» аффинаж заводунда кыргыздын аффинаждалган алтынынан даярдалган. «Азыркы учурда, заводдун техникалык абалы майда куймаларды өндүрүүгө мүмкүндүк бербейт. Долбоордун экинчи этабында биз ата мекендик өндүрүштөн алтын куймаларын чыгарууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле күмүштүн өлчөнгөн куймаларын чыгаруу маселеси дагы каралып жатат»,- деп билдирди Абдыгулов.
Май айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган алтындан даярдалган куймаларды сатыкка чыгара баштады. Алтындан жасалган куймалардын өзгөчөлүгү жана артыкчылыктарын билүү максатында Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркуловго суроо узаттык.

Алтын куймаларын чыгаруунун максатына токтолуп кетсеӊиз?
– 1. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын рыногун түзүү жана өнүктүрүү.
2. Инвестициялоо жана байлыкты топтоо үчүн жаӊы инструменттердин рыногун түзүү.
3. Кыргызстандын коммерциялык банктарын ишенимдүү инвестициялык актив сактоочу катары жагымдуулугун жогорулатуу.
4. Өлкөдөгү банк рыногуна инвестицияларды тартуу.
5. Кыргызстандын алтын өндүрүү тармагынын өндүрүмдүүлүк потенциалын өнүктүрүү.
6. Экспорттолуучу продукцияга багытталган кошумча наркты көбөйтүү.
7. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарынын биржасын түзүү жана аны өнүктүрүү.

– Улуттук банк алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу менен эмнени күтүп жатат?
– Алгач алтындын өлчөнгөн куймаларын чыгаруу менен биз нак акчаны жүгүртүүнүн көлөмүн өзгөртүүнү көздөп жатабыз. Биздин болжолдоолор боюнча, бул өлчөнгөн куймалардын жардамы менен кагаз акчаларды алмаштырып, акчага болгон суроо-талаптын негизинде түзүлүүчү инфляциялык басымды төмөндөтөбүз.
Бүгүн кыргызстандыктардын көпчүлүгү акчасын депозиттерге салып келишет. Алардын 54 пайызы доллар аркылуу салууну көздөшөт. Бирок финансылык рынокто алтын куймаларынын пайда болушу менен келечекте коммерциялык банктарда металлдык эсептерди, алтын депозиттерин ачуу пландаштырылууда.

– Баалуу металл менен инвестицияны сактоонун өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы эмнеде?
– Баалуу металлдын өзгөчөлүгү анын валюта рыногундагы туруксуз мезгилде көпчүлүк инвесторлор өзүнүн каражатын бир аз туруктуу металл менен сактоо аракетинде алтындын курсуна басым кылышат. Алтын өзүнүн уникалдуулугу менен инвестициялык жана чийки актив катары көпкө чейин акча катары ири запасты түзүп турат. Баалуу металлдар пайда табуу максатында гана колдонулбайт. Ал реалдуу өндүрүш тармагында: микроэлектроника, зергерлик иш, медицинада жана башкада керектелет. Ошондуктан бардык баалуу металлда жалпысынан акчаны сактоонун жогорку ишенимдүүлүгү бар. Өлчөнгөн куйма – бул ушундай эле баалуу белек же эстелик катары колдонулат.

– Куймаларды сатуу жана сатып алуу процедуралары тууралуу айтып берсеӊиз, ал үчүн эмне кылуу керек?
– Өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу накталай жана нак эмес эсептешүүлөр аркылуу Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана ошондой эле Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын жүгүртүү кассасы жана ошол кассаларда коюлган пост-терминалдар аркылуу банк төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылат. Сатып
алуу учурунда кардар кассирге өздүгүн тастыктаган документти (юридикалык жак кошумча ишеним кагазын) көрсөтүп төлөгөндүгү туурасында дүмүрчөккө кол коёт.
Алтын куймаларын нак эмес эсептешүүлөр аркылуу сатууда кардар акчасын Улуттук банктын эсебине которот. Жеке тараптарга алтын куймалары өздүгүн тастыктаган документтин негизинде сатылат. Юридикалык тараптар кошумча ишеним кагазын көрсөтүшү керек. Алтын куймаларын нак эмес эсептешүүлөр аркылуу сатууда Улуттук банктын эсебине акча каражаты келип түшкөн күндүн эртеси берилет.
Банк төлөм карттары, пос-терминалдар аркылуу, нак эмес эсептешүүлөр аркылуу алтын куймаларын сатууда кардар кассирге өзүнүн банктык төлөм картын көрсөтүп, пост-терминалдагы ПИН-кодду терүүсү керек. Кассир карт-чектин жана өздүгүн тастыктаган документтин негизинде алтын куймаларын берет.

– Бул алтын куймалары өзгөчө коргоого алынды беле?
– Алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо өзүнчө кутучаларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммда өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу – өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таӊгакта) чыгарылат.
Бул таӊгак бир эле учурда мына ошол алтын куйманын сертификаты дагы болуп эсептелинет. Ошондуктан бул таӊгакты эч качан ачпагыла деп сунуштар элек. Ачылбаган болсо кайра сатып алууда эч кандай маселе болбойт. Бирок чийилип, таӊгак бузулса, банк аны экспертизадан өткөргөндөн кийин гана баасын төлөп берет. Бирок экспертиза үчүн мына ошол баанын 7 пайызы алынат. Анан текшерүүгө 10 күнгө чейин убакыт кетет. Банк өзү чыгарган гана алтын куймасын кайра сатып алат. Башка куймаларды сатып ала албайт.

– Баарынан кызыктуусу, алтын куймаларынын баасы кандай болду экен?
– Алтын куймаларды сатып алуу-сатуу баасы күн сайын улуттук валютада аныкталып, Улуттук банктын расмий сайтынын «Банктык өлчөнгөн куймалар» бөлүгүндө жайгаштырылат. Куймаларды кайра сатып алуу жогоруда белгиленгендей эле кутучасы-сертификаты бузулбаган шартта гана кабыл алынат. Биз ыӊгайлуу болуш үчүн атайын мыйзам менен алтын куймасын сатып алуудагы салыктарды дагы жокко чыгардык. Эми ар бир жаран алтын куймасын сатып алууда же сатууда кошумча нарк салыгын төлөйм деп коркпошу керек.
Алтын куймалары Улуттук банк белгилеген сомдун АКШ долларына болгон курсу боюнча жана Лондон биржасынын күнүмдүк баасы менен сатылат.

– Алтын куймаларын кайдан сатып алса болот?
– Куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ишке ашырат.

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101, тел.: (312) 66-91-41 же 66-92-31
Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 119, тел.: (3222) 2-12-7 же 2-12-20

Алтын эч качан бузулбайт, дат баспайт, эрибейт, сынбайт. Эгер сиз 100 грамм металлды сатып алсаӊыз, ал 50 жылдан кийин дагы өз баасын жоготпой турары анык. Бүгүн бир валюта үстөмдүк кылып келсе, эртеӊ башкасы, ал эми анын эртеси өлкө жок болуп, мамлекеттин акча белгилери эч кандай маани бербей калышы мүмкүн. Ал эми алтын башкаруунун ар кандай формасында жана жер жүзүнүн кайсы гана бөлүгүндө болбосун өзүнүн баалуулугун жоготпойт.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aruukeramazan
2015-05-26 04:20:02
Жакшы экен. Ийгилик. Казактын алтынынан албай эле озубуздун алтындан жасасанар абдан жакшы болмок
0
Adiko.saitov
2015-05-27 12:29:12
онугуу жолунда
0
Adiko.saitov
2015-05-27 12:31:11
алтынды жакшы чыгарыптыр
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан