Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline спорттун мотордуу түрлөрү боюнча федерация менен биргеликте өлкө боюнча биринчи ирет масштабдуу мототур өткөрдү.
Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, иш-чаранын максаты – өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана Beeline байланышы менен жогорку ылдамдыктагы интернеттин сапатын баалоо. Катышуучулар сынак жана тест-драйв жыйынтыгында тандалып алынган. Натыйжада 8 адам тандалып, турга жөнөштү. Мотожүрүшкө мотоциклчендер менен бирге Beeline`дын башкы директору Олег Клочко да катышып, бир нече күн колоннанын түзүмүндө өлкө боюнча саякатта болду.
Мотобайкерлердин жүрүшү Ош, Жалал-Абад, Арсланбап, Токтогул, Суусамыр, Кочкор, Балыкчы, Кажы-Сай, Каракол, Чолпон-Ата аркылуу өтүп, Бишкекте карыды. Мотоциклчендер жалпысынан 2755 чакырым жолду багынтып өтүштү.
Маалымат өнөктөштөрүбүз – Коомдук телерадиокорпорация жана Hit FM радиосунун аракеттери менен мотожүрүш массалык маалымат каражаттарында кеӊири чагылдырылды. Ошондой эле мотожүрүштүн дагы бир өнөктөшү «НСК» камсыздандыруу компаниясы катышуучуларды камсыздандырды.
Кыргызстан – туристтик потенциалы зор, табияты ажайып өлкө. Биз өз өлкөбүз менен сыймыктанабыз!
Мототурдан толук фотоотчётту Facebook`тагы Beeline расмий баракчасынан - https://www.facebook.com/beeline.kg дареги боюнча көрүүгө болот.