ЭСТЕ КАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗ...

Бир собол

Жыл тогошор күн аз калды. Берекелүү уй жылын узатып, жолборс жылын утурлап турабыз. Ар бир узаткан жыл өзүнчө окуялар менен коштолот эмеспи. Мына ошондой эсте калган Жаңы жылын төмөнкү замандаштарыбыз баяндап беришмекчи.

Нурдөөлөт Копоев
“ҮЙДҮ ӨРТТӨП ЖИБЕРЕ ЖАЗДАГАМ”

– Балалык кандай гана сонун мезгил! Жыл тогошор маалда ар дайым бир нерсе эсиме кылт дей түшөт. Үй-бүлөдө кандай гана майрам, кубаныч болбосун, эжем экөөбүз концерт коюуга даяр элек. Кайсы жыл экени эсимде жок. Жаңы жылга адаттагыдай эле эжем экөөбүз катуу даярданып жатканбыз. Эжем өзүнчө Алла Пугачёва болсо, мен шыпыргыны гитара кылып өзүнчө эле Жимимин. Ошентип, концерт коюп үйдөгүлөрдү кыраан-каткы күлкүгө бөлөп отурганбыз. Саат 12ни какканда эле ашканабыздан түтүн чыгып жатат. Ызы-чуу түшүп эле калдык. Көрсө, мен мештин үстүнө каучук кумганды койгон боюнча унутуп коюптурмун. Ал эрип полго түшө баштаган экен. Ошентип, аз жерден үйдү өрттөп жибере жаздагам.


Курмангазы Азыкбаев
“АЯЗ КЫЗГА АЙЛАНГАНДА...”

– Бул окуя студент кезде болгон. Анда жатаканада жашачумун. 31-декабрь. Майрам алдында дос балдар менен ачуудан бастырып алганбыз. Ашказан курулдаганда кыздардын бөлмөсүн кыдырып кирдик. Бир бөлмөгө баш баксак эч ким жок. Керебеттин үстүндө Аяз кыздын кийими турат. Балдар кийимди кармап: “Куке, сага чак келет окшойт. Кийип алып кыздарды тамашага салалы да, анын артынан курсакты кампайталы”,- дешти. Кийим чак болгону менен бут кийими тар экен. Бармактарым бүктөлсө да эптеп кийип алдым. Ошентип, Аяз кыздын костюмун кийген боюнча бардык бөлмөдөгү кыздар-балдарды куттуктап, майрамды өтө шаңдуу тосконбуз. Ошондо катуу майрамдап койгон экенмин, эртең менен ойгонсом кыздардын бөлмөсүндө жатыптырмын.


Сапар Эркебаев
“ТОКМОК ЖЕГЕМ”

– Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайда окуп жүргөн кезим. Анда ырчы болуп элге тааныла элек болчумун. Бир күнү топтошуп бир баланы сабасак, эртеси алар бизди сабап кетишет дегендей, айтор, студенттик күндөр өкүм сүрүп турган убак. Жаңы жылды группалаш балдар менен чогуу тосмой болуп, шаардагы кафелердин биринде отурганбыз. Маңдайдагы столдо отургандардын арасында келишкен бир кыз бар экен. Музыка жаңырып, баарыбыз бийге чыктык. Бир маалда вальс жаңырды эле, мен түптүз барып тиги суйкайган кызды бийге тарттым. Жакшы эле бийлеп жатканбыз. Бир маалда эмне болгонун түшүнбөй калдым, бир байке жаныбызга келип мени желкеден алды. Ошондо экөөбүздүн мушташканыбызды сураба. Ал мени сыртка сүйрөп чыгып көгала кылып сабап салды. Себебин сураштырсам, ал жигит бийлеп жаткан кыздын күйөөсү экен. Ошентип, Жаңы жылды токмок жеп тоском.


Айжан Газиева
“ЖААНДА КАЛГАМ”

– Эсте калган Жаңы жыл десең жаңыдан сахнага чыга баштаганым эсиме түштү. 2002-жылдын 31-декабры эле. Ала-Тоо аянтында бардык ырчылардын катышуусунда концерт өтүп жаткан. Мен болсо эң аягында ырдамакмын. Ырдагандар Жаңы жылды тосууга шашып кетип жатышты. Мен ырдап бүткүчө Жаңы жылга бир аз эле убакыт калды. Жолдо такси күтүп турам. Жаан болушунча нөшөрлөп жаап жатат. Жолдо бир да кыймыл жок. Эми суу болуп тоңуп турганымды айтпа. Саат түнкү 12:00дү какты. Ошентип, Жаңы жылды нөшөрлөгөн жаандын астында тоском.


Бегимай Бекбоева
“ТОРТ ЖЕШ ҮЧҮН УКТАБАЙ ОТУРГАМ”

– Мектепте окуп жүргөн кез. Жаңы жылды ата-энем кесиптештери менен тосмой болушту. Мен аларды ээрчисем торт алып берип алдап таштап кетишти. Ошентип, биз таенем жана эжем болуп үйдө калдык. Алар “түнкү саат 12ге чейин уктап алалы. Тортту ошондо жейбиз” деп жатып алышты. Тамаксоо жаным торт үчүн 12ге чейин чыдап отура бердим. Убакыт келип таенем менен эжекемди ойготсом, ойгонушпайт. Анан сааттын жебеси 12ни какканда көчөгө чыктым. Элдин баары түрдүү жардыргычтарды жардырышты. Мен өзүмдү-өзүм алдап үйдөгү үйлөнгөн чоң шарларды алып чыгып, мык менен “тарс” эттирип жарып коюп кирип кеттим. Мына эмесе деп көптөн күткөн тортту эки колдоп жанталашып жей баштаганда, таенем ойгонуп: “Ой, Жаңы жыл келип калдыбы?”- деп жатпайбы.


Замир Арыкбаев
“САЛЮТУБУЗ АТЫЛБАЙ...”

– Жаңы жылга эки күн калганда Бишкектен айылды көздөй жөнөп калдым. Үйдөгүлөргө белек-бечкек менен кошо чоң салют да сатып алгам. 31-декабрь күнү майрамга катуу даярданып жатабыз. Инимдин болсо эки көзү салюттан өтөт. “Качан 12 болот, качан салют атабыз?” деп баарыбыздын шаштырат. Сыртымдан билдирбегеним менен, мен деле ичимден кандай атылар экенине кызыгып турдум. 12ге чукулдап калганда жаркырап салюттар атылып калды. Биз да чыгып салютубузду атайын десек, ичиндеги жиби үзүлүп калыптыр. Иним болсо “элдин баары аттырып бүтмөй болду” деп чырылдайт. Ширеңке жактык күйбөйт, чок салдык күйбөйт. Таптакыр атылбай койду. Апам да кейип алган. Салют атылбай койгондуктан, акыры карга сайып коюп кирип жатып алдык. Эртеси эшикке чыгып карасак, баягы салюттун чачырандылары жатат. Ошентип, салютту биз атпай эле өзү атылып, кызыктуу Жаңы жыл тосконубуз эсимден кетпейт.


Кумар Жалиев
“МАС ДОСУМДУ ЖЕТЕЛЕП ТОСКОМ”

– Бир жылы Жаңы жылды досторум менен чогулуп кафеден тосмой болдук. Башында биздин компания шайыр-шаңдуу эле отурганбыз. Жаңы жылга саналуу гана мүнөттөр калганда, жакын досум көп ичип алып чатак сала баштады. Ал: “Мен Жаңы жылды көчөдөгү лампочкаларды тарсылдата жардырып тосом”,- деп кыйкырып кирди. Жөн эле тамашалап жатабы десек, чындап эле сыртка чыгып алып таш чогултуп жатат. Тим эле жулкунуп алган. Аны жоошутуп, ары бери сүйрөгөнчө эле Жаңы жыл кирип келди. Ошентип, жакшы тилек айтып Жаңы жылды тосуунун ордуна мас болуп калган досумду жоошутуп, ары-бери жетелеп жүрүп тосконум эсимден кетпейт.


Айгүл Чалова
“ЖАЛГЫЗ КАЛЫП ЫЙЛАГАМ”

– 2009-жылды тосконум өмүр бою эсимде калат окшойт. Ар жылы Жаңы жылды ата-эне, бир туугандарым менен тосчумун. Бирок уй жылын жигитим менен тосом деп оолугуп алдым. Дасторкон жайып даярданып, жигитимди күтүп отурам. Ал эмнегедир кечигип жатты. Мына келет, ана келет деп өзүмдү-өзүм алдайм. Келген жок. Жигитимдин дайынын таптырбай жоголуп кеткенине ыза болуп, Жаңы жылды аябай ыйлап тоском. Анан сүйгөнүм келип, автотыгында калып калганын айтып кечирим сураганы дале эсимде.

Бурул Исмаилова, Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан