«Салам, Нью-Йорк!» , «Сүйүктүүмдүн каарманы» тасмаларынын режиссёру Руслан Акун кырк жылкылуу болду. Учурда Голливудда билим алып жаткан Руслан мырзанын жубайы Каныкей АКШда көз жарды. Кубанычы коюнуна батпай турган режиссёр «ымыркайыбызга Ариетта деген ысым ыйгардык» дейт. Учурда ата-энеге социалдык тармакта каалоо-тилек айткандардын саны арбын болууда.