Алтынай, ырчы Нелянын сиӊдиси: «УРМАТ ЖЕЗДЕМ АТАМА АЯБАЙ ОКШОШ»

«Жалган, жалган» деген ыры менен белгилүү болгон ырчы Нелянын азан чакырылган аты Эльмира эмес беле. Күйөрмандары үчүн Неля болсо, үйүндөгүлөр ырчыны азыркыга чейин Эльмира дешет экен. Бүгүн конок төрүбүздөгү Нелянын сиӊдиси Алтынай эжеси тууралуу көп кызыктарды айтып берди.

«ЭЖЕМ МЕНИ КУУРЧАК КЫЛЫП ОЙНОЧУ»
Үйдө үч бир тууганбыз. Улуусу Венера эжем, ортончусу Эля эжем жана эӊ кичүүсү мен. Эля эжем менден улуу болгондуктан азыркыга чейин мени кичинекей кыздай көрөт. Бала бакчада майрамдар болгондо мени боёнтуп, чачымды жасап берип, көйнөк тигип, ага жалтырак таштарды, периштенин канатын чаптап, айтор баарын өзү даярдап берчү. Анан аябай шайыр эле, кичинемде мага узун колготки кийгизип, бут жагын түйүп туруп «эми басып көрсөӊ» деп шылдыӊдай берчү. Мен чалынып жыгылып жатып араӊ бассам боору эзилгенче күлөр эле. Жаӊы косметика алса көзүмдү, бетимди боёп, карандаш менен кал коюп мени куурчак кылып ойной берчү. Мен кичине болгонгобу анын мындай камкордугуна анча көӊүл бөлө бербептирмин, бакканын анын милдети катары көрсөм керек. Үйдө эӊ эле оокатка тыӊы Эля эжем. Буюм, эмеректердин ордун жылдырып, такай иретке келтирип турчу. Азыр үйүндө деле ошондой, бөлмөлөрү чачык турганын көрбөйсүӊ. Эжемдин бир убакта 5-6 жумушту чогуу алып кеткенине таӊ кала берем. Мисалга менин андай өнөрүм жок. Бир жумушту бүтүрүп, анан экинчисин баштайм. Анын үйү өзүнчө эле бала бакча. Бир бөлмөгө балдарын отургузуп, колдоруна пирог карматып, мультфильм коюп берип коёт. Алар мультфильмге алаксып отурганда үй иштерин жасайт, намазын окуйт, спорт менен машыгат. Мунун баарына кантип жетишет, таӊ калам. Тамакты аябай даамдуу жасайт, ошон үчүн да Урмат жездем курсак байлап калса керек (күлүп).

«ТУРМУШКА ЧЫККАНДА АПАМА КОШУЛУП ЫЙЛАГАМ»
Эля эжем турмушка чыгып кеткенде бөлмөлөр тыптынч болуп, үйүбүз ээнсиреп калган. Ал барда үйдө дайыма музыка жаӊырып, жандуу болуп турчу. Үйдө ар бир адамдын өз орду болот эмеспи, анын жоктугу аябай билинген. Ал турмушка чыкканда 12 жашта элем. Кыз узатуу тоюнда көп ырчылар келген. Апам, Эля эжем ыйлап жатышса «эмнеге ыйлап жатат, турмушка чыкканда сүйүнүш керек да» деп ойлогом. Аны алып кетип жатканда апам ыйласа, мен да ага кошулуп ыйлаганым эсимде. Жездемдин кулагын уялып жатып араӊ чойгом. Эшикте ойноп жүрсөм мени жеӊемдер чакырып алып, «жездеӊдин кулагын чой» дешти. Барсам жездемдин жанында Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев отуруптур. Акырын артынан өтүп жездемдин кулагын ушалап эле койгом.

«ЖЕЗДЕМДИН ЭРКЕ БАЛДЫЗЫМЫН»
Жездемдин жалгыз балдызымын да, ошондуктан мени көп эркелетет. Туулган күндөрүмдү өткөрүп берет, бир нерсе сурасам такыр жок дебейт. Былтыр окууга тапшырып жатканда жездем мени «Манас университетине тапшыр» деп кеӊеш берди, анткени өзү ошол окуу жайды бүткөн да. Бирок мен башка окуу жайды тандадым.
Эжем кээде биздин үйгө балдары менен келип бир жума жүрүп кетишет. Ызы-чууну көтөрө албай кеткен учурларым да болот. Жээндерим атасы келгенде эле эркелеп болбой калышат, ал эми апасынын көзүнчө жоош эле.

«ДОСТОРУМ «ЭЖЕӉ СУЛУУ» ДЕШСЕ СЫЙМЫКТАНЫП КАЛАМ»
Эля эжем 18-19 жашында машина айдаганды үйрөнгөн. Атама аябай жакын болчу, экөө өздөрүнчө эле жумуштарын бүтүрүп, машинасы бузулуп калса апама айтпай оӊдотуп жүрө беришчү. Атам каза болгондо эжем анын жоктугун билдирбей ордун басты. Үйдүн кем-карчысын, керектөөлөрүн эжем көтөрчү, азыр деле жездем экөө каралашып турушат. «Айымдар атасына окшош мырзаны издейт» деп коюшат го. Урмат жездем атама аябай окшош, мүнөзү, оор басырыктуулугу, көп сүйлөбөгөнү, күлгөндөрүнөн бери. Атамдын сабырдуулугун, сылыктыгын Неля эжем тарткан, оӊой менен жини келбейт. Жини келсе сөз менен эле чучугуӊа жеткирип коёт.
Дүкөн кыдырып жакшы туфли көрүп калсам дароо сүрөткө тартып, WhatsApp'тан эжеме жөнөтүп жиберем «сизге жарашчудай» деп. Өзүм кийим алганда да «жараштыбы же жокпу?» деп кеӊеш сурай берем. Дос-курдаштарым «эжеӊ сулуу ээ» деп айтканда сыймыктанып кетем. Сулуулугуна эле эмес, анын багындырган ийгиликтерине үй-бүлөбүз менен кубанабыз.

БИР ТУУГАН НУРКУЛОВАЛАР

Венера Нуркулова, үй кожойкеси, 37 жашта
Неля Нуркулова, ырчы, 32 жашта
Алтынай Нуркулова, студент, 19 жашта

"Эля эжемди курбумдай көрөм. Болгон сырымды аны менен бөлүшөм".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
chupachups-89
2015-06-01 14:37:31
Урматка бажа болуп алсам окшойт:)
+6
aqua-94mema
2015-06-01 14:39:56
32 жашта дейби ? Мен аны 27-28 болсо керек дегенмин . Алтынай айым дагы сыймыктансаныз болот . Неля эде жаш да корунот экен .
+1
Patriot...kg
2015-06-01 14:42:15
Неля эже жана сиңдиси бактылуу болуңуздар
+1
LadyD
2015-06-01 17:11:50
32???? Неляны ашып кетсе 28де экен деп ойлогом... Анжеликалардай эле корунот... молодец!!!
+3
Aksy-13
2015-06-01 23:13:48
Нелянын мунозу оор басырыктуулугу аябай жагат, аябай жашкорунотго ото акылдуу жана ыймандуу жар экен бактылуу болушсун синдиси экоо тен!
+1
momuntay
2015-06-02 01:08:36
Нелянын синдиси да Неляга окшош окшойт.
0
Symbaaatik
2015-06-02 13:04:20
Nelya eje oto nazik ajarluu aiym jagat baktyluu bolunuz
+1
guljigit88
2015-06-03 09:30:08
Неля ийгилик сага
+1
Ayka1994
2015-06-03 18:05:56
Магада жагат синдиси экоо окшоп кетишет экен. Бактылуулук жана жашоодогу ийгиликтерди каалайм сиздерге
0
kyrchyn42
2015-06-03 23:58:00
Неля абдан назик уян корунот ко бирок синдисинин айтканына караганда абдан тын экенда бактылуу жубайлардан болушсун
+1
Sharipa-asia
2015-06-04 00:59:58
Неляга уйлонгон Урмат мырза бактылуу адам экен, бешенеси бар! ! Бактылуу болгула
+1
belka
2015-06-05 23:33:47
Бактылуу болсун!
0
g.jumabekova
2015-06-07 10:22:41
Неля суперге берген бир маегинде синдим диний мектепте окуйт. Синдим салют аттыруу куноо экенин айтты ошого быйыл жаны жылды салютсуз тособуз деген. Синдиси дин жолунда жургонго окшобойт ко. Же бир берилип кайра таштап койгонбу.
0
guzel_
2015-06-25 11:26:50
Урмат да неля да пара эле.бойлору да кыска
0
guzel_
2015-06-25 11:29:14
Артист адамдын оор басырыктуу анан суйлобогонун коргон эмесмин.баары эле женил болот.
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан