«Балам өзү кийинип, өзү тамактанып, ордун өзү жыйнаса сонун болот эле. Буга качан үйрөнөт билбейм...» Албетте, ата-эне мындай сөздөрдү түйшүгүнүн көптүгүнөн улам айтат. Бирок ошол эле учурда баласын кичинесинен туура тарбиялабаганын элес албайт. Анда баланы 2-5 жаш аралыгында өз алдынчалыкка үйрөтүү жолдорун психолог Нурзада Маямерова баяндайт.
КИЙИНҮҮДӨ ЖАНА КИЙИМ ТАНДООДО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК
Балага ылайык жерге анын кийимдери сактала турган комодду же жапыз шкафты (кийим илгичтери менен) жайгаштырыӊыз. Такыр болбосо шифоньердин же чоӊ
шкафтын ылдыйкы бөлүктөрүн ага бөлүп бериӊиз. Буюмдарына колу жетерлик болсо бала кийимдерди тандоого кызыгып, өз алдынча кийинүүгө умтулат.
Кийимдин жана бут кийимдин оӊой кийилип-чечиле тургандарын (жабышуучу жана кнопкалуу) алып берүү оӊ. Ушундай болгондо бала сиздин жардамыӊызсыз өзү кийинип-чечинүүнү бат үйрөнөт.
Анан дагы кээ бир кыздар куурчактарына кийимдерин кийгизип ойнойт. Мындай болсо тим коюӊуз, бул кийинип-чечингенди үйрөнүүгө жардамчы болот.
Жуунуучу бөлмөгө кир кийимдерди сактоочу корзина коюп, балаӊызга ага кир кийимдерин таштоону айтыӊыз. Ылайыктуу жерде бала өзүнүн толук бой-турпатын көрө алгыдай чоӊ күзгү орнотуӊуз. Күзгүгө катар үстүнө тарак жана башка майда-чүйдөсү тура турган текченин болгону оӊ.
ЖУУНУУДА...
Жуунуучу бөлмөгө колу кранга жетип, өзү жууна алуусу үчүн кичинекей стол коюп коюӊуз. Крандын жанында ага тиешелүү тиш пастасы, щёткасы стаканда салынган болуусу керек. Сүлгүсүн да колу жетерлик жерге илиӊиз.
ТАМАКТАНУУДА...
Ашканага чоӊ эмес шкаф же текче жайгаштырыӊыз. Ал жерде баланын идиши, суусундук, салфетка жана стол үстүн сүртүүчү чүпүрөк турсун. Сындырып албашы үчүн желим идишти эмес, керамика же фарфор идиш коюӊуз. Тамак ичерде аларды этияттап столго коюуну жана ичкенден кийин кайра жыйноону көрсөтүӊүз. Кокус баары бир сындырып алса, урушпаӊыз. Бала кайсы буюм морт же бышык экенин ушундайлардан улам билерин унутпаӊыз.
Балага өз алдынча кыйналбай жей турган тамак жасаӊыз. Мисалы, спагеттинин ордуна макарон, ал эми пюренин ордуна картошканы жана жашылчаларды майдалап кесип бышырыӊыз. Эгер бала тамакты кашык менен жегенге үйрөнүп калган болсо, анда ботко, пюре, суюк тамак боло берет.
Балдар тамак-аш даярдоого да катышкылары келет. Андыктан аларга бананды аарчууну, токочторду түрдүү формада кесүүнү, боорсок тизүү дегендерди тапшыра бериӊиз.
УКТООДО...
Баланын керебети уйкусу келген учурда өзү барып, төшөгүн өзү ачып, өзү жамына тургандай ыӊгайлуу болсун. Уктаар алдында дайыма аткарылуучу бир адат уюштуруӊуз. Мисалы, кечки чай же китеп окуп, жомок айтып берүү. Бала ушундай нерселерден кийин уктоочу мезгил келгенин айттырбай биле турган болсун.
ОЙНООДО ЖАНА МУЛЬТФИЛЬМ КӨРҮҮДӨ...
Оюнчуктары сакталуучу жашик же текче коюп берип, ойногондон кийин оюнчуктарын ошол жерге тизүүнү айтыӊыз. Каалаган учурда отуруп алып сүрөт тартуусу, пластилинден бир нерселерди жасашы үчүн баланын боюна ылайык жапыз стол отургучу менен болуусу зарыл. Столго ал көрө турган мультфильмдердин дисктерин коюп, DVD`ни иштетүүнү үйрөтүӊүз.
Столдун үстү же отурган жери чачылганда жыйноого керектүү шыпыргы (щётканы), ыпыр-сыпыр салгыч күрөкчө (савок) дайыма бир орунда, оӊой алынуучу жерде туруусуна көз салыӊыз.
АКЫРКЫ СӨЗ ОРДУНА
Кичинекей баланын да өз бөлмөсү (же орду), өз буюму болуп, аны каалаган убагында колдоно алуусу керек экендигин билдиӊиз окшойт. Мындан тышкары балага бир нерсени жасап-үйрөтүүдө чыдамдуу болуӊуз. Эч качан «мындан көрө өзүм жасай салайын» дебеӊиз. Анткени ал али кичине жана тажрыйбасы жок болгондуктан, кичине ишке көп убакыт короторун эске алыӊыз. Бала бир нерсени төксө, же чачып алса, же туура эмес жасаса, аны сындабаӊыз, урушпаӊыз. Бала өз катасын өзү түшүнүп, андан жыйынтык чыгарып, кайталабоого аракет кылуусуна жол бериӊиз. Ошондо гана балаӊыз өз алдынчалыкка үйрөнүп, сизге түйшүк арттырбайт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg