2009-ЖЫЛ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

Жыл жыйынтыгы

Кэчээ эле босогобузда баш багып турган уй жылы минтип тез эле сапарын карытты. Бул жылы элге төбөсү көрүнгөн кайсы адамдар арабыздан өтүп кеткенин эскерүү менен өлкөбүздө болуп өткөн урунттуу окуяларды барактадык.

ЖАРДАМ, НАСЫЯ...
Көп жылдардан бери ишке ашпай жаткан ишти бүтүрүүгө үмүт жанган күн. 3-февралда Кыргызстан менен Орусия эки тараптуу келишимге кол коюшту. Орусия Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллио­н долла­р жардам жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 миллиард 700 миллион доллар кредит бөлөрү маалым болду.

МЕДЕТ САДЫРКУЛОВдон АЙРЫЛУУ
Бул жүрөк титиреткен окуя ар бир кыргызстандык атуулга жаман таасирин бербей койбоду. 13-мартта таңкы саат бештер чамасында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кой-Таш айылы тараптагы капчыгайда токтоп турган Лексус машинасын Ауди сүзүп, өрт чыккан. Лексустагы үч адам таанылбай турган деңгээлде күйүп кеткен. Каза болгондордун бири президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркулов болчу.

ДЕПУТАТ АТЫЛДЫ, КИЛЛЕР КАРМАЛДЫ
Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын жаш депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрель күнү кечки саат бештерде Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер депутатты бир ок менен башка атып, максатына жеткен. Шектүү деп саналган А.Итибаев 20-апрелде кармалып, күнөөсүн моюнуна алды.

16 АДАМ ЖЕР КӨЧКҮНҮН АЛДЫНДА КАЛДЫ
15-апрель күнү түнкү саат он экилерде Аксы районундагы Райкомол айылында жер көчүп, алты үйдү басып калды. Андан 16 адам каза тапты. Каза болгондордун ону жаш балдар.

УЛУТТАР АРАЛЫК КАГЫЛЫШУУ
26-апрель күнү Москва районундагы Петровка айылында улуттар аралык кагылышуу болду. Окуя “25 жаштагы Абдулла аттуу күрт жигит Настя деген 4 жашар кызды зордуктады” деген маалыматтын негизинде келип чыккан. “Мындай ишке жол берилбеши керек” деген кыргыздар күрттөр менен кагыша кетишкен. Жыйынтыгында 16 үйдүн терезеси, беш машина талкаланып, бир машина өрттөлгөн. Ок атышуунун негизинде үч кыргыз ар кандай жаракат алган.

“АЛА-ТОО” АЯНТЫНДА ЖАҢЫЛЫК
1-июнда борбор шаарыбыздын “Ала-Тоо” аянты кайрадан жаңы өңүттө ачылды. Баш калаанын башчысынын демилгеси менен оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, аянт шаар тургундары көңүлдөрүн сергите турган жайга айланды.

ТЕРРОРЧУЛАР ЖОК КЫЛЫНДЫ
23-июнда Ооганстанда атайын даярдыктан өткөн куралчан беш террорчу Кыргызстандын аймагына кирип келишти. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин антитеррордук операциясы менен Сузак районунда “Өзбекстан ислам кыймылынын” 5 мүчөсү жок кылынды. Кармоо учурунда УКМК­нын бир кызматкери каза таап, экинчиси жаракат алды.
УКМКнын атайын кызматы бул окуядан төрт күн өткөндөн кийин “Ислам жихад” Эл аралык террорчулар уюмуна мүчө болгон үч куралчан адамды Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында жок кылышты.

ЦЕМЕНТ ЗАВОДУ ИШКЕ КИРДИ
Акыркы мезгилде Кыргызстанда эч бир завод-фабрика ишке кирбей калды” деген пикир күчүн жоготкон күн. 14-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарчасында “Түштүк-Кыргыз” цемент заводу ишке кирди.

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО
23-июлда Кыргызстан өз келечегин тандады. Башкача айтканда бир нече талапкерлердин ичинен кыргыз эли президент катары Курманбек Бакиевди тандап алды. Экинчи мөөнөтүн өтөөгө киришкен президентибиз 2-августта Өкмөт үйүнүн чоң залында кыргыз эли үчүн ак кызматын өтөөрү туурасында ант берди.

МАЙРА КЕРИМ кызы ДҮЙНӨ САЛДЫ
Кыргыздын ак таңдай келини, казак кызы, обончу Майра Керим кызы катуу оорудан улам 18-августта мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Төкмө акын эл аралык көптөгөн сыйлыктардын жеңүүчүсү жана элүүдөн ашкан обондордун ээси. Тилинде мөөрү бар акын бул дүйнөдөн өткөнү менен артында обондору, ырлары калды.

ШАМШЫБЕК ӨТӨБАЕВ КӨЗ ЖУМДУ
Кыргыз музыкасы орду толгус оор жоготууга учурады. 8-сентябрда 58 жаш курагында композитор, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шамшыбек Өтөбаев жүрөк оорусунан көз жумду. Даанышман композитордун атын эстей жүрчү калдайган калың калкы турганда Шамшыбек аганын аты эч качан унутта калбайт. Анын обондору, коңур үнү ар бир кыргыз жүрөгүндө жашап калат.

ДАЙЫНСЫЗДАРДЫН ДАЙЫНЫ БИЛИНДИ
2008-жылдын 30-сентябрында дайынсыз жоголгон Руслан Шабатоевдин сөөгү туптуура бир жыл бир күндөн кийин 1-октябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы капчыгайдан табылды.
Белгисиз адамдар экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун 1974-жылы туулган уулу Бактияр Амражановду 2008-жылдын 24-сентябрында уурдап кетишкен эле. Иликтөө иштеринен улам үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда кылмышкер катары издөөдө жүргөндөрдүн бири Улан Кожоев кармалган. Анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде кылмыштын бети ачылган. Маркумдун сөөгүн орусиялык эксперттер ДНК аркылуу дал өзү деп айтышты.

ӨКМӨТ БАШЧЫ ЖАҢЫРДЫ
21-октябрда президенттин жарлыгы менен Игорь Чудиновдун ордуна Данияр Үсөнов өкмөт башчы болуп дайындалды. Андан соң министрлер кабинети жаңыланды. 1-вице-премьерликтен Өмүрбек Бабанов оодарылып, анын ордуна Акылбек Жапаров келди. Вице-премьерлик эки орунду Тажикан Калимбетова менен Аалы Карашев ээлешти. Андан сырткары айрым министрлер ордуларында калышса, айрымдары жаңыланды.

АЮУНУН АЗУУСУНАН КАЗА ТАПТЫ
22-октябрь күнү Бишкек циркинде Орусия мамлекеттик циркинин үйрөтүүчүсү Дмитрий Потапов өзү үйрөтүп жүргөн аюунун колунан каза тапты. Анын ээ-жаа бербей каарданганынын натыйжасында Потаповдун жардамчысы оор жаракат алып ооруканага жеткирилди. Аюуну Свердлов РИИБинин кызматкерлери атып өлтүрүштү.

“СУПЕР-ИНФО” ЖОЛБОРС ЖЫЛЫ­НА 100 000 НУСКА МЕНЕН
Окурмандарды саясат, спорт, жергиликтүү жана дүйнөлүк шоу-бизнес, ден соолук, кыскасы, ар тараптуу маалымат, жаңылыктар менен камсыз кылып келе жаткан “Супер-Инфо” гезити жалпыга маалым. Аталган гезит жолборс жылын 100 000­ден ашык нускада тосуп алды.­

ТОО ЖАРДЫРЫЛЫП, СУУ БӨГӨЛДҮ
22-декабрда «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан соң тешкен тоо аркылуу мурдагы нугуна түшөт. «Камбар-Ата-2» ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын ишке кириши келе жаткан жылдын май-июнь айларына болжолдонууда.

ЖАНА ДА...

  • Кетет-кетпейт деген кызуу талаштардын башын бириктирип келген “Манас” аба базасы аскердик эмес жүктөрдү Ооганстанга ташуу максатында транзиттик база катары өлкөнүн аймагында калмай болду.
  • ЮНЕСКОнун Испанияда өткөн 33-­­­­оту­­ру­­­­­­мунда Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Сулайман тоо дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.
  • Кыргыз өкмөтү «2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясы, жылуулук, ысык суу кымбаттайт» деген токтом токуду. Бул кымбаттатуу 1-июлдан тарта дагы көтөрүлмөкчү.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан