9-Май күнү миллиондогон байге фонду бар «Элдик Лотерея» соода маркасынын «Береке» тираждык лотереясы жаӊы миллионерлерди аныктады. Мындан сырткары 22 жараныбыз 50 000 сомдук утушка ээ болду. «Береке» тираждык лотереясынын кийинки оюну 2015-жылдын 31-августунда КТРКда саат 19:00дө болот.
Толкун:
– 30-апрелде жолдошум экөөбүз «Ош базарынан» 3 билет алганбыз. Бирөөсү байгелүү болду. Кызым «апа, миллион сом утуп алдык!» деп айтканда кубанганымдан көзүмө жаш алдым. «Элдик Лотерея» компаниясына чоӊ рахмат. Ойносоӊор, сөзсүз утасыӊар. Жыпаргүл:
– 5-май күнү «Мадина» базарынан үч билет алгам. Бирөөсүнөн миллион сом утуп алдым. «Элдик Лотерея» компаниясынын
www.lottery.kg сайтына кирип текшерсем, «миллион сом уттуӊуз» деп чыкты. Алгач көргөндө ишенген жокмун. Эми гана ишене баштадым. Буга чейин деле ойноп жүрчүмүн, бирок утушка ээ болгон эмесмин. Азырынча акчаны кайда жумшаарымды билбей турам. Кадырбек:
– 8-май күнү Каракол шаарынан төрт билет алгам. Төрт балам бар, ырымдап ар бир балама бирден алган болчумун. Кудай буюруп, бирөөсүнөн миллион чыкты. Билеттердин номерлерин кыздарыма айтып койгом, алар телефон чалып «ата, номерин кайталап айтыӊызчы» дешти. Айтып берсем «миллион уттук!» деп айтышты, кубанганымдан секирип-секирип алдым. Бизнес үчүн насыя алгам, ошону төлөйм. Калганын балдарыма берем. Айзада:
– Буга чейин лотерея ойноп көргөн эмесмин. 10-май күнү билетти текшерип коёюн деп «Элдик Лотереянын»
www.lottery.kg сайтына кирсем, «миллион утуп алдыӊыз» деп турат. Алгач ишенген жокмун. Чын эле утушка ээ болгонума бүгүн гана ишенип, толкунданып жатам. Акчаны алсам жардамга муктаж бир адам бар, ошого азык-түлүк сатып берем. Калганын бүтө элек үйүбүз бар, ошого жумшайбыз. Заматта миллионер кылган «Элдик Лотерея» компаниясына ыраазычылык билдирем.
instagram.com/lottery.kg facebook.com/ lottery.kg
«Элдик Лотерея» – ойноп жаша!
Султан Төрөбеков