АПАСЫ ӨЗ КЫЗДАРЫН ӨРТТӨП, СУУГА ТАШТАГАНГА ЖАРДАМ БЕРГЕН

Мындан 10 жыл мурун 12 жана 10 жаштагы эже-сиӊдилер Олеся менен Александра дайынсыз жоголгон. «Кыӊыр иш кырк жылда билинет» демекчи, арадан бир нече жылдар өткөн соӊ ал эже-сиӊдилерди өгөй атасы өлтүргөндүгү маалым болду.

ҮРӨЙ УЧУРГАН МААЛЫМАТ
Үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү укук коргоочуларга 2005-жылдын февраль айында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильевка айылында 1993-жылы төрөлгөн Олеся Шипулина менен 1995-жылы төрөлгөн Александра аттуу эже-сиӊдилерди өгөй атасы муздак сарайга камап, жыйынтыгында кыздар сууктан жана ачкалыктан өлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул кабарды өлгөн кыздардын 1989-жылы туулган эжеси Анастасия билдирген. Ал ошол маалда өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнөн корккондугунан улам бул сырды эч кимге айтпай келген. Качан гана турмушка чыгып, өгөй атасы менен апасынан бөлүнүп өз алдынча кеткенде болгон окуяны милиция кызматкерлерине билдирүүгө белсенген.
Бул маалымат боюнча иликтөөлөр жүрүп, жоголгон кыздардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да жок болгондугу билинген. Алардын туулгандыгы тууралуу документтери Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринен табылган. Коӊшулары, туугандары да суралып, 1975-жылы туулган, мурда 2 ирет соттолгон өлгөн кыздардын өгөй атасы Виктор Любченко шек жаратып кармалган.

«КЫЗДАРДЫ ЖАЗАЛАМАКЧЫ БОЛГОМ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Виктор Любченко кылган кылмышын моюнуна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Ошол күнү мен жумуштан келсем 1 жарым жаштагы уулумдун денеси көк ала болуп калыптыр. Териштирип Олеся менен Александра уулумду коляскадан кулатып салгандарын уктум. Анан аларды урушуп, жазалап коюу үчүн түнү бою сарайга камап койдум. Эртеси жумушка кетип калгам. Кечинде жумуштан келсем сарайдын ичиндеги кыздар өлүп калыптыр. Анда кыздардын апасы, жарандык никедеги аялым Анна үйдө эмес болчу. Ал келгенде бул тууралуу Аннага айтып, андан соӊ экөөбүз эч кимге билдирбей кыздардын сөөгүн алгач дөӊгөлөктөрдүн үстүнө коюп өрттөп, өрттөнгөндөн калган калдыктарын жуурканга ороп, мотоциклге жүктөп барып Чүй суусуна таштап келгенбиз.

«КҮЙӨӨМ КЫЗДАРЫМДЫ СУУГА ЫРГЫТКАНЫН КАРАП ТУРДУМ»
Коӊшуларынын айтымына караганда, Виктор маршруттук такси айдап иштечү жана алкоголь ичимдиктерин көп иччү. Ал эми кыздардын апасы Анна Шипулина 8 бала төрөгөн (ред. Олеся менен Александраны кошкондо). Анын төртөөсү биринчи күйөөсүнөн, ал эми калганы Виктордон. Сурак учурунда Анна буларды айткан:
– Виктор экөөбүз уруша кетип, ал мени сабап салды. Мен ажатканага барып келейин деп Викторду алдап эшикке чыктым. Анан чарбак аркылуу көчөгө чыгып, Бишкекке чейин жөө келдим. 4 кызым жана 1 уулум үйдө Виктор менен калган. Дагы бир кызым ошол маалда Бишкек шаарында апам менен жашачу. Мен Бишкекте 2 күн курбумдукунда жаттым. Үчүнчү күн дегенде кайненем мага телефон чалып, үйгө кайтышым керек болуп жаткандыгын айтты. Үйгө келсем эки кызым жок экен. Виктордон «кыздар кайда?» деп сурасам, ал «тентектик кылгандары үчүн аларды жазаладым» деп койду. Чоӊураак кызым Анастасиядан сурасам, сиӊдилерин өгөй атасы сабап, сарайга камап салгандыгын айтты. Арадан бир топ убакыт өткөндө Виктор келип эки кызымдын сарайдын ичинде тоӊуп, өлүп калгандыгын айтты. Аны угар замат ыйлап баштадым. Виктор болсо мага «ыйлаганыӊды токтот, андан көрө бир нерсе ойлоп табышыбыз керек. Мен буга мыйзам алдында жалгыз жооп бербейм, сен дагы мени менен барасыӊ!» деп мени жанына кошуп алды.
Кыздар жука кийимчен экен, Виктор алардын сөөгүн жуурканга ороп, Урал үлгүсүндөгү мотоциклдин люлькасына салып Чүй дарыясына келдик. Виктор кыздардын сөөгүн сууга ыргытты, мен карап турдум. Анан үйгө келген соӊ бул окуя тууралуу эч кимге ооз ачпоону эскертти. Анастасия бул тууралуу бардыгын билерин көздөрүнөн баамдагам. Бирок Виктор калган балдарыма тийбесин деп бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Кыздарымды сураган тааныштарымдын бардыгына «Олеся менен Анастасияны чиркөө аркылуу чет өлкөгө жибердим» деп айтып койгом.

«КЫЗДАРДЫН АПАСЫНА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУШУ МҮМКҮН»
Бул кылмыш иши боюнча азыркы тапта кандай чаралар жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасынын прокурору Куванычбек Мамакеевге кайрылып, суроолорубузга жооп алдык:
– Бул кылмыш иши тууралуу мага 21-май күнү маалымат түштү. Мен ошол эле күнү Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басарын чакырып, бул окуяны тактап, кылмыш ишин козгоо боюнча көрсөтмө бергем. Ошол күнү кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Виктор Любченко кармалып, кылган кылмышын моюнуна алып, көрсөтмө берди. Бүгүнкү күндө соттун чечими менен аны тергөө абагына камадык. Анын акыл-эси жайында же жайында эместигин билүү үчүн соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Тергөө учурунда дагы көп фактылар чыгышы ыктымал. Маркум кыздардын апасына да кылмыш иши козголушу мүмкүн. Кошуналары 10 жыл мурун эле бул тууралуу билишчү экен деген да маалыматтар түшүүдө. Булардын бардыгына тергөө жыйынтыкталган соӊ баа беребиз.
Укук коргоочулардын айтымында, маркум кыздардын денеси азыркыга чейин табыла элек. Балким, кыздардын эжеси бул окуянын күбөсү болбогондо үрөй учурган кылмыш иши жабылуу аяк боюнча калмак беле, ким билет?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
10 жыл мурун жоголгон кыздарды өгөй атасы өлтүргөнбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Kanybek.G
2015-06-01 16:43:37
тоба деп жака кармайсынго апасы кантип жашырды экен сраз еле милиция чакырбайбы мындайларды омурунун акырына чейин камаш керек чыкса дагы бир иш кылатко бул.
0
s9zen098
2015-06-01 18:09:27
Тообо дегенден башка, бир нерсе деш кыйын.
0
TohaS
2015-06-01 18:10:51
Кудайым озу жазаласын акмактарды!
0
janna95
2015-06-02 00:14:50
товаа Кудайым ай эмнелер болуп жатат
0
iliaz-sng
2015-06-02 10:25:38
Кудай сактай кор. Жаш балдардын эмне куноосу бар дагы аларды ортоп. Окуп алып коркуп кетим
0
Zarlykbek
2015-06-02 10:37:35
Апасына иш козголуш керек соссуз ал да кылмышка шерик. Тиешелуу статьянын негизинде
0
elif
2015-06-02 13:04:10
Bir kun ach kalgandan bala bolso dele adam olboyt 3-4kun kalgan go al jerde
0
nelya88
2015-06-07 15:11:20
elif,'суука чыдабай тонуп олушкон' дейт го...
0
elif
2015-06-02 13:19:56
Emnege azir ayabay kop murunku ishtelgen kilmishtar achikka chigip atat? Demek bizdin militsiyalar jakshi ishtep atishat dep umuttonom
0
paradise1191
2015-06-02 14:44:11
Ошончо бала тороп эмне кылат озунун канынан жаралган кыздарынан кутулганга жардам берсе. Ошондон ары оздору да тушуп кетбебтир ошол Чуй дарыясына. Тобоо Аллахым озу сактасын ар бир бей куноо наристени.
0
sadolin
2015-06-03 01:25:51
Энесинин мээси толук эмес болуш керек.
0
Meliana
2015-06-03 09:58:53
Кудай сактай кор ушундай да адам болобу,окуп алып денем чымырап кетти.Таш боор экенго кантип эле бир кундо тонуп анан олуп калсын,олтуруп сарайга коюп койсо керек.
0
Mirbek1993
2015-06-03 10:28:36
маниякбы? ???
0
sakibaev
2015-07-02 21:13:46
Mirbek1993, айбандар го
0
kyrgyzkyzy99
2015-06-03 19:15:16
Башкалар 10-20 жыл бала коро албай жатышат,булардын кылганын карасанар,аларды кудай жазаласын!Куноосуз наристелердин жайы жаннаттан болсун!
0
Happymom
2015-06-24 14:15:04
адам кейпин кийген айбандардан кудай сактай кор...
0
asdf
2015-08-25 13:54:09
Айбандар да мындай кылбайт!!!
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан