КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Акылды башы-көзү канжалап, эсинен танганча токмоктошту. Алынын келишинче тыбырчылап, жардам сурап кыйкырып, жалынып жатты.
– Жан соога, жан соога! Агалар, кечиргиле!
– Канга-кан, сени да өлтүрөбүз!
– Иттин баласы!
– Айтканыӊарды аткарайын. Жанымды аман калтыргыла!- деди безеленип. Тигилер аны угушкан да жок. Күрсүлдөтүп сабай беришти.
– Жонунан кайыш тилип алса дагы аздык болот,- Кеӊеш кабагын бүркөп жекире карады.
– Өлүп калбасын. Болду, короосуна алып барып салгыла!
Кара күчүнө ишенип өпкөлөнгөн эки-үч жигит колдон-буттан алып, короого ыргытып жиберишти. Таӊ атканча ары-бери оонап, жанчылган денесинин ооруганына чыдабай онтоп жатты. Көзү көнөктөп шишип, таанылбайт. Короодо көк ала болуп, ит талаган түлкүдөй тарпы чыккан Акылды көрүп Жылдыз чочуп кетти.
– Сага эмне болгон? Ким кылды муну?
Баласын жулкулдатты. Үн-сөзсүз жатат. Айласы кеткенинен «Тез жардам» чакырды. Анын ызы-чуу салганынан кошуналары да чогула калды.
– Бир таяк баса, бирөөсү жаза деген...
– Тил албай жүрүп ушуну көрдү...
– Атасы камакта отурса, мунусу эмне кылып жүрөт?
Коӊшулар биринен экинчиси кеп улап, күбүр-шыбыр боло түшүштү. Аӊгыча «Тез жардам» келип, Акылды ооруканага алып кетти. Ботосунан айрылган боз ингендей
буркурап ыйлаган Жылдыз аны менен кошо кетти.
Бермет менен Адыл күндөн күнгө ынак болуп, эки каректей жакындап, махабаты алоолоп баратты. Алардын уз сүйүүсүн, аруу сезимдерин эч ким бузууга дити барбачудай ойлошот. Экөө «эч убакта айрылбайбыз, түбөлүккө бирге болобуз» деп антташышкан. Бүгүн дагы көчөнү шаӊга бөлөгөн эки жаш мектепке бара жатышат. Саамайы жумшак шамалга учкан Бермет:
– Мени бирөө ала качып кетсе эмне кыласыӊ?- деди.
– Ала качпайт,- жүзүнөн нур төгүлө жылмайып койду Адыл.
– Эгерде ата-энем башка бирөөгө кудалап берип салышсачы?
– Мен сени эч кимге бербейм.
– Мен эле сени таштап, башкага жөн эле кете койбойм,- көздөрү чагылыша түшүп, саамга үнсүз тиктеше калышты. Эгиз козудай ээрчишкен эки жаш мектепке кирип кетишти.
Бир жагынан жолдошунун абакта күн көрбөй отурганына жаны ачыса, бир жагынан уулунун сабалышы Жылдыз үчүн аёосуз сокку болду. Күйүткө ууланып, маанайы пас. Акылды ооруканага жаткырган соӊ убактылуу кармоочу жайды көздөй жөнөдү. Болуп жаткан окуялар же өӊү, же түшү экенине түшүнбөй баратты. Көзүнөн улам жаш тамып, басыгы жайлап жете келди. Үстүнө муздак суу куюп ийгендей ичиркенип, ачуу жашты жутканда тамагын катуу нерсе сыдырып кеткендей болду. Кире бериштен форма кийген жаш жигит тосуп:
– Эже, кимге келдиӊиз?- деп сурады.
– Уулум, жолдошум Садырга келдим. Сүйлөштүрүп койгулачы, бай болгурлар?!
– Болбойт, бизге ушундай буйрук берилген.
– Сенин дагы мендей энеӊ бар чыгар.
– Киргизе албайм. Күтүп отуруудан майнап жок. Кете берсеӊиз болот.
Жылдыз ичиндеги муӊ-зарды кимге айтарын билбей, көзүнөн жаш тамчылап сыртка чыгып кетти. Садырга киргизбегенинин да жөнү бар эле. Аны өткөндө милиция кызматкерлери катуу токмоктошуп, бети-башы көгөрүп ооруп жүрөт. Тамагынан суу өтпөй, кындырдай болуп арыктаган. Заматта башына оор кайгы түшкөн Жылдыз бир ооруканага, бир убактылуу кармоочу жайга чуркап жүрдү. Акыл жыйырма күн дегенде ооруканадан үйгө чыгып келди. Апасы эми эсине келди, көчөгө баспайт деп ойлоду. Үйүндө бир-эки күн жакшы эле жүрдү. Анан кайра эле үйрөнгөн адатына түштү. Кечке жуук көчөгө кетип жаткан баласына:
– Кайда баратасыӊ? Жаӊы эле ооруканадан чыктыӊ го?- деди.
– Көчөгө!- корс этип жооп узатты Акыл.
– Көчөлөп жүрүп эмне болдуӊ? Деги акылыӊа келбедиӊ! Атаӊ жөнүндө ойлоп койбойсуӊ! – Сиздин ойлогонуӊуз эле жетет. Мен тигилерден өч алам.
– Дагы токмоктошот.
– Мен акчаны да, таяк жеген кегимди да кайтарам.
– Балам, бир ачууӊду мага бер,- Жылдыз жалбарып жиберди. Баласынын укчу түрү жок. Кол шилтеп, жулкунуп басып баратып:
– Ушу сеники да өттү!- деди. Уккан кулагына ишенбейин дегени менен болгон жок. Эне эмеспи, баланын терс жакка баратканына жаны ачып, акыр аягына чейин күрөшмөк болуп артынан жүгүрдү.
– Токто, сүйлөшөлү. Оюӊду айтчы, угайын.
– Менде ой жок. Ойлонгум да келбейт.
– Мындай кылганыӊ туура болбойт, уулум,- деди.
– Апа, мага кийлигишпегиле! Мен өз жолумду өзүм табам.
– Үйгө келип-келбей жүрүп ушуну таптыӊ!
– Эмнени, апа?!- деп кыйкырып жиберди. Ушул тапта Жылдызга маӊдайында кызыл эт кезде чоӊойткон уулу эмес, жапайы жандык тургандай туюлду. Ачуу үнүнөн кулагы тунуп, көздөрү караӊгылай түштү.
– Эмнени дейсиӊби? Акылыӊдан азган жоксуӊ го акыры. Атаӊ камакта отурат. Сен ооруканадан жаӊы эле чыктыӊ.
Апасы оюн жай гана түшүндүрөйүн деди. Эч нерсе болбогонсуп:
– Ошонун баарына мени күнөөлөп жатасыӊарбы? Бардыгын мен кылдым да ошондо? Үйгө бүлүк салып жаткан болсом, бүгүнтөн баштап келбей койсом кутуламбы? Ушул үйдөн караанымды көрсөтпөсөм болдубу?
– Жок, уулум.
– Атам камакта, ошол жакта чирийт. Мен келбей эле коёюн. Бир үйдү өзүӊ бийлеп, ханыша болуп отура бер. Ошону айта албай жатасыӊбы?!
– Акыл, токто! Жамандык издебечи. Атаӊ абактан чыгып келет. Буюрса, акталат.
– Анан...
– Сени үйлөнтөбүз. Берметти алып берем. Ата-энеси менен сүйлөшүп койгонбуз. Баш коштуруп шаарга окууга жиберебиз. Силер бизди неберелүү кылсаӊар, атаӊ экөөбүз бапестеп багып алабыз. Жылдыз оозун жыйбай, сөз артынан сөз сүйлөп убада бере берди. Кудум ажал алдында кылыч сунган душманына жалбарып жаткандай абалда болду. Таш боор, жүрөгүндө жылуулук калбаган Акыл муюган боюнча туруп калды. «Берметти алып берем, үйлөнтөбүз» деген сөз кулагына кайра-кайра жаӊырып жатты. Таӊ калычтуу карап, апасына жооп узатты.
– Бермет Адылдын сүйгөнү. Ал мага тийбейт.
– Мен алып берем. Ата-энесине куда түшүп барсак, бизге жок дебейт.
– Кайдагы жомокту айтпагылачы!
– Анын атасы менен атаӊ теӊтуш эмеспи.
– Атам эми камактан чыкпайт. Алып берем десеӊер Берметти бүгүн деле ала качып келем.
– Коё тур. Атаӊ келсин, ал сөзсүз чыгат,- деп ынандыргысы келди. Эне менен уулдун ортосундагы сүйлөшүүнүн аягы ушундай аяктады.
Акыл Берметке барып «Мен сени алам. Адыл менен бирге болбойсуӊ» деп айтууну ойлоду. Ошол замат анын үйүн көздөй жөнөдү. Ал жашаган көчөгө жете бергенде короонун жанынан досу менен Берметке көзү түштү. Адаттагыдай бактылуу, күлүп турушат. Аларды көргөндө ачууланып, жандарына бат эле жете келди.
– Акыл го. Кел, досум,- деп оозун жыйганча:
– Бермет, мен сени сүйөм. Сен мендиксиӊ. Ата-энеӊе куда түшүп алып кетем,- деди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
AygulSumaya
2015-06-01 10:01:58
Мен биринчи окудум уррааа
0
Gulya.akbaralieva
2015-06-01 10:53:37
Мына эми кызык... не болот?
0
Gulgamal
2015-06-01 12:23:59
Коп копдон жазса жакшы болмок кызыгына жеткенде бутуп калды даааа
0
jama9210
2015-06-01 13:04:12
Ииииййй эми эмне болот болдукен?((
0
malika14
2015-06-01 14:10:33
dagy kytobyz bir juma.
0
Aisuluu160790
2015-06-01 17:13:00
Ата Энесинин шорун курутат экен да..
0
murgab2014
2015-06-01 19:14:36
Жараткан балдарыбызга ыйман берсин.
0
aydarken
2015-06-01 22:38:49
Кызыгы Эми башталдыго,
0
belka
2015-06-02 03:20:08
Алла балдарыма ыйман бер.
0
dil_bara
2015-06-02 18:28:04
ыйман берсин балдарга.
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан