ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-июндан 7-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада оптимисттик маанайда болосуз. Жакын адамдарыӊыз жана чөйрөӊүз сизге ойлорун жакшы жагына өзгөртө баштайт. Энергияӊызды туура сарптаӊыз, анткени бейшемби күнү сиз үчүн чечилиши оӊой болбой турган маселе турат. Маселени чечүүдө ички туюмуӊузду угуӊуз. Аптанын аягында сиз күтпөгөн жолугушуу болушу мүмкүн. Өзүӊүздү эркин кармасаӊыз, түгөйүӊүздү кармап калуу мүмкүнчүлүгү бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар үчүн апта финансылык жактан ийгиликтүү. Ошого жараша чыгашага да учурайсыз, бирок үй-бүлөӊүз үчүн керектүү нерсеге акча коротконуӊузга кубанасыз. Кимдир бирөө сиздин жардамыӊызга муктаж болот. Андыктан «Тез жардамдын» ролун ойноого даяр туруӊуз. Эс алуу күндөрүн жакын адамдарыӊыз менен өткөрүп, жакшы маанайга ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кабыргасынан коюлган маселелер шаштыӊызды алат. Эч нерсеге убактыӊыз болбой, кысымга учурашыӊыз мүмкүн. Эӊ негизгиси сабырдуу болуӊуз, ишиӊизди аптанын башынан баштап эле туура пландаӊыз. Абройлуу адамдар менен жолугуп, мыкты маектин үстүндө ой бөлүшөсүз. Сизге кимдир бирөө пайдалуу долбоордун үстүндө иштөөгө сунуш кылат, баш тартпай макулдугуӊузду бериӊиз, аркасы жаман болбойт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Оор апта. Көп энергияӊыз ойлоруӊузду түшүндүрүү, өзүӊүздүн тууралыгыӊызды далилдөө менен өтөт. Бул нерсе сизди аябай чарчатып коюшу ыктымал. Ден соолукка жакшылап көӊүл бура турган убак. Көп бөйөндөрдүн эски ашказан оорусу козголуп, кыйнашы мүмкүн. Жакшылап эс алуу менен өзүӊүздү калыпка келтире аласыз. Маанайыӊызды буза турган адамдардан же абалдан убактылуу качып турганыӊыз жөндүү.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алдыга ишенимдүү карап умтула турган, жашооӊузда чоӊ секирик жасай турган апта. Эмоцияга алдырбай, акылга салып иш кыла турган убак. Ишиӊизде сизге каршы интрига болушу мүмкүн. Бирок жетекчиликке ишмердүүлүгүӊүздү көрсөтүп пикирин өзгөртө алсаӊыз, жеӊиш сиз жакта болот. Каршылаштарыӊыз менен бирге сизди колдой турган да адамдар бар, андыктан аларга таяныӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көптөн бери саякаттоону ойлонуп жүрсөӊүз, аптада оюӊузду ишке ашырасыз. Сизге капысынан чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал, жети өлчөп, бир кесиӊиз. Аптада күнүмдүк тиричиликке байланыштуу маселелерди чечүү сизди чарчатып коёт. Андыктан бийкечтердин өзүн-өзү өстүрүүчү курстарга, ийримдерге жазылууга каалоосу күчөйт. Дем алыш күндөрү өзүӊүзгө жакшы көӊүл буруп, табият коюнунда эс алыӊыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сүйүү жаатында апта сиз үчүн ийгиликтүү. Бойдок таразалар түбөлүктүү жубайын табышы ыктымал, ал эми түгөйлүүлөрдө мамилелеринин жаӊы этабы башталат. Учурду кармап калып, бактылуу көз ирмемдерди чогуу өткөргөнгө аракет кылыӊыз. Дем алыш күндөрү үйдү иретке келтирүү менен алек болуп, кылган иштериӊизге өзүӊүз ыраазы болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жаман адаттарын калтыргысы келген чаяндар үчүн бул апта жемиштүү болмокчу. Анткени бул аптада жылдыздар сизди күчтүү эрк жана энергия менен камсыз кыларын билдиришет. Ошондой эле күтүлбөгөн жерден колуӊузга көп акча тийип, үй-бүлөнүн каржылык абалын оӊдогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жума күндөрү юридикалык маселенин үстүнөн иштешиӊиз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишеним артып жүргөн адамыӊыздын жаман сапатын көрүп иренжийсиз. Бирок сабырдуу болуп, ортодогу мамилени бузбаганга аракет кылыӊыз. Ошондой эле бирөөгө карыз берүүдөн да алыс болуӊуз, аягы өндүрө албай, чуркап калышыӊыз ыктымал. Автоунаа айдагандар бул күндөрү абайлап жүрүшү керек экенин жылдыздар эскертишет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жакын адамдарыӊыздын көӊүлүн оорутпаӊыз. Ошондой эле биринчи орунга ден соолукка кам көрүүнү койгонуӊуз оӊ. Көпчүлүк текечерлердин жүрөк, ашказан оорулары күчөшү күтүлөт, алдын алуу керек. Кимдир бирөөнүн сизге карата айткан сын-пикири жиниӊизди келтирет. Ачууӊузду токтотуп, акыл калчап көрүӊүз, балким, ал сын сизди туура жакка багыттайт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишеничтен чыгып калбоо үчүн берген убадаларыӊызды аткарууӊуз керек экендигин түшүнөсүз. Баштаган иштерди аягына чыгарганга аракет кылыӊыз. Апта ортосунда сизден колдоо күткөн адамдарга кол сунуп, алардан белек алууӊуз ыктымал. Апта аягы үй-чарба түйшүктөрүн тартуулайт. Финансылык жактан стабилдүүлүк орнойт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада маанайыӊызды бузууга аракет кылгандарга маани бербеӊиз. Иште башкалардын кызыкчылыгын чектеп, өз оюӊузду таӊуулабаӊыз, болбосо чырды жаратасыз. Аптада көп убактыӊызды үй-бүлөгө арнаганга туура келет. Кыялыӊыз орундалып, бакыттын жетинчи кабатында болосуз. Дем алыш күндөрү сизди жакын адамыӊыздан өзгөчө сюрприз күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан