ЫШКЫН АЛА ООРУСУН АЙЫКТЫРСА, КЫМЫЗДЫК БӨЙРӨКТӨГҮ ТАШТЫ ЧЫГАРАТ

«ӨЛКӨДӨ КЫМЫЗДЫКТЫН 31 ТҮРҮ БАР»
Гүлжамила Койчубекова, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун илимий кызматкери:
– Кыргызстанда ышкындын (ревень) 5, ал эми кымыздыктын (горец) 31 түрү өсөт. Экөө теӊ кымыздыктар уруусуна кирет. Ышкын көп жылдык өсүмдүк, ал эми кымыздыктардын көп жылдык жана 1 жылдык түрлөрү бар. Өлкөдө кеӊири таралгандарынын ичинде жөргөмүш кымыздыгы (горец живородящий), төшөлмө кымыздык (горец птичий), кумай кымыздыгы (горец альпийский) бар.

ЫШКЫН
Ышкындын сабагы илгертеден тамак-ашка, тамыры (ышкын түп) тон тигүү үчүн боёк катары колдонулуп келет (айрым жерлерде ышкын чүкүрү деп айтылат).
Медицинада
Сабагында B2, E, P, C витаминдери, лимон жана ышкын кычкылдары, магний, кальций, фосфор, темир бар. Тамыры тамак-ашты сиӊирүүчү, ичтейди ачуучу, өттү айдоочу, гемоглобинди көтөрүүчү дары каражаттардын курамына кошулат. Бирок геморрой, ашказан жана ичегинин жарасынан жабыркагандарга, өтүндө жана бөйрөгүндө ташы барларга ышкынды жегенге болбойт!
Аланы айыктыруу үчүн дары (кытай медицинасы боюнча)
Жаӊы үзүлгөн ышкындын ширесин теринин дартка чалдыккан бөлүгүнө сүйкөө кажет. Шире териге күнгө күйгөндөгүдөй түс берет. Дарылануу курсу бир ай, күнүгө бир маал сүйкөлөт. Сүйкөгөндөн кийин 5-6 саат күнгө чыкпоо керек.
Айта кетчү нерсе, бул дарылоо ыкмасы оорусу жаӊы башталгандарга гана жардам берет. Эскертүү: Колдонордон мурун врачтын кеӊешине кайрылуу кажет.

Ашканада
Ышкын жана жумурткадан салат
Керектелүүчү азыктар
:

Ышкын – 250 грамм
Шалгам – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Каймак – 120 грамм
Көк пияз, мурч – каалоого жараша
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Шалгамды тегерек, ал эми ышкын менен сууга бышкан 2 жумуртканы майда туурап алабыз. Үстүнө туз, каймак кошуп аралаштырабыз. Тарелкаларга үймөк кылып салып, үстүнө көк пиязды майда туурап себелейбиз. Анан 4-6 бөлүккө бөлүнүп тууралган жумуртканы салатты тегерете коюп кооздойбуз. Салат даяр.

КЫМЫЗДЫК

Салттуу жана элдик медицинада
Курамында танин, эфир майы, флавоноиддер, аскорбин кычкылы, витаминдер (C, A, E, K), пектин заты жана башкалар бар.
Салттуу медицинада заара кубалоочу, кан токтотуучу каражаттардын курамына кошулат. Элдик дарыгерлер тамырын жана жалбырагын ич катууда, кызыл жүгүрүктө, холециститте, эркектин бел кубатын көтөрүүдө пайдаланышат. Табыптар «бөйрөктүн таш оорусуна колдонсо, майда таштар талкаланып, заара менен чыгат» дешет. Аталган оорулар үчүн «Тамырдан кайнатма»:
Кургатылып, майдаланган тамырынан 1 чай кашык алып, ага 300 грамм суу куюп, 10 мүнөт жай отто кайнатуу кажет. Даяр дарыдан 50 граммдан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 7 күн. Эскертүү: Дарыны колдонордон мурда врач менен кеӊешиӊиз!
Кымыздыкты гастрит, ашказан жана ичеги жарасы барлар, кош бойлуулар аз өлчөмдө жебесе, оорусун күчөтүп алышат.

Ашканада
Жумшак кезинде сабагы ашканада муздак суюк тамак жана салат үчүн колдонулат. Ал үчүн алдын ала кабыгы аарчылат.
Кымыздык кошулган суюк тамак
Керектелүүчү азыктар:

Күрүч (же арпа акшагы) – 50 грамм
Каймак – 4 аш кашык
Картошка (орточо) – 2 даана
Кымыздык – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:
500 грамм сууга 50 грамм күрүчтү (же арпа акшагын) салып, ал бышарга жакын майда тууралган 2 картошканы кошуу керек. Бышканда кабыгы аарчылган кымыздыкты кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатасыз. Даяр суюк тамактын үстүнө каймактан куюп, дасторконго бере бересиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nargiz37
2015-07-29 15:58:59
Супер инфо ышкындын орусчасы кандай аталат жана кайсыл жерден тапса болот алдын алла рахмат
0
admin_superstan
2015-07-29 16:56:39
nargiz37, саламатсызбы!
Ышкындын орусчасы - ревень.
0
aiymzat93
2016-06-18 08:11:55
Ала оорусун аяыктыргандардын дарегин бериниздерчи суранам сиздерден
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан