«Адамга кубаныч алып келген көз ирмемдер узакка созулбаарын элестеткенде майда калтырак басып, пенделик кылып коркуп кетет экенсиӊ. Менин жолдошум наристебиз төрөлгөн күнү автокырсыкка учурап, 23 жашында майып болуп калды» деген Айнагүл айым жолдошунун кырсыкташына анын жакын досу, классташы себепкер экенин айтат.
«АБАЛЫ ООР ЭКЕНИН ҮНҮНӨН БИЛДИМ»
– Жолдошум Адилет Шаршеналиев экөөбүз 2013-жылы баш коштук. Ата-энебиз бактыбызга кубанып, ак тилектерин айтып бата беришти. 2014-жылдын 29-мартында уулдуу болдук. Кесарево жолу менен төрөдүм. Ошол күнү жолдошумду мен жаткан жандандыруу бөлүмүнө киргизбегендиктен, ал «мен кайра Кеминге кеттим, досторума жентек ырымын жасайын» деп телефондон айтып кетти. Эртеси үйдөгүлөр телефон чалып, «Адилет бир аз кырсыктап калыптыр, бирок баары жайында, сарсанаа болбой эле кой» дешти. Бирок жолдошум мен төрөтканадан чыкканча келген жок. Телефон чалып, үйдөгүлөргө болбой жатып сүйлөштүргүлө деп өзү менен сүйлөштүм. Үнүн укканда эле бир нерсе болгонун түшүндүм. Көрсө, менин сүтүм тартылып кетпесин деп эч нерсе айтышпаптыр.
«ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ»
– Мен төрөгөн күнү жолдошум Жолдошбек аттуу классташынын унаасын айдатып жүргөн. Ал экөө бир кишини кичинекей баласы менен Кеминден шаарчага жакын жердеги Кашкелеӊ айылына жеткиргени бара жатышкан экен. Алар эч кандай алкоголдук ичимдик ичишпептир. Аӊгыча Кашкелеӊди көздөй бара жаткан чоӊ жолдон Адилеттин Азамат Болотов аттуу классташ досу оор жүк ташуучу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен алдынан чыгып калат. Жолдошбек унааны башкарып, алдыӊкы орундукта кардары кичинекей баласы менен, ал эми жолдошум арткы орундукта отурган экен. Азамат досун алыстан эле таанып, экөө бири-бирине белги берип тамашалап, жолдун эки өйүзүнө чыгып айдап ойноп башташат. Жолдошбек өзүнүн жолуна түшкөн соӊ Азамат тамашасын улантып, анын жолуна каршы түшүп алат. Жолдошбек болсо жакындаганда Азамат өз жолуна чыгат деп ойлоп, бирок «оюндан от чыгат болуп» сүзүшүп кетишет. Кырсык болорун билген алдындагы киши баласын катып, ал эми Жолдошбек дагы бети-башын калкалоого жетишиптир. Алардын эч жери эч нерсе болгон жок. Ал эми жолдошум ошол маалда арткы орундукта телефон менен сүйлөшүп келе жатып, өзүн коргоого үлгүрбөй калыптыр. Арасынан эӊ эле оор жаракат алган Адилет болду. Башынан жаракат алып, Кеминдин ооруканасына түшүп, ал жактан Бишкектеги Улуттук госпиталга которушту. «Мээси чайкалып, баш сөөгү жабык тибиндеги сокку алган» деген аныктама чыгарып беришти.
«ЭС-УЧУН БИЛБЕЙ ЖЫГЫЛЫП КАЛАТ»
– Ошентип Адилет майып болуп калды. Ооруканада 2 айдан ашык жатты. Андан кийин буту баспаган, өз алдынча тамак ичип, жадакалса заара кылганга алы жок абалда үйгө чыгарып келишти. Доктурлар «3 ай сайын ооруканага жатып дарыланып турушу керек» дешти. Бирок Адилеттин абалы начар болгондуктан 2 айда эле кайра ооруканага алып жөнөчүбүз.
Башына эт өсүп кетиптир. Анысы чоӊойгон сайын баштагы кан тамырларды кысып, эс-учун билбей жыгылып калат. Ошентип эпилепсия да болуп калды. Анын майып болушуна себепкер болгон досу Азамат Болотов жардам катары бир да тыйын берген жок. Дары-дармек, ооруканага жатканын бүт өзүбүз төлөп, болгон дүнүйөбүздү Адилеттин дарыларына жумшап жатып, азыр өз алдынча басып, тамак жеп калды. Учурда бир жакка жалгыз жибергенден коркобуз. Оорусу кармап, бир жерге жатып эч ким көрбөй калса эмне болот? Ойлогондон корком...
«ЖОЛДОШУМДУН АТЫНАН КАРШЫ АРЫЗ ЖАЗЫШЫПТЫР»
– Окуядан 1 жыл өткөн соӊ «моралдык, материалдык чыгымдарды кырсыктын себепчиси төлөп берсин» деп сотко кайрылдык. Ошол учурда кырсык МАИ кызматкерлери тарабынан каттоого алынып, кантип кырсык болгондугунун чиймеси чийилип, тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн экен. Азамат Жолдошбектин машинасын төлөп берди. Ал эми Жолдошбек Адилет эс-учун билбей ооруканада жатканынан пайдаланып, анын атынан «Азамат Болотовго эч кандай доом жок, өз ара бүтүрүшүп алабыз» деп арыз жазып берип коюптур. Ошентип сотко кайрылсак, «окуя боюнча сотко кайрылуу мөөнөтү бүтүп калган, андыктан күнөөлүүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгой албайбыз. Жабырлануучу жеӊил гана жаракат алган. Эми жарандык соттун жардамы менен чечишип алгыла» деп райондук сот ишти жаап койду. Бул чечимге нааразы экенибизди билдирип, Адилеттин оор жаракат алганын экспертиза аныктагандыгын, анын атынан тосмо арыз жазышканын жана материалдык, моралдык чыгымдар төлөнбөй, майып болуп калганын жазып Жогорку Сотко кайрылдык. Февраль айында Жогорку Сот ишти биздин пайдабызга чечип, «ишти кайра ачкыла» деген чечим чыгарып берди. Бирок ал чечим дагы деле аткарылбагандыктан, Кемин райондук сотуна ишеним көрсөтпөстөн, Чүй облустук сотко кайрылдык.
Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн экинчи тарап Азамат Болотовго байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди.
«ДООМ ЖОК ДЕП ӨЗ КОЛУ МЕНЕН ЭЛЕ ЖАЗГАН»
– Адилет экөөбүз кичине кезден бери бирге окуп, чогуу чоӊойгонбуз. Кырсыктан кийин Жолдошбектин унаасынын ордун төлөп, ошол жүк ташуучу унаамды сатып, Адилеттин дары-дармектерин да алып бергем. Ал тургай 10 күндөй ооруканада аны карап, жанында жардам берип жаттым. Ал эсине келип калгандан кийин агасы экөө мага «доом жок» деп каршы арыз жазып беришкен. Ошондон кийин бул иш ошол арыздын негизинде жабылган болчу. Досум ооруканага жаткан сайын сураган тыйынын берип турчумун. Апасы «балам ооруп ооруканага жатып калды» деп эле телефон чала берчү. Акыркы күндөрү сасык тумоо болсо деле мага чалып калышты. Эми ушул туура эмес да. Азыр жабылган ишти кайра ачып, сот артынан сот болуп жатат. Кырсык да бул. Мындай болуп кетерин билсем кана? «Эмнеге эле ушинтип жатасыӊар?» деп сурасам, апасы «менин баламды сен майып кылып салбасаӊ унаа жуучу жай, мончо салмак» дейт. Азыр апасы менден 10 миӊ доллар сурап жатат. Мындан улам Адилеттин майып болуп калышына күйбөй эле акча үчүн ушунча соттошуп жатабызбы деп түшүндүм.
4-июнда аталган ишти Чүй облустук соту карап, алгачкы сот отуруму болмокчу. Ким күнөөлүү, ким доосун артып жатат сот гана татыктуу чечим чыгарып берет деген ойдобуз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg