«ЭЛ-ЖЕРИБИЗДИ ОӉДОЙЛУ»

Ар сөздүн, иштин, окуянын орду жана убагы болушу керек. Орду жок, убактысына туура келбеген иштер жана сөздөр көп болуп, элдин ой-толгоосу чачыранды болуп, бир нукка түшө албай, кайдигерлик көбөйдү. Бир иш жасала турган болсо эле ага байланыштуу эки ача же эки, үч тараптуу ойлор айтылып, каршылаштар пайда болот. Мамлекетибиз жаӊыдан өсүп-өнүгүү жолуна түшө баштаганда жапырт колдогондун ордуна бурмалап, талашып-тартышып, жаатташып кетмей адатка айланды. Өзгөчө тоо-кен байлыктарын иштетүүдө көп көйгөйлөр жаралууда. Кайсы жерде эл ынтымактуу болсо, ошол жерде өсүп-өнүгүү болору баарыбызга белгилүү.
Мына Чаткалдын бир эле өзөнүндө бир нече компания иштеп жатат, Казарманда да эч кандай ызы-чуусу жок иштеп жатышат. Бир нерсе болсо эле «Кумтөрдү» айтабыз. «Кумтөр» мурунку өкмөт башында отургандардын кемчилиги экени белгилүү болсо деле шылтоо болду. Бир эле «Кумтөргө» карап калбай, бөлөк дагы кен чыккан жайлар бар, ошолорду мыйзам чегинде туура иштетип, элибиз Кудай берген байлыктын үзүрүн көрүшү керек да. 10-15 баланы уюштуруп алып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр көбөйдү, айтпаса болобу, саясатташтырып да жиберишти. Бирдеме болсо эле «суу булганат, экология бузулат» деп чыга калышат.
Кыргызда «Өзүӊ билбе, билгендин тилин алба» деген тескери бата бар. Так ошол бата тийгендей билгендерди укпайт же өздөрү билишпейт. Жер-жерлерде аксакалдар да кайдигер болуп кеткендей сезилет. Жалпы элдин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгы жөнүндө ойлоно турган убакыт эчак келбедиби. Аксакалдар өз ордуӊарды жоготпогула. Атанын сөзүн укпаган балдар көбөйдү, карап турсаӊ мурун «дежур чалдар» дечү эле, эми «дежур балдар» пайда болду.
Шайлоо болот дегенде эле топтошуп чуркап калышат. Жыйналыш болсо баягы эле балдар, улуу-кичүүгө карабай, эч кимди көздөрүнө илбей, оозуна келгенин сүйлөп кыйкырып, жанындагылары чуулдап колдоп, жыйынды баш-аягы жок бүтүрүп салышат. Ошондуктан элдин көпчүлүгү жыйындарга келишпей калды, анткени аларды эч ким укпайт. Ар бир айылда аксакалдар, энелер, эжелер, агалар бар, бирок жыйындарга келишпейт, кайдигерчилик. Ал эми айылдагы көйгөйлөр чечилбей калып жатат. Чече турган көйгөйлүү иштер көп, союздун убагында жасалган суу түтүктөрү эскирип, көрүнгөн жерлери жарылып, иштен чыгып баратат. Зым карагайлар эскирип, чирип кулай баштады, жолдор бузулуп, жүрүүгө мүмкүн болбой калды, сугат суунун каналдары жарабай калды. Мунун баарын калыбына келтирип, ким оӊдойт?
«Чегирткеден корккон эгин экпейт» дегендей болуп жүрө беребизби же биригип, оюбузду ортого салып ынтымакташып иш кылабызбы? «Айтар сөздү убагында айтпаса, сөз атасы өлүптүр» дейт эмеспи, чечкиндүү болуп, айтчу сөздү айтып, жыйындарына активдүү катышалы. Айылдын күзгүсү мугалимдер жана айыл өкмөттүн кызматкерлери, медиктер чечкиндүү бололу. Аксакалдар баш көтөрүп, анча-мынча жулкунгандарды тыялы.
Ынтымагы бар элдин иши алдыга жүрөт. Ынтымакташып, жулкунган балдарды оӊ жолго салалы, болбосо сага да, мага да жок болуп жүрө беребизби. Кудай буюруп берген байлыктын үзүрүн бирге көрөлү. Мамлекетибизди, элибизди оӊдойлу. Айылда 2000-3000 адам жашаса, жыйынга 15-20 адам катышат, ушул кантип болсун, калган элдин ою-үнү кайда? Ата-энелер, ага-эжелер өз оюӊарды айтуу үчүн, балдарды туура жолго салуу үчүн жыйындарга толук катышып, чечкиндүү бололу. Көйгөйлөрдү чечели. Ар нерсе өз убагында, өз ордунда болгону жакшы да. Ошол эле өзүбүздүн балдар иштеп үйрөнсүн, үй-бүлөлөрүн бакканга маяна тапсын. Ошол эле балдардын өздөрү байкоо жүргүзсүн, экологияга канча зыяны бар-жогун өз көздөрү менен көрүшсүн. Эч нерсе боло электе эле самандай сапырылып чуркашпай, акылга келишпейлиби.
Өлкөбүздүн кайсыл жеринде канча эмне бар экенин мамлекет билүүгө тийиш да, изилдеш керек, ага да жол бербей эле бут тособуз да турабыз. Жаштар дагы тереӊ ойлонгула. Эл-жерибизди оӊдойлу.

Кызжибек Мамаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulya.akbaralieva
2015-06-01 13:28:35
Байлыктын баары желип бутту окшойт...
+1
marik10
2015-06-22 22:12:18
кумтор кумтор дешет, башка маселе калбай калгандай. билим мвд курал кучторундо кандай маселелер бар ошолорду чечишпейби
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан