ОРУСИЯЛЫК ИШКЕРЛЕР БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ МЕНЕН КЫЗМАТТАШКАНЫ ЖАТЫШАТ

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев менен Оруссия ишкерлери да бирге иш алып барууга кызыкдар болуп жатышат. Дегенибиз жакынкы күндөрдө Орусиянын айыл чарба техникаларын чыгаруучу 110 компаниянын башын бириктирген «Росагромаш» ассоциациясынын башчысы Евгений Корчевой өлкөбүзгө келип, эл өкүлү менен жолукту. Жолугушууну орусиялык тарап демилгелеп чыкканы да Бакыт Эргешевичтин жасап жаткан иштери колдоого аларлык экенин далилдеп койду. «Росагромаштын» жетекчиси Евгений Корчевой: «Биз сиз менен жолугушууну көздөгөнбүз. Анткени сиз Кыргызстандагы эӊ ири айыл чарба техникаларынын ээсисиз. Орусиялык техникага басым жасап жатканыӊызга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз жана дагы заманбап айыл чарба техникасын сунуштайлы деп турабыз»,- деп билдирди. Өз кезегинде эл өкүлү келген делегаттарга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дыйкандардын көйгөйлөрүн чечүүдө орусиялык айыл чарба техникасы жакшы жардам берип жатканын баса белгиледи. Буга катар ал: «Евразиялык экономикалык аймакка киргенибиз – дыйкандар үчүн жаӊы доордун башталышы. 170 миллион керектөөчү бар рынокко чыгуу деген – бул биздин дыйкандар үчүн бир эсе мүмкүнчүлүк, бир эсе чакырык»,- деп билдирди.
Өз ара пикир алышууда жакынкы убакта Кыргызстанга дагы 500 даана заманбап айыл чарба техникасын алып келүү боюнча кеп козголду. Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев кыргыз дыйкандарынын кызыкчылыгын коргоп сапаттуу, бирок арзан, пайданы көп бергидей техника керек экендигин жана түшүм жыйноочу техниканын көбүрөөк келишине көӊүл бурарын белгиледи. Жолугушуу аягында Евгений Корчевой жана Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» уюштурган МТСтердин ишмердиги менен таанышуу үчүн аймактарга жөнөп кетишти. Акыркы маалыматтарга караганда, орусиялык ишкер аймактардагы техниканын көптүгүнө, иштин мыкты сапатына таӊ калганын жашырбаптыр.

 

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан