ЕВРОВИДЕНИЕ-2015

Быйыл «Евровидение» сынагынын 60-ирет өткөрүлүп жатышы. Сынактын шарты боюнча юбилейлик салтанат сынактын былтыркы жеӊүүчүсү, «сакалчан аял» Кончита Вурсттун мекени Австрияда болуп өттү. Анда быйылкы сынактын кызыктуу көз ирмемдерин окурмандарга жеткизели.

Алып баруучулар:
Элис Тумлер, Мирьям Вайксельбраун, Арабелла Кисбауэр. Австриялык улуттук каналдын демилгеси жана сунушу менен бул жылы сынакты алып барууга айымдар тандалды. Алып баруучулук тизгинди 3 айым колго алып, салтанатты англис, француз жана немис тилинде алып барышты. Ал эми төртүнчүсү мурунку сынактын жеӊүүчүсү Кончита Вурст катышуучулар менен жашыл бөлмөдө (атайын сынактын катышуучулары отурган) баарлашып жатты.

САХНА
Бул жылы сахнанын жасалгасы көздүн формасын элестетип турду. Жасалга белгилүү дизайнер Флориан Видеромго таандык. Белгилей кетсек, ал аталган сынактын Баку жана Дюссельдорфтогу өткөндөгүсүндө да сахнаны жасалгалаган. Бул ирет салтанат лазердик шоуго бай болду десек жаӊылышпайбыз. Сахнанын көлөмүнө келсек, туурасы 44 метр, узундугу 22 метр, ал эми бийиктиги 14 метр болуп тургузулган.

БЫЙЫЛ БИРИНЧИ ЖОЛУ

  • Буга чейин Кытай мамлекетинде «Евровидение» сынагы көрсөтүлгөн эмес. Быйыл ал жагдай жокко чыгарылды. Кытайлыктардын мындай кадамга баруусун келечекте бул сынакка катышууга ниети бар деп бааласак болот.
  • Алгачкы жолу Мальта жана Грузия мамлекеттеринин ырларынын аталыштары «Warrior» («Жоокер») деп аталып, окшош болду. Мындай дал келүү сынактын тарыхында биринчи жолу кездешип отурат.

Ошентип келерки сынак баш байге ээсинин мекени Швециянын Стокгольм шаарында өтө турганы айкын болду.

Интернет колдонуучулары тынбай Полина Гагаринанын койгон номерин Женнифер Лопести туурады деп жатышса, жеӊүүчү аталган Монс ырчы айым Бейонсенин идеясын уурдаганын жашырган жок.

Литвалык дуэттин сахнада өбүшүп жибергени да аларды жеӊишке жетелей албады. Алардын мындай кичинекей курмандыгын көрүүчүлөр 18-орунга гана татыктуу деп табышты.

Сынакта күлкүлүү окуялар да болбой койгон жок. Алпаруучулар Грузия менен түз байланышта болуп жаткан учурда кокусунан видео байланыш үзүлүп кеткен. Ошол учурдагы кадр артындагы оператордунбу, айтор кимдир бирөөнүн сөгүнгөнү бүткүл дүйнөгө жаӊырды.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
sezimay
2015-06-01 14:28:18
Кончитаны корсом конулум айнып кетет
+4
Patriot...kg
2015-06-01 14:52:06
Евровидениеге азиялыктар да катыша алат бекен ойтоо
-2
aiperishka87
2015-06-01 20:21:08
Палина талантуу айым
+1
rozka
2015-06-03 14:15:17
Полинанын уну укмуш мага да жагат
0
belka
2015-06-05 23:38:58
Евровидениени жылда коруп калчу элем,быйыл болуп отконун да билбей калыпмын,Кечке мультиктен бошобой.
0
aydarken
2015-06-04 22:47:16
Кончита ОЗУ эркек болсо керек ээ
0
Meliana
2015-06-05 08:39:09
aydarken,
Эркек ал эми билип атасызбы?
0
Meliana
2015-06-05 08:40:19
Полина мыкты ырчы .
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан