2010-ЖЫЛДЫН ТӨЛГӨСҮ

Жылдыздар сүйлөйт

ЧЫЧКАН

1936, 1948, 1960, 1972, 1984

Эски маселелер менен алектенүүнүн натыйжасында карама-каршылык­тарга туш болосуз. Кеңештерге эмес, ички туюмга ишенүү ийгиликтерге жол ачарын эске алыңыз.

Жеке жашоосунда. Көрө албастык жана ич күй­­дү­лүктөн улам интригаларга кездешесиз. Антсе да чөйрөдөгүлөрдүн сыны менен сөздөрүнөн чочулобоо керек. Эски кайгы-капаларды унутуп, бактылуу болууга жол издеңиз. Бойдоктордун жеке жашоосундагы жаркын жаңылык – турмуш куруу болуп калышы мүмкүн.
Жумуш жана акча жаатында. Иш тандоо жана бул жаатында чечим кабыл алуу керектелет. Атаандаштык курч акылды талап кылат. Жылдын экинчи жарымында ишкерлик артат. Бул материалдык абалды бекемдеп, келечектүү долбоорлорго катышууга жол ачат. Турак-жай маселеси жүрөгүн өйкөп жүргөндөргө октябрь айы жакшы жаңылык тартуулайт.
Ден соолугу. Жыл ичинде ашказан, ичеги ооруларына жолугуу коркунучу бар. Андыктан абай­лаңыз. Убагында врачтарга көрүнүп, диета кармаганыңыз жакшы.


УЙ

1937, 1949, 1961, 1973, 1985

Маанилүү иштер менен долбоорлорду жыл башына белгилөө керек. Анткени жылдын экинчи жарымында иштин жыйынтыктары ойдогудай боло бербейт. Финансылык туруктуу абалды сактоо зарыл. Жакшы нерселерге үмүттөнүү кубанычтарды алып келерин эске алып, жаман ойлордон арылыңыз.

Жеке жашоосунда. Ачууну жеңе билип, чыдамкай болсоңуз жеке жашооңузду ойдогудай алып кете аласыз. Ноябрда кээ бирөөлөр тагдырдын чукул бурулушуна туш болушат. Декабрь айында бактылуу окуялар болуп өтөт.
Жумуш жана акча жаатында. Жылдын биринчи жарымында жаңы иш орун издөө, жаңы кырдаалга ыңгайлашуу керектелет. Бизнести ишенимдүү адамдар менен жүргүзүп, кокус иш жаман жакка оосо эмне кылуу керектигин алдын ала ойлоо зарыл. Оңой акчанын артынан кубалабаңыз. Анткени ал сиз үчүн коюлган тузак болуп чыгышы мүмкүн.
Ден соолугу. Нерв системасы менен муундарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Анткени уй жылында төрөлгөндөрдө аталган оорулардан жапа чегүү коркунучу күтүлүүдө.


ЖОЛБОРС

1938, 1950, 1962, 1974, 1986

Атаандаштык, күтүлбөгөн кырдаалдар, кечик­тирилгис чечимдерди кабыл алуу... Кыскасы, жолборстор ары кызыктуу, ары татаал мезгилди баштан кечиришет. Башкысы, келечекти көрө билүү жана жол көрсөткөн адамдарга жакын болуу ийгиликтин ачкычы болуп бере алат.

Жеке жашоосунда. Жаңы мүмкүнчүлүктөр жаман сапаттардан арылууга жардам берет. Жыйынтыгы жакын адамдарын бактылуу кылууга алып келет. Июль-терс таасирлерди тартуулоосу ыктымал. Кеч күздө жашоонун рахатына чөмүлө аласыз. Кызмат романын курганга жыл ичи ылайыксыз. Анткени анын терс таасирлери көп болушу мүмкүн.
Жумуш жана акча жаатында. Жамааттын жана пикирлештердин кызыкчылыгын коргогондор өз кезегинде алардан колдоо алат. Финансылык кыйынчылыктарга кездешпөө үчүн майдачыл болбоо жана пландагандарды убагында аткаруу зарыл. Ошондой эле ой-максаттарды жарыялабай, ичте купуя сактаганда гана жамандыктар айланып өтөт.
Ден соолугу. Дамамат талбай иштөө, бардыгына жетишүүгө аракет кылуу ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Андыктан туура тамактануу, акыл эмгеги менен күч эмгегин айкалыштыруу керек. Негизи, жолборстор бул жылы боор жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуусу зарыл.


КОЁН

1939, 1951, 1963, 1975, 1987

Абалды өз пайдага оодаруу үчүн коёндорго кыраакылык жана курч акыл керектелет. Ошондой эле тапкычтык жана ар тараптуу аракеттенүү менен гана жаңы пландарды, долбоорлорду ишке ашырып, кирешеге чөмүлүүгө болот.

Жеке жашоосунда. Жылдын биринчи жарымында сүйүктүү адам менен мамиленин туруктуу эместиги тынчсызданууну жаратышы мүмкүн. Жылдын экинчи жарымы көп жаңылыктарды, кубанычтарды алып келет.
Жумуш жана акча жаатында. Кыйынчылыктар көп нерселерди өздөштүрүп, билүүгө түрткү болот. Тактык жана жаңы өзгөрүүлөргө көнө билүү финансылык тартыштыктан сактаарын эске алуу зарыл. Ишкерлер энергиялуу шерик тапса гана иши өргө жылат. Кээ бирөөлөрдүн чет элге саякаттап келүү тилеги ишке ашса, дагы бирөөлөрдүн балалуу болуу тилеги орундалып сүйүндүрөт. Турак-жай алууну максат кылгандар документтерине жакшылап көңүл бурбаса, алданып калуу коркунучу бар.
Ден соолугу. Жазында жана күзүндө өнөкөт оорулар күчөйт. Кан тамыр оорусуна чалдыкпайын дегендер ашыкча кейип-кепчүүдөн, ойлонуудан качуулары зарыл.


БАЛЫК

1940, 1952, 1964, 1976, 1988

Жыл стабилдүүлүктү убада кылбайт, бирок улам бир жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет. Атаандаштык күчөйт, андыктан иште да, сүйүүдө да көп күч коротуу, интригаларды териштирүү келип чыгат.

Жеке жашоосунда. Жеке жашоодогу жагымсыз маселелерди өз алдынча чечүү керектелет. Жылдын экинчи жарымында бактылуу кокустук күтүлөт. Бул жашоону башка нукка бурууга түрткү болот. Июнь, июль айлары жакшы таасирлери менен кубандырат. Ал эми март, ноябрь айлары жагымсыз таасирлерди сунушташы мүмкүн.
Жумуш жана акча жаатында. Жумушта атаандаш адам менен тил табышып иштеше билүү менен гана ийгиликке жетүүгө болорлугун эскертебиз. Профессионалдык жактан өсө алгандар чоң жеңишти камсыз кыла алышат. Ошондой эле ишти убагында бүткөрүп туруу, жаңы идеялар менен иштөө финансылык кыйынчылыктан четтөөгө мүмкүнчүлүк берет. Эскерте кетчү нерсе, чоң суммада карызга акча албоо керек. Анткени жыйынтыгында өзүн актабай калышы ыктымал.
Ден соолугу. Кеч күздө жана кышта боор, өт ооруларына кезигүү коркунучу бар. Андыктан адам өз ден соолугуна камкордук көрүүсү шарт.


ЖЫЛАН

1941, 1953, 1965, 1977, 1989

Ийгилик жылоологон жана ийгилик коштобогон учурлар катар жүрөт. Жашоодо эмне каалап жаткандыгыңыз тууралуу ойлонуп, чечим кабыл алып, анан алга жылыңыз. Коомдук жана мамлекеттик пикирлерге каршы чыгуунун арты өкүнүч менен аяктаарын эске алуу зарыл.

Жеке жашоосунда. Абройду сактоо менен жеке эркиндикти сактап калууга болот. Сүйүктүү адам менен ырк бузулганда жашоодо бардыгы күтүлөрүн эске алып, кечиримдүү болуу кажет. Ошондо мамилени андан ары алып кетүүгө болот.
Жумуш жана акча жаатында. Иште өздөрүнө ашыкча ишеним арткандар жагымсыз түйшүктөрдү моюнуна жүктөп аларлыгы күтүлүүдө. Андыктан эки жакты карап иш алпаруу керек. Жылдын экинчи жарымында материалдык абалды бир топ оңдоп алууга мүмкүнчүлүк тү­зү­лөт.
Ден соолугу. Дамамат түй­шүктөнүү нерв системасын начарлатып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуусун шартташы ыктымал.


ЖЫЛКЫ

1942, 1954, 1966, 1978, 1990

Токтоолук жана чыдамкайлыктын арты менен гана ийгиликти камсыз кылууга болот. Дүйнөгө, жашоого болгон көз караш өзгөрөт. Тобокелдик колдоого алынбастыгын эскертебиз.

Жеке жашоосунда. Жашоонун маанилүү этабы күтүлүүдө. Кайсы бир эски мамилелер кайра уланып, жанданат. Бойдоктор өздөрүнө татыктуу адам таба алышат. Жылдын экинчи жарымы ар нерселерге кызыгууну, сайран курууну тартуулайт.
Жумуш жана акча жаатында. Карьера жактан өсүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Таасирдүү адамдардын колдоосу менен көптөр кызмат ордун сактай алышат. Бирөөлөргө ашыкча сын айтуудан, кыйын долбоорлорду сунуштоодон баш тартуу кажет. Жыл материалдык абалды жакшыртууга убада бербейт. Андыктан үнөмдүү болуу кажет.
Ден соолугу. Ооруга чал­дык­поо үчүн жүрөккө күч кел­тирбөөгө аракеттенип, ашказанга да көңүл буруу кажет.


КОЙ

1943, 1955, 1967, 1979, 1991

Куулук, тапкычтык, эрктүү болуу. Мына ушуларды колдонуу менен бийиктиктерге жетүүгө болот. Мурас бөлүшүү, жаңы киреше булагын табуу маселелери чыгат. Жакындарга жардам берүү менен андан да чоң көмөк алууга болот.

Жеке жашоосунда. Үй-бүлөлүк абал жайында болсо, анда өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу оңой. Көпчүлүк адамдарды романтикалык сезимдер күтөт. Бойдоктор менменсинүү менен өзүмчүлдүктөн арылбаса, жакшы көргөн адамынан кол жууп калуулары күтүлүүдө.
Жумуш жана акча жаатында. Кырдаалдардын улам өзгөрүүсү жаңы иш же кошумча акча табууга бөгөт болуусу мүмкүн. Өз мүмкүнчүлүгүнө карап иш кылып ашыкча жүктү аркалабоо керек. Финансы жаатына келсек, ойлонбой иш кылуу баарынан кол жуудурарын унутпаңыз.
Ден соолугу. Жыл ичинде өпкө жана тери ооруларына кабылуу коркунучу күтүлүүдө. Андыктан оору белгилери байкалар замат врачтарга текшерилип, оорунун өнүгүп кетүүсүнө чек коюу кажет.


МАЙМЫЛ

1944, 1956, 1968, 1980, 1992

Окуяларга абайлап аралашуу, болбосо байкоочу катары туруу гана керек. Нааразычылык жаралбоо үчүн өнөктөш адамдын пикирин да эске алуу зарыл. Күздө таасирдүү адамдардын арты менен жашоону, ишти башка нукка бурууга мүмкүн.

Жеке жашоосунда. Маал-маалы менен кайгырып-капалануу жашоону бир калыпта алып кетүүгө залакасын тийгизет. Кээ бирөөлөр жакын досунан ажырап калуулары мүмкүн. Көптөрдүн жашоосуна өзгөрүүлөр кирет. Башка жакка көчүү да мүмкүн. Ички туюмга таянуу менен кыйынчылыктарды жеңүүгө болот.
Жумуш жана акча жаатында.Тапшырылган иштерди жөн гана бүткөрбөй, андан өзүңүз үчүн да пайда өндүрүүгө жетишүүңүз керек. Жагымсыз кырдаалдар көп болгондуктан, акчаны үнөмдөө зарыл. Жаңы мыйзамдар жана жаңы мамилелерге ыңгайлашуу менен көп нерселерге жетишүүгө болот.
Ден соолугу. Нерв системасынын ооруларына өнөкөт, чарчап-чаалыгуу алып келерин эске алып, убагында эс алуу кажет.


ТООК

1945, 1957, 1969, 1981, 1993

Чөйрөңүз кеңейип, жумуш жаатында өсүүлөр күтүлөт. Өзүңүздү ар тараптан көрсөтө билсеңиз гана жылдын экинчи жарымында ийгиликти камсыздай аласыз. Жыл ортосунда болуучу өзгөрүүлөргө каршы туруу кыйын.

Жеке жашоосунда. Сүйлөй турган сөздөргө көңүл буруу жана ойлонулбаган ишке аралашпоо жагымсыздыктардын алдын алат. Жайында сезимдерди талдап, жыйынтык чыгарууга жеткирүүчү кырдаал чыгат. Күз айлары сүйүүдө жаңы тандоолорго кезиктирет.
Жумуш жана акча жаатында. Иште аброюңузду колдонуу, ийгиликтерге кол сунуу, чынчыл болуу, ички туюмду уга билүү гана ийгиликтерге жол ача алат. Отпусканы кыялдагыдай өткөрүү, ойдогудай адам менен мамиле куруу сыяктуу тилектер ишке ашат. Оор иштерге коркпой киришүү акчадан кем кылбайт.
Ден соолугу. Ооруга чалдыкпоо үчүн тамак-ашты тандап жеп, оор иштерден алыс болуу керектелет. Болбосо өнөкөт оорулар козголуп, узакка созулуп кетүүсү мүмкүн.


ИТ

1946, 1958, 1970, 1982, 1994

Жыл токтоо жана тең салмакта болуп, кыраакылыкты көрсөтүүнү, активдүү болууну талап кылат. Эгер кырдаал талап кылса демилгени, жетекчиликти колго алуудан коркпоо кажет.

Жеке жашоосунда. Жакын жана сүйүктүү адамдарга убагында көңүл бурбоо жана камкордук көрбөө мамилелердин салкындашына алып келерин унутпаңыз. Көптөгөн таанышуулар күтүлөт. Бирок жаңы адамдар менен мамиле түзүүдө алардын мүдөөсү каржылык кызыкчылыкта жатпагандыгын билүү кажет.
Жумуш жана акча жаатында. Долбоорлорду, ишкер байланыштарды түзүү иште ийгиликти камсыздап, каржылык абалды чыңай алат. Ал эми өзүн-өзү алдоого баруу иштен жана материалдык байлыктан кол жуудуруусу мүмкүн.
Ден соолугу. Омуртка жана муун ооруларына кезигүү коркунучу күтүлүүдө. Андыктан кара күч менен көп алектенбөө, ачык жерлерде көп иштебөө зарыл.


ДОҢУЗ

1947, 1959, 1971, 1983, 1995

Адамдарга ишене берүүнү азайтуу, чөйрөнү өзгөртүү, түрдүү кырдаалдарга даяр туруу керектелет. Жаңы башталыштар ийгиликтер менен коштолот.

Жеке жашоосунда . Жол көрсөтөр адамдарга жакын болуу зарыл. Анткени жеке мамилелерди алардын кеңеши менен сактап калууга болот. Май жана август айындагы мамилелер бакытка бөлөйт. Жылдын экинчи жарымында сезимдер бийлик кылып, көпчүлүк бойдоктор үй-бүлө курууга ашыгышат.
Жумуш жана акча жаатында. Максатка умтулуу менен жаңы иш орунга ээ болууга мүмкүн. Жылдын экинчи жарымында ишенимдүү өнөктөштөр менен иштебесеңиз, жетишилген ийгиликтерди кармап кала албайсыз. Материалдык абалды жакшыртууга көп мүмкүнчүлүктөр чыгат. Пайдаланып калуу кажет. Кээ бирөөлөр чет өлкөдө иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бирөөлөрдүн азгыруусу менен жеке ишкана ачып жиберүүгө болбой тургандыгын эскертебиз.
Ден соолугу. Жазда, кеч күздө жана кышта дем алуу жолдорунун ооруларына кабылуу мүмкүн. Андыктан оорулардын алдын алып, ден соолугуңузга кам көрө билиңиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Айдош
2010-01-12 23:24:35
Негизи эле ишене бербейм :)!
0
№ 373, 25-31-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан