«МУЗДАТКЫЧ УТУП АЛДЫӉЫЗ...» ТЕЛЕФОН ШЫЛУУНДАРЫНАН САКТАНЫӉЫЗ

Абактагы жарандар коомго зыяны келбегидей шартта, темир тор артында отурат деген ишеничибиз акыркы убактарда кайсы бир деӊгээлде ишке ашпай жаткан өӊдүү. Дегеним, ошол жакта отуруп алып да «виртуалдык» жол менен кылмыш кылгандар бар. Төмөндөгү айрым фактылардан кийин сиз дагы өзүӊүзгө сак болуп каласыз деген ойдобуз.

«ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИМИН ДЕП АКЧА СУРАГАН»
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Талгат Өскөналиев бир нече фактыларды мисал келтирип, «телефон аркылуу шылуундук кылгандардын көпчүлүгү темир тор артында отургандар» деп белгилейт.
– Азыр «сиз тигил же бул компания уюштурган утуштун же акциянын жеӊүүчүсү болуп табылдыӊыз», «сиз сыналгы, автоунаа же муздаткыч утуп алдыӊыз» деген телефондук чалуулар актуалдуулугун жоготкон. Шылуундар аларды «сиздин жакын тууганыӊыз кырсыкка кабылды», «мен мындай мамлекеттик кызматтан чалып жатам» же «сизге посылка келди, төмөндөгү номерге акча которсоӊуз» деген сыяктуу чалууларга алмаштырышкан. Мындай маалыматты жеткирип, абонентти ишендирип алган соӊ «тигил же бул номерге мынча суммадагы бирдик жүктөӊүз» дей баштайт.
Мурда шылуундар абоненттердин номерлерин туш келди терип чалып жатып, «курмандыгын» тапса, азыр белгилүү бир кызматта иштеген адамдардын номерлерин таап алып, аларга жетекчилик тарабынан чалып жаткан киши болуп акча каражаттарын котортушат. Мындан 2 ай мурун кайсы бир мамлекеттик кызматкерге Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атынан чалып, ар кайсы эсепке акча котортуп, ал тургай телефондорго бирдик жүктөтүп, болжол менен жалпы 25-30 миӊ сомдун тегерегиндеги чыгымга дуушар кылган. Учурда бул алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

«ТЕЛЕФОНДОРДУ ДУБАЛДАН АШЫРЫП ЫРГЫТЫП ЖИБЕРИШЕТ»
– Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өндүрүшүндө катталган бул багыттагы кылмыш иштеринин саны 2014-жылда эле 20га жеткен. Мындай көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн өлкөдөгү абактардын аймагында мобилдик байланышты солгунга учуратуучу жабдыктарды орнотуу маселесин көтөрүп чыкканбыз. Бирок ал үчүн абак жайгашкан аймактагы жергиликтүү калктын да макулдугу керек экен. Себеби байланыш сапаты начар аймакта жашоо алар үчүн да ыӊгайсыз. Экинчиден, биздин мыйзамдар өтө гумандуу болгондуктан, абактагы жарандардын укуктарын коргой турган уюмдар да бул маселеге кийлигишип, өз таасирлерин тийгизүүдө. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен биргеликте абактарга рейд жүргүзүп, уюлдук телефондорду алып коюу жолун да жасап көрдүк. Бирок бул нерсе адамдык фактор болгондон кийин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандардын туугандары телефон алып кирип берүүнүн ар түрдүү жолдорун табышууда. Мисалы, жолугушууда саатты болжошуп алып, дубал аркылуу телефон ыргытып же ЖАМК кызматкерлери аркылуу алып киргизип кеткен фактылар бар.
Азыр абактардагы адамдарды өз ичине камтыган туруктуу уюшулган кылмыштуу топтор жалаӊ ушундай жагымсыз жагдайларга абоненттерди туш кылууда. Ал топтун ичинде түрмөдөгүлөр менен катар алардын тууган-туушкандары, аялдары же сүйлөшкөн кыздары, ал тургай ЖАМК кызматкерлери да бар.

«ТҮРМӨГӨ СОЙКУЛАР КИРГЕН ФАКТЫЛАР КЕЗДЕШЕТ»
– Азыр телефондун жардамы менен ар бир жарандын колунда интернет кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Интернет аркылуу темир тор артындагы жарандар жаш кыздар менен таанышып, аларды алдап, бирдик салдырып, ал тургай ич кийимдеринен бери алдырышат экен. Кылмыш жазасын өтөп отурган жарандар тузагына түшкөн кыздарды телефон аркылуу бал тилге салып, өздөрүнө көндүрүп алышат. Алданган жаш кыздардын алды абакка барып алар менен жолугуп, үйлөнүүгө чейин жетсе, айрымдары көлөмдүү материалдык чыгымдарга дуушар болгон фактылар да кездешет.
Учурда укук коргоо кызматкерлерине «жигитим абактан чыгып келип, кайра мени опузалап коркутуп, өмүрүмө коркунуч келтирип жатат» деген арыздар көп келип түшөт. Булардын көбү ошол «жигиттер» менен абакта отурганда эле таанышып, кийим-кече киргизип, акча каражаттарын берип тургандар. Мындан сырткары сойкулар да телефон аркылуу абактагылар менен таанышып, аларга кызмат көрсөтүүгө барышат. Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен бир эле сексуалдык кызмат көрсөткөн кыз 5-6 абакты кыдырып кызмат көрсөткөн учурлар кездешкен.

АКЧАЛАР КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН АБАКТАГЫЛАРДЫН КОЛУНА ТИЕТ?
– Азыр банктарда жана мобилдик кызматтарда «мобилдик капчык» деген кызмат өнүгө баштады. Мисалы, сиз телефон номериӊизди же белгилүү бир келишим менен түзүлгөн кодду, паспортуӊузду кайсы бир банкка каттатып коёсуз. Эми сиздин телефонуӊузга бирдик катары түшкөн каражат бар дейли. Ошол каражатты нак акча кылып алыш үчүн банкка телефон номериӊизди айтып, паспортуӊузду көрсөтүп туруп акчага айлантып алсаӊыз болот. Абактагы адамдар бул кызматты сыртта жүргөн дос-туугандарынын жардамы менен ишке ашырышат. Кааласа үй-бүлөсүнө которуп коёт, каалабаса акчалай алып кирдиртип, жогорудагыдай сексуалдык кызматтарга колдонушуп, айтор, текейдей арзан жолдор менен акча табышууда.
Мына ушундай окурман. Бардык мобилдик кызматтар, укук коргоо кызматтары, мамлекеттик башка кызматтар, массалык маалымат каражаттары өлкөнүн бардык жарандарына чоочун адамдар менен сүйлөшүүдө этият болуп, маалыматтарды тактабай туруп ишенүү керек эместигин байма-бай эскертип, көп эле коӊгуроо кагып келет. Сиз да чалуулардын чын-төгүнүн аныктап, ар бир шектүү чалуулардын өтөөсүнө чыгып, анан иш кылыӊыз демекчибиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Телефон шылуундарынан сактаныңыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Gulya.akbaralieva
2015-06-01 11:22:16
Тан калычтуу эмес. Европанын кинолорун туурап баарына барып жатышат
0
pompowa
2015-06-01 12:03:57
Бирде группалашыма чалып сиз Азия Универсал Банктан 1 5000 акча утуп алдыныз паспорт данныйларын сурап, анан 700сом бирдик жуктоп кой ушул номерге дейт. Мага бердиле андай банк жок жабылганго десем чалбай калган
0
Decmond
2015-06-01 12:04:47
Билип коюуу керек
0
Саби
2015-06-01 12:57:29
Алар ушунчалык жакшы дикция,чеберчилик менен суйлошот.Мындай абалда калган кишиге кантип эле бирдик жуктоп койдун? ошентип айтса деп кыйын болуп калабыз.Бирок алар адамды ишендирууго талантуу.Бир эженин кызын катуу, эртерээк ооруканага жеткириш керек,жолдо алып келе жатабыз томожнядан откорбой,акча талап кылып жатат.Батыраак бирдик сала койгула дейт эже кочоодо келе жаткандыктан бирдик салып давлениясы которулуп,ошол жактан суйлоого алы келбей жыгылган экен.Эженин балдары карындашына чалса жапжакшынакай эле Россияда иштеп жургон экен.
0
Dashi
2015-06-01 14:05:27
Мен эки жолу алдандым . Ишендирип коюшат экен .
+1
SherhaN
2015-06-01 14:26:13
абактын ичине "блокиратор сотовой связи и радиосвязи" деген аппарат бар ошону орнотуп коюш керек ошондо кутулат, эч кандай телефон, датчик, скрытый камерага окшогон нерселер иштебей калат
+1
lale82
2015-06-01 17:31:37
магада эки жолубу чалган мен ишенбей койгом.белек утуп алдыныз деп озун ала бер мага кереги жок деп койгом.озумда анча мынчага ишенбеген адаммын кулкулуу эле болгон.
0
Aksy-13
2015-06-02 12:44:17
сойкунун кызмат кылганына кантип жол беришет ал жакта эркин корушпойтго кузотчулор карап турса ошондой ишти катип кылат тушунбодум
+1
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан