Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошол кезде Кокондун өзүнөн чыкчу насталик деген саргыч кагазды оймо-чиймелүү сыр тактага жайдырды да, Исхак бир аз ойлонуп, үӊүлүп турду да, куш канат калам менен насталиктин бир четине үч тегерек чийди, андан соӊ жаа сызды да, жебесине окшотуп ортосуна бир сызык түшүрдү. Ал тизилип карап тургандарды алдыртан тиктеди. Бири чикирейип, бири бүшүркөп, анын эмне кылып жатканын эч кимиси али түшүнбөдү.
Исхак насталик кагаздын тиги четине чоӊ тегеретип сызып, ичин чиймелеп карартты да:
– Көрдүӊөрбү?..- деп сурады акырын.
Тургандар:
– А, таксыр... Көрүп туруппуз...- деп дуу эте калышты. Жалгыз Абдымомун бек ооз кыбыраткан жок. «Йе, Кудай, өзүӊ сакта!.. Жандуунун да, жансыздын да сүрөтүн түшүрүү чоӊ күнөө эмес беле?.. Калам-и-Шарифден кабары бар мусулман ушу будпарастын ишин кылганы кандай, о бир Кудай?!» деп оюна коркунуч кирди.
– Мына бул бүркүт!- деди Исхак калам менен сая көрсөтүп. Абдымомун бек селт этип жакасын кармана берди. Исхак аны алдыртан байкап, бир кыя тиктеди да, сөзүн улады:
– Окшошобу бүркүт?! А мына булар...- ал үч тегерек чийинди сайды. – Бүркүттүн түнөк кылган бийик аскалары! Тиги...- насталиктин бир четиндеги чоӊ тегеректи сайды. – Бул чоӊ уя! Уяны каргалар ээлеп алышкан. Мына, бала бүркүт жетилип, ала барчын болуп, эми каргаларды кууп чыгышы үчүн учуп чыкты...
Күлүп калышты. Өкүмдар тамаша кылып жатат деп ойлошту. Исхак күлгөн жок. Заматта бир да бирөөнүн ууртунда күлкү калбай, кайра баары мыдыр этпей калышты.
Исхак жай сүйлөй баштады:
– Эӊ оболу бүркүттүн өз түнөгү бекем болсун. Намангенге 5 миӊ, Өзгөнгө 3 миӊ, Ошко 5 миӊ кол кара келтектин эсебинен бөлүнүп өрүш алсын! Ал Шаамырза датка менен Ярмат датканы карады.
– Сиздер, урматтуу даткалар, бириӊ эл беги, бириӊ аскер башы, тандалма аскерден 5 миӊ, кара келтектен 15 миӊ кошуун алып, мына ушул баарыбызга ыйык, баарыбызга кымбат Анжиян шаарын сактоого калгыла.
Даткалар таазим кылышты. Исхак:
– Бүркүттүн оӊ канаты тандалма 5 миӊ, Уали, сиз башчы. Сол канаты 5 миӊ, Бекназар баатыр, сиз башчы. Куш канаты менен учат, куйругу менен конот. Жардамчы кубат болуп, өз жигиттериӊиз канча болсо ошонун баарына, Абдымомун бек ага, сиз башчы. Абдырахман бек ага, ушул кошуунга ыктайсыз. Тумшугу тандалма 5 миӊ сыпай, 5 миӊ кара келтек, буга Абдылла бек, сиз башчы.
Абдылла бек макул болду. Исхак:
– Эми бүркүттүн чеӊгели калды. Чеӊгели тандалма миӊ сыпай, 150 замбирек! Жер тар дебеӊ, Абдылла баатыр, сизден бир аз артта чеӊгелди башкарып биз бололу. Буга макулсуӊарбы?
– Куп, жакшы!- дешип дуулдап жиберишти.
Исхак насталик кагазды дагы бир үӊүлүп алып сөзүн улады:
– Оӊ канат дайра болуп Балыкчы аркылуу Маргалаӊдын этегинен өтүп, андан ары түз Коконго бет алат. Сол канат Кувасай аркылуу Маргалаӊдын үстүнөн имерилип, андан ары түз Коконго бет алат. Коконго жеткенде эки канат биригип Коконду курчап, камоол баштайт.
– Оо, эч ким калбаган экен! Баары карышталган экен!- дешип мактоого сөз таппай калышты. Исхак:
– Эки канаттын, тумшуктун, куйруктун, чеӊгелдин байланышы тынымсыз болсун. Эки жактап, үч жактап жүргүзүлсүн. Менин буйругум өз чабарманым аркылуу. Буйрук
жетери менен аткарылсын!
Баятан бери эки көзү чекчейип, баарын байкап, баарын ичтен салмактап отурган Абдырахман «Э, бу мынча акылды кайдан үйрөнүп алган?!» деп, ичинен астейдил таӊ калып отурду.
Исхак уруш кеӊешине катышып отургандарды бир тегеренип тиктеп, сабыркап ойлуу тартып:
– Эми, жоролорум...- деп токтолду, кайра бир сыйра тиктеп, маани айтты. – Каргалар каркылдап жатышат. Уу тиштеп жүргөндөрү да жок эмес. Бирак канчалык үнү катуу чыкканы менен, канчалык жамандыкты камдап жатышканы менен алардын алы чак. Каргаларды канатынын алдына калкалап, алдынан сыз өткүзбөй, үстүнөн буурчак
тийгизбей асырап турган башка тоодон учуп келген темир тумшук алп кара куш бар...
– Жарымпаша!- деп жиберди кимдир бирөө. Исхак сүйлөй берди:
– Мына ошол темир тумшук алп кара кушка бет келүүдөн этият болуу зарыл, карааны көрүнгөндө кайгып-кайгып өтүү зарыл колдон келсе...
Эшиктен эч ким алдын тоспой турган өзүнүн атайын чабарманы шашып кирип келди. Исхак башын көтөрүп элтейип, кабар жаман экенин чабармандын түрүнөн дароо сезип, эми аны уккандан коркконсуп, күтүп, оозун жарым ачкан бойдон, чабармандан көзүн алалбай селтейди. Фон Кауфманга жиберилген элчини коштоп кеткен эле. Баары таанып, баары нестейди.
– Аллаяр!- деди чабарман аптыгып. – Жарымпаша элчини кармап калды.
Исхак ийинин кага улутунуп эсин жыйды. Кумсарган чаар иреӊине кан толкуп, атүгүл жүзү күлө багып, тобокелге баш байлаган эрдин кашкөй кейпине өттү:
– Эчтеме эмес. Иш бүттү деген сөз эмес. Мына ушул катуу кабарды угуп туруп эле ачууну акылга бастырып, биз ал темир тумшук алп кара куштун алдынан чыкпоого, буйтап, кайгып өтүүгө аракет кылуубуз зарыл. Чоӊ уяны каргалардан тартып алган соӊ каргалар уя ээси деген укуктан ажырайт, ал укук бизге өткөн соӊ темир тумшук жырткыч куш биз менен алака түзүүгө мажбур болот! Биз мына ушуну эстен чыгарбообуз керек, мына ушуну көздөшүбүз ылазым...
Жыра тарткан, кошумча айтышка батынган киши болбоду. «Туура сөзгө, туура ишке сын жок...» деген ой үстөмдүк кылды баарына.
Төшөлгөн килемдей түрлөнүп жайылып кеӊ Фаргана мелмилдейт. Кол менен жасап койгондой ар кай жерде топудай-топудай сары дөбө. Саз бойлоп, суу бойлоп тилкеленип, бир жайык менен бир жайыктын ортосуна көшөгө болуп, дүӊгүрөп калыӊ өскөн камыш. Малга, жанга жайлуу ылымта, буйга жерлер, топ-топ кыштак алыстан
дарыга күдүрөйөт. Ошол мезгил ак төөнүн карды жарылып, ырыскы жерде чачылып жаткан мезгил эле. Эч адам көрүнбөйт. Файзабад кыштагы да аӊгырап бош калган.

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан