ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ТЕМИРЖАН, КАБАРЛАШ?»
– 1970-жылы Фрунзедеги Финансы экономика техникумун бүтүргөн Темиржан Байгазаковду издейм. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылынан болчу.

Тайпалашы
Көчөрбай Жийдебаев.
Тел.: 0779 45 91 19

«АПА, КАЙДАСЫЗ?»
– Апабыз Батыш Ырысалиеваны издейбиз. Ал 1959-жылы Нарын облусунда туулган. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер аймагынын Фрунзе көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Психикалык жактан оорулуу болчу. Аны көрүп-билгендер же тааныгандар болсо кайрылып коюшуӊуздарды өтүнөбүз.

Уулу Айбек Усеинов.
Тел.: 0551 59 89 80

«КАЛЫЙ ДОСУБУЗДУ ИЗДЕЙБИЗ»
– 1968-72-жылдары Фрунзедеги Политехникалык институтта чогуу окуган досубуз Калыбайды издейбиз. Баарыбыз аны Калый деп койчубуз. Ал Ленин районунун (Жалал-Абад облусу) Кызыл-Жар айылынан болсо керек эле. Туулган айылы жана фамилиясы эсибизде жок. Калый, эгер окуп калсаӊ бизге байланыш.

Бакыт жана Капар.
Тел.: 0705 20 07 54

«ЧОГУУ ЖАШАГАН ГҮЛИНАНЫ ИЗДЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жамааты?! Мен Гүлина аттуу курбу кызымды көптөн бери издеп жүрөм. Экөөбүз 2005-жылы Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 аймагында батирде чогуу жашаганбыз. Өзүн Нила деп тааныштырчу. Токмокто төрөлүп өсүп, кийин ата-энеси менен Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылына көчүп кетишкен. Акыркы жолу «VEFA» соода борборунда иштеп жатканында жолукканбыз. Мен билген маалыматтардан атасы кайтыш болуп калган. Назгүл, Лунара деген эжелери бар эле. Гүлина, эгер окуп кал­саӊ байланыш, бул мен Талас­тан Захида эжеӊ. Азыр Түр­кия­дамын.

Тел.: 00905319175887
E-mail:
zamu-za@mail.ru

«ТУНУК, МЕНИ ЭСТЕЙСИӉБИ?»
– 2010-2011-жылдары Москва шаарына келгенде 1989-жылы туулган Тунук деген кыз менен таанышкам. Ал экөөбүз тигүү цехинде сумка тигип иштечүбүз. Чүй облусунун Сокулук районунан болчу. Кийин депортация болуп Кыргызстанга кеткен. Азыр анын дайынын билгим келет. Тунук, эгер мени эстесеӊ, окуп калсаӊ байланыш.

Курбуӊ Аня.
Тел.: 89663516472

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­­тү­лүү­гө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28

ТАПТЫМ СЕНИ
«АСКЕР БАЙКЕ МЕНЕН ЖЫПАР ЭЖЕНИ ТАПТЫМ»
– Ырыскелди деген досумдун ата-энеси Аскер байке менен Жыпар эжени издеп «Супер-Инфого» кат жөнөткөм. Аз өтпөй гезиттин 652-санына жарыяланды. Андан кийин издеген адамдарым табылып, байланыштык. Ырыскелди досум каза тапкандыгына байланыштуу мүрзөсүнө барып, Куран окуп койсом деген максатым бар болчу. Сиздерге тереӊ ыраазычылык билдирем. Ар дайым элдин кызматына жарап жүрө бериӊиздер. Жалпы жамаатка чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык каалайм.

Москва шаарынан
Элиза Абдибалиева,
lizaaa9292@mail.ru

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Decmond
2015-06-01 12:05:44
Каныкей дегкн кызды издеп кат жаздым эле дале жок (((((
0
akus
2015-06-02 00:00:35
Кантип жонотсом болот апам курбу кызын издеп журот эле жардам берип табышып койгум келди .
0
admin_superstan
2015-06-02 10:23:25
akus, саламатсызбы!
Макалада "Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­­тү­лүү­гө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28" деп жазылып турат ))
0
kaltunlu
2015-06-02 01:20:11
super ınfo jamaatı sızderge rahmat gulınanı taptım
zahıda
0
Gulnaz.GS
2015-06-02 23:05:55
Атын да билбеген адамды тапса болобу.таласка чогуу барганбыз маршрутта
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан