АЛА КАЧЫП ҮЙЛӨНБӨГҮЛӨЧҮ, ЖИГИТТЕР!

Караӊгы түн. Жалгыздык жанга батты. Күндүз го бир нерселерге алак­сый­сыӊ. Түн ичинде ойлор кубалашып, биринин артынан бири куюлуп токтобойт. Токтотконго кудурет да жетпейт. Тамчылар кубалашып тереземди чертти. Тамчыдай сезим сен деп баракка тамды.
Тамчы жаш... Тамчы сезим... Анан дайрадай сагыныч... Сагындым сени. Оттуу көздөрүӊдү сагындым. Жиндидей болгон кыял-жоругуӊду сагындым. Окшош күндөрдөн, жумуштагы кыжы-кужудан тажадым, эӊ башкысы, сенсиз жашоодон тажадым. Күчтүү колдоруӊ кайда жетелесе ошо жакка жетеленип, экөөбүздүн тагдырга бет алгым келет. Билем, ал жол сүйүү гана эмес, таманыбызды жооруткан таштак жол болот. А балким, биз күтпөгөн ой-чуӊкуру, бурулуштары бар чыгар. Мен баарына даярмын. Сен гана келсеӊ болду... Батыраак келчи... Суранам сенден...

ххх

Ала качып кетишти. Сенин апаӊ салчу жоолукту башка аял салды. Сага арнайм деп жүргөн аруу денемди бөлөк адам каалаганындай уйпалады. Жүрөгүмө жат, таптакыр бөлөк адам... Сезимим сенек болуп, денем музга айланып катып калды. Бирок көөдөнүмдөгү муштумдай жүрөк гана булкунуп, өзүнүкүн издеп, өзүнүкүн талап кылып жаналекетке түшүп жатты. Кызык, ал мен жөнүндө укту бекен? Укса кандай абалда калды экен? Ыйлагандыр, ээ? Өксүп экөөбүздү ажыраткан тагдырга наалат айткандыр. Анан соолугуп мени унутууга бел байлагандыр...
А менчи? Мен унута алар бекем... Байкушум ай, эмне кылайын, экөө­бүз­дүн ыйык тилегибиз, бийик максаттарыбыз алардын таман алдында тебеленип калбадыбы...

ххх

Канчалык ойлонсом да кү­йөөм­дүн ойлорун түшүнө албадым. Ушунчалык караӊ­гы­лык­тын айынан же сезимдин сенекти­ги­ненби? «Элдей болуп эле көнүп кетет, минтип ала качып үйлөнгөндөр толтура да, сүйүп эле жашап ке­тет» деп ойлоду. Мен шорума кө­рү­нүп анте албадым, кө­зүм­дүн кареги менен теӊ айланып турса да көкүрөгүмдү мыжыккан ыза коё бербей койду. Сүйгөнүмө эмес, башка адамдын аялы болуп калганыма баш ийгим келбеди. Жылмайып жылуу сүйлөй албадым, күйөө эмес, бейтааныш адамдай да жылуулук бере албадым. Ошондон улам ал байкуш да өзүнөн өзү чүнчүп, басынып кыйналды. Эми алды жагыбыз туӊгуюк, алдыга бирге басалы десек болчудай эмес, артка кайтканга намыс жол бербейт.

ххх

Көрдүм сүйүктүүмдү. Арыктап, жүдөп калган экен. Жүрөгүм тыз дей түштү. Эч нерсе деп сүйлөй албай туруп калдык. Бет алдымдан чыкканынан басып кете албай туруп калдым. Сагынганымды, сүйөрүмдү айтып, ааламды жаӊырта бакырып алгым келди. Анте албадым. Көөдөндөн туулбай жатып өлүп калган сөздөрдү көзүм айтып жатты. Сен да менден бир нерсени күткөндөй болдуӊ. Бирок акым бар беле ошо сөздөрдү айтканга? Араӊ баш ийкеше аргасыз ажыраштык. Сенден алыстап бара жаттым. Бүттү! Бир аз бүлбүлдөп кү­йүп жаткан үмүт оту жалп өчтү. Сен жашап жаткан кооз дүйнөм бүлүндү. Дилимде дилгир каккан сен жөнүндөгү жомогум бүттү. Бирок дагы деле көӊүл түтпөй сен жакты карап кылчактап жаттым. Адатыӊча аркамдан келип кучактап, көз жашымды сүртөбү дедим окшойт. «Баарын башынан баштайлы, мен баары бир сенсиз жашай албайм» деп айтышыӊды күттүм. Бирок сен ордуӊдан жылган жоксуӊ. Өзүӊдү кандай күч менен кармап турганыӊды сездим. Рахмат сага, сен артымдан келгениӊде баш тарта албайт элем, ал үчүн ичимдеги наристени да курмандыкка чалат белем. Мени коё бергениӊ менен бир адамды сактап калганыӊды билдиӊ бекен?
Бул тагдырга ким кү­нөөлүү, менби же сенби? Жок, буга биздин жапайы салт күнөөлүү, ошон­дуктан эч качан ала качып үйлөнбөгүлөчү, жигиттер!

Асел
Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
jetinur90
2015-06-03 17:42:27
Кимдиндир башынан откон окуя,кимгедир кызыктуу чыгармадыр...
+1
Ayka1994
2015-06-03 17:48:04
Кудайга шугур азыр Ала качууга каршы мыйзам чыгарылып кыздарыбыз эркин журуп калды.Бирок дагын деле арабызда кездешет окшойтгоо.Динибизде кыз ыраазы болмоюнча нике кабыл болбойт дешет никелеп атканда да кээде кыздын ордуна женелери же болбосо башкасы жооп берипкойсо ал нике жооп берип койгон кишиге байланып калат дейилген. Турмушунарга балта чапкынар келбесе озунор каалабаган инсан менен жашоодон убагында баш тарканынар он Кыздар ала качып барганда кемпир жатып алса аттап кете бергиле коркпостон
+1
Ayka1994
2015-06-03 17:53:10
Эшиктин астына жатып алган кемпирдин созунон коркуп оз омурунорду супсак откорбогуло. Ал кемпирди аттап кетуудон да коркпогула бул динде айтылган андан кийин бактысыз болуп калат деген жон гана кызды коркутуучу куру соз силер ал кемпирге эмес Аллахка ишенгиле андан бактылуу болууну тилесек ал ар бирибизди бактылуу кылуучу. Негизи суйуп суйушуп турмуш курганга не жетсин. Ошол алып качып уйлонгондор кийин балдарына "Мен апанарды булкуп жулкуп мал уурдагандай уурдап келгем " деп айталаар бекен
+3
jypar.i
2015-06-03 21:47:02
Ayka1994, туура айтысың. Өзү деле кыздуу болсо, ал кыз бойго жеткенде бирөө чыркыратып сүйрөп алып кетсе кандай болот эле. Бул жапайычылык, эч качан салт болгон эмес
+1
jypar.i
2015-06-03 21:55:15
Мен да ушундай окуяга күбө болгом. 90-жылдардын аягында эже-сиңди үч кыз менен таанышып калдым. Ошолордун ортончусун макулдугу жок алып кетишкен экен, ал кыздын сүйлөшүп жүргөн жигити бар экен. Кийин бир балалуу болгон кезде,ошол жигитине жолугуп калган экен, "экөөбүз тең аябай ыйладык" деген эле. Алган күйөөсү жакшы жердин баласы, билимдүү, келишимдүү бала болч, бирок орусча "сердцу не прикажешь",деген сыңары күйөөсүнө кээде жини келсе,кээде таптакыр кайдигер эле. Азыр кайда болду эк
0
Feride-1991
2015-06-04 06:25:52
ала качса ал аны жакшы корбосо эмнеге калат? тушунбойм анан минтип башка адамдын келинчеги болуп туруп экинчисин ойлоп журсо кантет бул.
0
jypar.i
2015-06-14 18:56:50
Feride-1991,бирөөгө антип айтуу оңой юолгону менен, жашоодо бир топ эле кыйын болсо керек. Кээ бирөөнү эне-атасы "отуруп кал, бизди уят кылбай",дейт, же дагы бир шарттар түрткү болот. Ошондуктан, биз ал бактысыз кыздарды сынабай эле койсок
0
jon.as
2015-06-04 09:36:59
Адам баласы башынан отмойунчо билбейт экен. Кудай арбир пенденин пешенесине ар турду бакыт жазат экен. Мени жолдошум алакачып эле кеткен, жашообуз болбойтко деп ойлочумун 1 жыл коналбай журдум кыйналып. Жолдошум козумду карап журуп кондуруп алды озуно. Азыр жолдошум жок жашоону элестете албайм. Кудайга шугур балдарыбыз бар жашап жатабыз. Классташ кыздарым бар суйушуп уйлонгон кебироо жашап деле кете алышкан жок. Ар адамдын багынан болот адам баласы баарына конот.
+2
kulik
2015-06-04 11:43:28
койгулачы ой талаша бербей, суймоктон олуп-тирилип жеткенде деле турмуш корсотуп коет кандай болоруун андан кийинки жашоосу, курсагын ток, акчан болсо суйуу болот да, ачка, эчтекен жок жудоп журсон кором сени суйом сени суйом деп аркандан ээрчип жалдырап жургонун. мээнди жеп кана акча тап акча бол деп олтурмак
0
Altynbekk5
2015-06-04 12:14:32
KG Жигиттер.
Алагачып алагачып.
Анараны алыш керек.
Баса калып баса калып.
Машинага салыш керек.
Женелерим жарышып.
Жоолуктарын салышып.
Башын тартып салдырбай.
Журогу от каны ысып.
Дос балдары шок болот.
Кетип калса жок болот.
Анда бала ох болот.
Кыргызымдын жигиттери.

Дуркуротуп дуркуротуп.
Куда жактан кууп келет.
Дунгуротуп дунгуротуп.
Шумкар сындуу уруп келет.
Тосуп чыгат аталар.
Койгула деп апалар.
Ал анткени алардын.
Баласында ката бар.
Женелерин тоготпой.
Кошогого жолотпой.
Акыл эсин камчылап.
Алып кетем деп талпынат.
Суранышат жалпылап.
Кыргызымдын жигиттери.

Учту мына, учту мына.
Кашка тишпи, же азуубу.
Сокту мына, сокту мына.
Куда боксёр сыяктуубу.
Кармап алды жакадан.
Калпак ыргып атадан.
Ана тепти, тепти, тепти.
Кызын алып кетти кетти.
Кошунага кеп болот.
Туугандарга жек болот.
Кызыл гулун соолбосун.
Кыдыр болуп жолдошун.
Кыраан Манас колдосун.
КG ЖИГИТТЕРИ.
Автор: Эгембердиев Алтынбек.
0
selfish
2015-06-04 14:24:33
Ала качып уйлонгон эркек, эркек эмес!
0
stal.ks
2015-06-04 17:14:36
Ала качуну башкача тушунуп алабыз, мисалы кебирде ушундай шарт болуп кыз озу макулдугун берип алып кет дейт себеби той кылып алганы болбой калышы мумкун, эко бактылуу болсо той кийин деле боло беретда. Илгери ала качып дейсинер себеби ал убакта шарт ошондой болуп калганда.
+3
GORDIY.KG
2015-06-05 15:17:29
башка тушконду коз корот
0
Makentay
2015-06-06 23:43:32
Сага жаккан кызды эмес, сени жактырган кызды ала качкыла. Вот ошондо сонун болот.
+1
rasul-kg
2015-06-07 02:37:55
Танып билип журуп бири бирин жакшы коруп анан алып качат бизде
0
Meka77
2015-06-28 12:38:18
Бири-бирине конул коюп,анан ата-энеси бербейм деп когоруп олтуруп алса кыз жигиттин айласы калбай калып качып кетишсе бул АЛА КАЧУУ эмес ЭКОО БИРГЕЛЕШИП КАЧУУ деп аталат.Азыр оооо буба жуталар деле ала качып уйлонушкон деген созду жамынып канча-канча айдай кыздардын бактысын,омурун кыйып жатасынар.АЛА КАЧУУ чыныгы эркекмин деген адамдын иши эмес озуно ишенбеген адамдын иши.Озуно ишенген адам эч убакта мындай мыкаачылыкка барбайт.
0
Orozali.Ak-Aryk
2015-11-04 00:03:27
билеринерби, анда кыздын жигити кандай абалда калат?
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан