Мешке же очокко жагылган жыгач отундун күлү огород үчүн пайдалуу. Анткени анын курамындагы кальций, фосфор, магний, кремний, күкүрт, бор, марганец жана башка заттар жыгач күйгөндөн соӊ күлгө өтөт. Аталган заттар өсүмдүктөрдүн өсүүсү үчүн азык болуп берет. Болгону таштандылар аралашпаган таза күлдү колдонуу кажет. Күл ошондой эле кышкыга деп сакталган жер төлөдөгү жашылчаларды чирип кетүүдөн сактайт.
Мөмө-жемиш дарактарына, жашылчалардын көчөтүнө. Көп жылдан бери өсүп турган чоӊ дарактардын ар биринин түбүнө жазгысын 1 килограммдан таштоо зарыл.
Көчөттөрдү отургузууда ар бир түпкө электен эленген күлдөн 1 аш кашыктан салуу талапка ылайык. Бул топурактагы оору чакыруучу микроорганизмдердин көбөйүп кетүүсүн алдын алат жана жаш көчөткө азык болот.
Картошкага. Картошканы отургузардан мурун ар бир чуӊкурга 4 аш кашыктан, ал эми түбүн чаап жумшартуу учурунда ар бир түбүнө 2 аш кашыктан таштоо кажет.
Жер төлөдөгү жашылчалар чирип кетпеши үчүн. Жер төлөнүн бурчтарына кышкысын сакталсын деп салынган картошка, түрп, сабиздер чирип кетпеши үчүн күл себилет.
Үлүлдөрдү качыруу үчүн. Эгер огородуӊузга тигилген болгар калемпирин, помидорду жана башкаларды үлүлдөр жеп башташса, анда жөөккө жана жөөктөрдүн тегерегине күлдү себелеӊиз.
Мөмө дарактарды жана жашылчаларды зыяндуу курт-кумурскалардан сактоодо. 300 грамм күлдү элеп алып, аны 3 литр сууга кошуп 30 мүнөт жай отто
кайнатуу керек. Кайнагандан кийинки калган аралашманы сүзүп, 10 литр суу жана алдын ала эзилген 1 самынды кошуп, кечкисин дарактарга, жашылчаларга чачуу сунушталат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg